Тасма айылынын кире беришине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат.
Түп районуна караштуу Тасма айылында сегиз мектептин катышуусундагы сынак Сопиев мектебинде болду. Мамытов жана Коёнкөзов мектептери сынакта өзгөчөлөнүп, районго жолдомо алышты.
Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Шанкол, Нышанов, Арбын, Байыш орто мектептеринин окуучулары катышышты.
Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.
Баетов айылында жайгашкан Бейшеналиев атындагы орто мектебин быйылкы окуу жылынын бутүшү менен түрткү берүүчү каражаттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталат.
Куу-Майдан айылынын жаштары Алай районундагы Чыйырчык тоо лыжа базасына барып жылгаяк тебип келишти. Ал жерге жалпысынан Куу-Майдан айылынан 33 бала барды.
Кышкы каникулду мультимедиа борбордун ыктыярчылар бекер өткөрбөстөн жергиликтүү жаңылыктарды, кулактандыруу, ар кандай пайдалуу кеңештерди жана талкууларды рупор аркылуу жергиликтүү тургундарга жеткирип жатышууда.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин окуучулары ар бир класстык бөлмөлөрдү кооздошту. Максаты — окуучулардын билим алууга болгон шыгын, кол өнөрчүлүк чеберчилигин арттыруу.
Бакай-Ата райондук бийлиги “Сейилбак жана кичи футбол аянчасын” куруу долбоорун тааныштыруу жыйыны болуп өттү. Ага Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынын тургундары катышты.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында окуучулардын кышкы эс алуулары кандай өтүп жатканын билип көрүү үчүн айрым окуучуларга суроо узатып көрдүк.
Учурда Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы ортолоп, мектеп окуучулары кышкы эс алууга чыгышты. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын бир айга созулган кышкы эс алуусун кантип өткөрөөрүн билип көрүштү. Баткен облусу Шумкар Көк-Талаа …
Сокулук районунун Сарбан айылынын тургуну Фарида Рахманова үйүнөн ар түрдүү кооз фигураларды жасайт. Бул өнөр менен алектенгенине 19 жыл болду.
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин окуучулары 31 мектеп арасында өтүлгөн акыл таймашында биринчиликти алышты. Аталган таймаш Түп районунда өтүп, ага Тасманын жети окуучудан турган мектеп курамасы катышты.
Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде Жаңы жылдык кече белгиленди. Балаты майрамын 25-декабрда башталгыч класстар ачып беришсе, 29-декабрда 9-11- класстар стол даярдашып, майрамдык маанайда жыйынтыкташты.
Түп районундагы Тасма орто мектебинин 3-6-класстар арасында “Келгиле өз колубуз менен балаты жасайбыз” аттуу сынак болду.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы жеке ишкерлер Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганы аларга бир топ ыңгайлуулуктарды жарткандыгын айтышууда.
Бакай-Ата районунда мектепке чейинки билим берүү «Мээрим» балдар бакчасында жаңы жылга карата балаты майрамдык кечеси өткөрүлдү.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов аялдар менен эркектердин ортосунда ушул күнгө чейин талаш маселе жаралбаганын айтты.
Ноокат районунун Кашкалдак орто мектебинде кече 24-декабрь күнү «Мыкты мугалим» сынагы болуп өттү. Бул конкурска сегиз мектептин мугалимдери катышып, 1-орунду Камбаралы Бобулов атындагы Барпы орто мектебинин мугалими Айчүрөк Кожомбердиева алды.
Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндө биринчи жолу “Сот адилеттүүгүнө болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтүу” аттуу көчө театры болуп өттү.