Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май айылындагы бала-бакча кайрадан иштей баштады. Биз бул маселе тууралуу 21-жеткинчек бала-бакчасынын директору Мавлюда Бабанова менен маек курдук.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 19-20-май күндөрү 4-а жана б класстары бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Бул иш-чарага окуучулардын ата-энелери жана мугалимдери күбө болушту.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2010-жылы ишке берилген. Бирок 4 жылдан бери окуучулар спорт аянтчасынын жоктугунан баткакта ойношууда.
Лейлек районунун Андарак 1 орто мектебинде туура кесип тандоо боюнча тренинг өтүлүүдө. Аны Сухроб Эргашев алып барат.
Башталгыч класстар үчүн берилүүчү ысык тамак тууралуу ата-энелер жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарада башталгыч класстардын ата-энелерине бир жылдык отчёт берилди.
18-майда Э.Кендирбаев мектебинде президентти шайлоо куну болду. Мектеп окуучуларынын татыктуулары президентикке талапкер болушту. Шайлоо алдында талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырып шайлоого чейинки алгачкы иштерди жасашты.
Кара-Талаа айылында азиз балдар Аскар Жекишов жана Ислам Сыдыковго жардам берүү максатында ырчылар Нурзат Байзакова Элмира Дүйшееванын коштоосунда «Жараткан жарыкты неге аядың?» аттуу кайрымдуулук концерти болуп өттү.
Кара-Талаа айылынын тургуну Жээнтаев Ишенбай өз үйүнө чакан тоок ферма ачты.
Ушул жылдын апрель айынан баштап Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде тогуз коргоол боюнча 20-майына чейин мектеп арасында өтө турчу чоң мелдешке тандоо оюндары башталган. Бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулардын көптүгүнөн …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Манас, Семетей жана Сейтек уюмдарына мүчө болушту. Ага 2-класстан баштап 8-класска чейинки окуучулар катышты.
Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы «Алыкул Осмонов» балдар бакчасында орундар жетишсиз. Бакчада негизинен 60 бала тарбияланат, чоң жана кичине тайпа болуп экиге бөлүнөт.
Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде жайгашкан этноботаникалык бакчада тосмолор орнотулат. Тосмону «Жаш натуралист» ийриминин мүчөлөрү өз колдору менен табигый материалдардан жасап жатышат.
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин курулуп, ишке берилгенине төрт жыл убакыт болсо, ошондон бери 29 бөлмөлүү мектептин ондон ашык классында тамчы тамат. Бул маселе боюнча мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова менен маек …
«Биздин биринчи эле көйгөйүбүз жарык масалеси, айылдардын көчөлөрүндө жарык жок, кечинде балдарыбызды дүкөнгө жөнөтүштөн деле коркобуз» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу өкмөт башчы Калмамат Кудайбердиев менен маек курдук.
8-майда Кожомкул айылында “Нандын жыты” аттуу конкурс-фестиваль болуп өттү. Бул фестивалга Суусамыр, Тунук, Кожомкул айылындагы айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү, активдүү айымдар катышты. Иш чараны “Демөөр” коомдук бирикмеси уюштуруп, байытылган …
Терек-Суу айылына сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көбүнчөсү тургундар таза суу көйгөйү бар экенин билдиришти. Бул маселе боюнча Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Джээналиевге кайрылып, маек курдук.
Манас атындагы орто мектебинде 6-май күнү 1-А жана Б класстары “Алиппе” майрамын белгилешти. Майрамга ата-энелер келип катышты.
Айыл тургундарына жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчасы экенин аныкталды. Тургундар балдарына бакчада орун жетпей калгандыктан тарбияланбай жаткандыгын айтышты.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 1-класстын окуучуларынын Алиппе майрамы өттү. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге тартуулашты.
Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде «Алиппе» майрамы болду. Окуучулар биринчи коңгуроодон бери жаттап келген ырларын, билимин мугалимдерге жана ата-энелерге тартуулады.