Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде мугалимдер арасында өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы чыгарылды. Майрамды утурлай өткөрүлгөн салтанатка ардагер жана башка билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан мугалимдер чакырылган.
Нарын районуна караштуу Оттук айылында 5-март күнү «Ак калпак» аттуу парады болду. Мындай көрүнүш жыл сайын окуучулар арасында болуп келет.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде «Мисс жана Мистер» конкурсу болду. Бул конкурста бала жана кыз топ түзүп катышты. Конкурста логикалык суроолор, билим деңгээли, кол өнөрчүлүккө …
Т.Кулатов айыл өкмөтүндө аялдардын эл аралык майрамына карата концерттик кече өткөрүлдү. Улуу муундагы аялдар, коомдук иштерге активдүү катышкан аялдар грамоталар менен сыйланышты.
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.
«Соң-Көл» орто мектебинде ак калпак күнү белгиленди. Окуучулар ак калпакты даңазалап жөө жүрүш жасашты.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Башат» усулдук бирикмесинин декадалык иши жыйынтыкталды. Бул бирикмеге башталгыч класстын мугалимдери кирет. Ар бир мугалим декадалык ишти чыгармачылык менен өтүштү.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинде Кыргыз Туусунун 30 жылдыгына карата адаттан тыш саамалык болуп өттү. Иш- чараны аталган мектептин 3-классынын класс жетекчиси Эллегия Ормокеева окуучулары менен ишке ашырган.
«Баластан» телеканалы тарабынан жыл сайын болуп келген «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын Кочкор райондук турунда «Сон-Көл» орто мектебинен түзүлгөн «Мурас» тобу 1-орунду багындырды.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде сармерден таймашы уюштурулду. Мындай көрүнүш жыл сайын жана эстафета катары өткөрүлүп берилет.
Т.Кулатов айылында 3-март Туу күнү карата, 5-март ак калпак күнү белгиленди. Айыл өкмөткө жөө жүрүш болду 2 мектеп катышты.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы №2 толук эмес орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү боюнча иш-чара уюштурулду. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу мугалимдер тарабынан окуучуларга түшүндүрүү …
Бүгүн 3-март күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү белгиленди.
2022-жылдын 2-март күнү Кочкор районундагы мектептердин жогорку класстарынын 150 окуучусу Балыкчы шаарындагы 20-636 аскер бөлүгүнүн ачык эшик күнүнө катышып келишти.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинин окуучулары 28-февраль күнү Жогорку Кенешке барууга мүмкүнчүлүк алышып, депутат Улан Бакасовго жолугушту.
Пандемия шартында кош бойлуу болуу канчалык кооптуу экендигин жана аялдар ден соолугуна кандай көңүл буруусу керектигин Суусамыр аймактык ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берет.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду чыгарган “Манас” эпосу сүрөттө китеби немис тилине которулду. Кыргыз- немис дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында “Манас” эпосу сүрөттө китеби Кыргызстандагы Германиянын элчилигинин колдоосу …
2022-жылдын 28-февраль күнү Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жана Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылында «Бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү айыл аймак» аттуу инновациялык иш чара-демилге боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө тегерек стол …
38 жаштагы Аида Кулкобонова 7 баланын апасы. Ал үйдө отурганда турдүү кол өнөрчүлүк менен алектенип келген. Учурда чырак (светильник) гүлдөрдү жасайт. “cheberaiym”-аталышындагы инстаграм баракчалары аркылуу турдүү гүлдөрдү жасап сатып кошумча …
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн табигый кырсыктар жана алардан коргонуу, сактануу, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.