Түп районунун Сары Тологой айылында 8-ноябрь күнү Калыс Эгембердиев атындагы мектеп ишке берилди. Бул мектеп 2015-жылы мамлекет тарабынан каржыланып, салына баштаган. Жаңы мектепке кирген окуучулардын кубанычына чек жок.
Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылындагы бала бакчанын абалы начар жана балдардын ойноосуна бөлмөлөр жетишсиз. Учурда бала бакчага 106 бала катталган болсо, күнүнө 97-98 бала келип тарбия алышат.
Мугалим бул ата-энеден кийинки тарбячы. Аларга баш ийип таазим кылсак да аздык кылат. «А» деп тамга тааныткан , турмуш деген чоӊ ааламдын алгачкы тепкичтеринде жетелеген бул асылдардын эмгеги кѳп …
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасында оңдоо иштери жүрүүдө. Мурунку кабарларыбызда билдиргендей, бала бакча жылуулук системасы жок болгондугуна байланыштуу, кышкысын иш алып барчу эмес.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 2-класстын уюштуруусундагы “Адептүүлүк — адам көркү” деген темада ачык сабак өтүлдү. Бул ачык сабакта балдарды адептүү болууга үйрөтүү жөнүндө сөз болду.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде 1-класстар Ак-Тилек уюмунун “Сейтек» баскычынын мүчөсү катары кабыл алынды. Алар өз анттарын берүү менен бул уюмга мүчө болуп калышты.
Суусамыр айылындагы жетим-жесир, кары-картаңдарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө тамак-аш жана көмүр түрүндө жардам көрсөтүлдү.
Түп районунун Токтоян айылында 70-80 сантиметрдей кар түшү. Бул кардын калың түшүшүнө байланыштуу окуучулардын мектепке баруусу бир кыйла кыйындады.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин жалпы жылуулук системасы жаңыртылып жатат. Буга чейин мектептин жылуулук системасы кышкы суукта үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктарды туудуруп келген.
Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Аталган майрамга 1-класстан 7-класска чейин окуучулар катышышты.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган 6-класстын окуучусу Азим Эркинбек уулу грек-рим күрөшү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келүүдө. Ал бир нече жолу райондун, облустун чемпиону болгон жана …
Салттагыдай эле кыш мезгили жакындаган сайын өткөрүлүүчү жолбун иттерди аттыруу иштери жүрүп жатат.
Большинство родителей не привлекают своих детей к вопросам планирования семейного бюджета и не обсуждают с ними вопросы, связанные с деньгами, экономикой и финансами. Поэтому знания детей и подростков в сфере …
Адистердин айтымында, балдар кичине чагынан баштап, акча деген эмне жана ал акча кандай жол менен табылып, кандай сарпталышы керектигин үйрөнүшү керек. Бул алардын келечегине карай салынган жол деп айтышат.
Бакай-Ата айылындагы уюштурулган «Күнөскана» долбоору жаңы окуу жылынын башталышы менен ишке берилди. Аянты 240 чарчы метр болгон күнөсканага жалпы 1 миллион 137 миң сомдон ашык акча каражаты сарпталган.
Учурда ич өткөк оорусу — жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын бири. Бул оору боюнча Баетов айылынын райондук ооруканасынын терапия бөлүмүнүн балдар дарыгери Жыргал Алашова менен маек курдук.
Токтогул районунун Чоң Арык айылындагы Коргол мектебинин ашканасына жаңы кол жуугучтар коюлуп, суу жылыткыч орнотулду.
Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде мугалимдердин күнүнө карата 5-Б классы тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Окуучулар өз колдору менен жасаган белектерин мугалимдерге тартуулашты.
Терек-Суу айылынын ар кайсы жеринде таштанды ыргытылып тазалык сакталбай жатат. Бул болсо тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Таштандыдан кантип арылуу керек деген суроого жооп издеп кѳрдүк.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде информатика мугалими Нургүл Макелеева жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучуларга менталдык математика боюнча атайын курс ачып окута баштады.