Коронавирус менен ооругандан кийин өнөкөт оорулары бар адамдардын ден- соолугуна терс таасири тйип жаткандыгын Жал айылдык оорукананын дарыгери билдирди.
Орок айыл аймагындагы айылдарда өтүлүүчү маданий иш- чараларга COVID-19 түздөн-түз таасир берүүдө. Айыл аймакта өтүлө турган спорттук жана маданий иш-чаралар чектөөгө алынып, эрежелерди сактоо талабы менен өтүлүп келет.
Ковид-19 оорусу менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу бул ага каршы вакцина алуу. Бирок азыр эл арасында вакцина тууралуу терс көз караштагы тастыкталбаган маалымат тарап кеткендигинен көпчүлүк эл эмдөөгө каршы чыгууда.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы Жаңы-Жер медиа борборунун журналисттери коронавирус илдети менен ооруган айыл тургундарынан сурамжылоо жүргүздү. Себеби айыл тургундарынын арасында COVID-19 илдети менен ооруп айыккандардын өнөкөт дарттары күчөп, жүрөк, …
Август айынын аягында Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында «Үй – бүлөлүк фермердик чарба: жаңы иштөө формасы» аттуу долбоордун негизинде «Жамаат түзүү жана маркетинг» темасында «Аманат Өмүр» коомдук фонду тарабынан …
COVID-19 дүйнѳлүк экономикага жана эмгек чѳйрѳсүнѳ мурун болуп кѳрбѳгѳндѳй ѳзгѳрүүлѳрдү алып келди.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чара эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өткөрүлдү. Бул туурасында алдын ала Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы Мирлан Джекшенов …
Жергиликтүү кеңештин сессиясында күн тартибинде кандай орчундуу маселе каралды? Алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар. Айылдык кеңештин сессиясында күн тартибинде кандай орчундуу маселе каралды деп жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгул Тойгонбаевага …
Өкмөт жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоону айтты. COVID-19 илдети күч алгандыгына байланыштуу айрым мугалимдер вакцина ала баштады. Жалпы Суусамыр орто мектебинде 55 адам эмгектенет. 432 окуучу билим алат.
Кыргызстандын ар бир айыл өкмөтү жана мэриясы 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды сапаттуу өткөрүп, “2022-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” сынагына катыша алат. Сынактын байге фонду – …
COVID-19 илдети көбөйүп башталгандан тарта айыл ичинде эле эмес мамлекеттик дагы маданий иш чараларга чектөөлөр киргизилди. Учурда айылдык маданият үйүндө чакан жолугушуулар, иш-чаралар өтүлүп жатат.
Пандемия шартына байланыштуу жер-жерлердеги саламаттык сактоо мекемелерине көбүрөөк көңүл бурулуп жаңы ооруканалар курулуп баштады. Ошонун бири Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылына да жаңы фельдшердик-акушердик пункт курулуп, пайдаланууга берилди. Бул …
Айыл тургундары социалдык медиа аркылуу айрым жалган маалыматтарга ишенип ковид-19 илдети менен күрөшүүдө кыйынчылык жаралганын элеттеги дарыгерлер айтышты. Өзгөчө вакцина боюнча тараган ар кандай имиштерден улам эмдөө иштери ойдогудай болбой …
Быйылкы жаңы окуу жылы 15- сентябрда баштала тургандыгы белгилүү болгондон бери ата- энелер балдардын мектепке даярдоону башташты. Сокулук районунун Жал айылындагы тургундарынын мектепке кандай даярдык көрүп жаткандыгын билип көрдүк:
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында коронавирус илдети катталган учурлар жок эмес. Айыл аймактык ооруканада дарыгерлердин аракети күч болгону менен COVID-19 илдети жөнүндө жалган маалыматтар тоскоолдук жаратууда. Мисалга алсак, айыл …
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл – Туу айылынын тургундары, жигиттери Ысык – Көл облусуна караштуу Чолпон – Ата шаарында өткөн Дүйнө Чемпионаты Грэпплинг жана ММА- Эрежесиз уруш таймашына барып, …
Учурдагы пандемияда өлкөнүн ар бир облусу, айыл өкмөттөрү жабыр тартууда. Учурда эпидемиялогиялык абал курч бойдон калууда.
Коронавирус менен ооруп айыккан бейтаптар кайрадан медкызматкерлерге кайрылууда. Анткени, башка оорулар күч алып, тынчсыздандырып жатканын айтышууда. Бул тууралуу Сокулук районунун Кызыл — Туу айылынын №8081 үй-бүлөлүк дарыгерлеринин башчысы Бурул Сарбашова …
Өлкөдөгү эпидемиялык абалын туруксуздугу билим берүү тармагына терс таасирин тийгизди. Былтыр окуучулар пандемияга байланыштуу мектепке барбастан онлайн билим алышты. Быйылкы жылы окуу жылдын башталышы саттуу түрдө болору так айтыла элек …
COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө көбүнчө кандай маалыматтар тоскоолдук жаратып жатат? Бул суроого Суусамыр айыл аймагынын жергиликтүү тургундарына сурамжылоо жүргүздүк.