Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас орто мектебинде 3-класстан 9-класска чейинки окуучуларга жардыргыч заттарды колдонбоону эскертүү максатында жыйын өткөрүлдү. Жыйында мектептин директору жана соцпедагогу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары «Жаңы жылдык майрамды» өткөрүштү. Ага окуучулардын ата-энелери, мугалимдер жана жогорку класстын окуучулары күбө болушту.
Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары мектепте салынган күнөсканада өстүрүлгөн жемиштер менен азыктана башташты. Буга чейин атайын долбоордун негизинде мектептин базасында күнөскана ачылган болчу.
Лейлек районунун Андарак айылында кароосуз калган иттер көбөйүүдө. Айыл ветеринарынын айтымында, буга иттердин көптөн бери атылбай жатканы себеп болууда.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин баталгыч классынын мугалими Динара Касымалиева окуучуларга орус тил сабагын эшикте өттү. Окуучулар орус тил сабагынан эшикке чыгышып, кар кишилерди жасап, ар …
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймаганында тумоологондордун саны көбөйүүдө. Сасык тумоодон улам Сумбула айыл аймагындагы мектептер кайрадан жабылды.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында муз аянтчасы ишке кирди. Аянтчаны айыл тургуну Курманбек Исаков ачты.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Айылдык дарыгерлер ооруга чалдыкканда ФАПка кайрылууну сунушташат.
Учурда республика боюнча сасык тумоо менен ооруп жаткан жарандардын саны көбөйүүдө. Райондун аймагындагы абал боюнча Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Эрлан Бекишов менен бул масаеле боюнча …
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде Улуттук адабият күнунө карата декада жарыяланып, анын негизинде өтүлүүчү иш чаралардын атайын мерчеми иштелип чыккан. Иш мерчемдин алкагында класстарда ачык сабактар,кыскача сценкалар коюлуп, чыгармалар сүрөт көргөзмөлөр …
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы өтө жакыр, майып жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жыл сайын гуманитардык жардам берилчү. Соңку он жылдан бери мындай жардамдар эмне үчүн көрсөтүлбөгөндүгү туурасында айыл башчысы Касымакун …
Ак-Талаа районунун аймагында өлкөнүн башка аймагы сыяктуу эле сасык тумоого чалдыккандар ондоп саналат. Буга байланыштуу райондогу Жерге-Тал, Конорчок, Жаңы-Тилек, Кайыңды-Булак жана Баетов айылдарындагы “Тынчтык-3” бала бакчалары жабылды.
Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин экөөсү грипп оорусуна карата карантинге жабылды. Акыркы күндөрдө Суусамыр айылында грипп оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүп алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары болууда. Ооруканага кайрылган бейтаптардын саны Суусамыр жана …
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тумоологондордун саны көбөйүп мектептер жабылды. Бул тууралуу Манас орто мектебинин директору Тажимурат Марипов менен маек курдук.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын окуучулары бул мектептен билим алып келишет.
Сасык тумоо Кыргызстанда азыр көп кездешип жатат. Бул оруу аба аркылуу жуккандыктан эл арасында кеңири таркайт.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндөгү Манас атындагы орто мектебинде жаралган жылуулук көйгөйү чечилди. Учурда мектептин жылыткыч от казаны иштеп, класстар жылуу болуп калды..
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы «Ооган-талаа» тобу майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам баштыгын таратты.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдетке жылда эле кабылышат, бирок, быйылкы жылы сасык тумоо илдетинин татаалырак түрү менен жабыркашкан.