Нарын районуна караштуу Учкун айылынын жаштары өз көйгөйлөрүн коомчулукка айта албайт. «Учкун Медианын» кабарчылары Борбордук Азиядагы IDEA уюму менин биргеликте уюштурган сурамжылоонун негизинде ушундай жыйынтыкка келди.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин «Дил Баян» тобу «Манас таануу» теле таймашынын райондук баскычында биринчи орунду багынтты.
Т. Айбашев мектебинде кыздар аралык «Жаз периси-2022» конкурсу өткөрүлдү. 6 кыз ат салышып, жыйында Чынара Көчкөнбаева 1-орундун ээси болду.
Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында “Бактылуу үй-бүлө-ийгиликтүү айыл аймак” сынагынын алкагында тегрек стол өткөрүлдү. GALS (Gender Action Learning Sistem) инновациялык методологиясынын 5 ыкмасы боюнча билим алган катышуучулар, аялдар менен кыздардын зордук-зомбулуксуз …
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанат өткөрүлүп, бир катар айымдар сыйланды. 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата райондук маданият үйүндө өткөрүлгөн майрамдык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, …
Кыргыз Республикасынын аялдар Конгрессинин Президенти Замира Акбагышева тарабынан чыгарылган «Кыргызстан айымдары» китебине Оттук айылынан бир катар алдыңкы айымдар киргизилген.
Кантип үй-бүлөдогү сый мамилени сактап калса болот, жар тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл, үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктерди кантип чечсе болот? 21 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жаткан 3 баланын ата-энеси …
Жаздын алгачкы күндөрүндө белгиленип келген 8 — март майрамын ким кандай белгилейт деген суроого айыл тургундары жооп беришти.
Кира Густенко 16 жашта. Ал Ленинское айылында жайгашкан №1 орто мектептин окуучусу. Анын кыялы келечекте архитектор-дизайнер кесибинин ээси болуу. Бул жаатта ага ата-энеси абдан чоң колдоо көрсөтүп, окуудан сырткары атайын …
Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылында кичи футбол тааласы ачылды. Буга чейин атайын футбол талаасы болбогондуктан, окуучулар жана спорт сүйүүчүлөр чаң жана топурак болгон талаада ойноп келишкен.
Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 3-март Ак Калпак жана Мамлекеттик Туу күнү биргеликте белгиленди.
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Мыскал Байгазиева атындагы китепканада «Бирге окуйбуз!» сынагы уюштурулду. Сынакка 3,4-класстардын окуучулары апалары менен бирге катышышып активдүүлүгүн көрсөтө алышты.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде мугалимдер арасында өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыгы чыгарылды. Майрамды утурлай өткөрүлгөн салтанатка ардагер жана башка билим берүү мекемелеринде эмгектенип жаткан мугалимдер чакырылган.
Нарын районуна караштуу Оттук айылында 5-март күнү «Ак калпак» аттуу парады болду. Мындай көрүнүш жыл сайын окуучулар арасында болуп келет.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде «Мисс жана Мистер» конкурсу болду. Бул конкурста бала жана кыз топ түзүп катышты. Конкурста логикалык суроолор, билим деңгээли, кол өнөрчүлүккө …
Т.Кулатов айыл өкмөтүндө аялдардын эл аралык майрамына карата концерттик кече өткөрүлдү. Улуу муундагы аялдар, коомдук иштерге активдүү катышкан аялдар грамоталар менен сыйланышты.
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.
«Соң-Көл» орто мектебинде ак калпак күнү белгиленди. Окуучулар ак калпакты даңазалап жөө жүрүш жасашты.
«Соң-Көл» орто мектебинде «Башат» усулдук бирикмесинин декадалык иши жыйынтыкталды. Бул бирикмеге башталгыч класстын мугалимдери кирет. Ар бир мугалим декадалык ишти чыгармачылык менен өтүштү.
Нарын районуна караштуу Достук орто мектебинде Кыргыз Туусунун 30 жылдыгына карата адаттан тыш саамалык болуп өттү. Иш- чараны аталган мектептин 3-классынын класс жетекчиси Эллегия Ормокеева окуучулары менен ишке ашырган.