Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана 4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.
Кочкор районундагы Корчубек Акназаров орто мектебинин, спорт зал оюн аянтчасынын терезеси жаңыланды. Мектептин терезеси эски болгондуктан 200миң сомдун тегерегинде каражат жумшалган.
Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектебине бекер УЗИ аппараты менен келип окуучулар менен мугалимдердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрдү.
Учурда чет тилдерин үйрөнүп, ар түрдүү программалар боюнча чет өлкөгө тажрыйба алмашууга же билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Азыр абал турукташып калгандыктан, жаштар кайрадан чет өлкөгө чыгып башташты. Бирок пандемия учурунда …
Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде 17-февраль күнү «Кел, китеп окуйлу!», «Сен китеп ачасың, китеп сени ачат» деген аталыштагы райондук семинар болуп өттү. Семинарга райондун бардык 21 мектебинин башталгыч класстарынын …
«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунда окуучулар үчүн робототехника курсу ачылды. Бул курста окуучулар ойлоп табуучулук менен бирге программалоо тилдерин өздөштүрүшөт.
Жаратылышы кооз жерде форель балык чарбачылыгы менен алектенген жеке ишкер Эрмек Бакиров менен пандемияга чейинки жана пандемиядан кийинки туристтердин келүүсү жана форель балык чарбасы жөнүндө баарлаштык.
Студенттердин окуусуна пандемиянын кандай таасир бергени тууралуу бир катар студенттер ойлору менен бөлүшүштү.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектеп окуучулары демөөрчүлөрдү таап, китеп окуу сынагы өткөрүштү. Ага 25 окуучу катышып, жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланды.
Нарын району боюнча өтүлгөн жалпы республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аталган Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары облустук турга кызуу даярдыктарды көрүп жаткан учуру.
«Мен 9-класстын окуучусумун. 2019-2020-жылдардагы короновирус илдетинен дүйнө жүзү боюнча карантин болуп, мектептер онлайнга өткөн. Бирок мага онлайн окутуу жаккан жок», -деп билдирди №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Нуржигит …
Учурда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы абдан актуалдуу болуп жаткан учуру. Окуучулар телетаймашка кызуу даярдануу менен улуттук сыймыкты да даңазалоого, баалоого, жайылтууга үйрөнүп жатышкандыгы адамзатты кубандырбай койбойт.
Республика боюнча башталгыч класстар «Окуу керемет» долбоорунун алкагында иш алып барып келишет. Нарын району боюнча бул долбоорго 25 мектеп катышып, мугалимдер тарабынан ачык сабактар өтүлүп келет.
Жыл сайын 1-класстардын окуучулары үчүн февраль айында кошумча 1 жумалык эс алуу берилет. Азыркы учурда коронавирус оорусу менен бирге сезондук сасык тумоо да күч алуу мезгилинде болгондуктан, окуучулар үчүн эс …
Т.Кулатов айылындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 11г-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева экинчи ирет «Кыргызстандын мыкты окуучусу-2022» сынагында жеңүүчү болду. Ал окуучуларды бир дагы мүмкүнчүлүктү кое бербеш керектигин өз маегинде билдирди.
Куланак жамааттык медиа борборунун катарын жаңы ыктыярчылар толуктады. Алар А.Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары
“Дордой” ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен “Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу” кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында мекемелер аралык волейбол оюну боюнча турнир өткөрүлүп, ага 14 команда катышты. Ал Советтик Армиянын Авган жергесинен чыгарылып кеткендигинин 33 жылдыгына арналды.