Бүгүн 2015-жыл 16-март, Токтогул шаарында Т.Сарпашевдин жана Н.Момуналиевдин катышуусундагы чогулуш өттү.
Тере-Суу айылындагы таза суу түтүктөрү 1976-жылдары курулган. Эскилиги жетип калгандыктан, айылга кирүүчү Арстанкул акенин сайынан суу түтүгү жарылды. Ошол себептен 11-марта кечке жалпы айылда суу болгон жок.
Таш-Көмүр шаарындагы «Чинтамани» коомдук бирикмесинин алдында түзүлгөн жамааттык мультимедиа борбору Кыргыз Республикасында өтүп жаткан балдарга карата зордук зомбулукка каршы медиа-кампаниясын колдойт. Тематикалык аудио түрмөктөр Бишкек шаарындагы балдарды коргоо борбору тарабынан …
Таш-Көмүрдөгү мунай база “Джунда” компаниясынын мунайды кайра иштетүүчү ЖЧК “Чайна Петроль” заводу Ташкөмүр шаардык мунай базасын ижарага алды. Ташкөмүр шаарындагы мунай базанын ээси Кубанычбек Абдуллаевдин сөзү боюнча мунайды кайра иштетүүчү заводдун башкы …
Белгилүү болгондой заманбап кир жуугуч порошок ар кандай функцияга ээ болгон татаал кошулмалардан турган зат. Алар оз кезегинде жаратылышка бр топ зыян келтирет.
Ооган-Талаа айылындагы ооруканада атайын адис жок иштебей турган УЗИ аппараты иштей баштады.
Терек-Суу айылынын тургундары ноябрь айында сарык оорусу менен жабыркады. Бул оору боюнча Терек-Суу айылындагы №6 тобунун үй-бүлөлүк дарыгери Калия Дөөлөтказиеванын айтымында бул тумоо менен көбүнчө жаш балдар ооруп жатат. Мектепке чейинки …
21-кылым компьютер интернеттердин кылымы деп бекеринен айтылбаса керек. Азыркы учурдагы окуучулардын убактысы көбүнчө телефон, компютерлерге кетээри белгилүү. Телефон, компютерлердин ичинен 90% интернет-сайтка кирүү үчүн колдонушат. Интернеттен оюн ойнош үчүн, сүрөт, …
Айылда күндөн күнгө көбөйгөн таштандылар ар кандай ооруларды алып келээрин дарыгерлер айтышат. Бул айылдын тургундары таштандыларды өздөру чыгарып, тазалашт. атайын таштанды чыгаруучу машиналар жана ишкана жок.
Бакчада 100дөн ашык бала тарбияланып келет. Бир гана Ооган-Талаадан эмес, коншу айылдардан да балдар келип тарбияланышат. 2014-жылдын май айында бул бакчада долбоордун негизинде чакан аянтча курулган. Ата–энелер буга кубанып, ыраазычылыгын …
2014-жылдын октябрь айында №17 Сатыбалды Далбаев атындагы мектепте жаңы спорт залды куруу иштери башталды. Айыл тургундары колунан келишинче бул ишке өз салымын кошушту. Курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу кененирээк биздин журналисттер …
Айылда сезон башталаары менен эл жаңгак тере баштайт. Талаага чатыр тигип, сезон бүткөнчө талаада жашашат. Мындай көрүнүш сезон суук болуп, каар жааганга чейин уланат.
Мындан эки жыл мурда Кыргызстандын алты облусунда ачылган жамааттык мультимедиа борборлору кандай ийгиликтерге жетишкендиктери тууралуу айтып берүү үчүн Бишкекте басма сөз жыйынына чогулушту. Төмөндөгү видео баяндамадан кыскача тааныштырабыз.
Терек-Суу айылынын тургуну Кудайбергенов Баяман көп жылдан бери көзү көрбөй келет.
№17 мектепте шашке чайды даярдоочу жабдык эл аралык уюмдардын жардамы менен алып келинди.
«Тоо-Гүлү» балдар бакчасында 110дон ашык наристе тарбияланат. Бала бакчанын шарты мурункуга караганда бир аз жакшы. Бирок ойноо аянтчасы тар кеңейтиш керек. Оюнчуктар аз, баарына тең жетишпейт, көбүрөөк болсо жакшы болмок, …
Терек-суу айылында жумуш жоктугуна байланыштуу жаштар чет мамилекетке эмгек мигранты болуп чыгып кетишкен. Алардын көбү Орусия мамлекетинде эмгектенишет. Чет мамлекетке чыгып кеткен жаштардын саны туралуу Терек-суу айылынын статист экономисти Солпиева …
Терек-Суу айылында эн орчундуу маселелердин бири жаш үй бүлөлөргө турак-жай салганга жер жетишпей келет.Ушул маселенин айынан бир үйдо 3-4 үй-бүлө чогуу жашаганга мажбур болушууда. Көп балалуу Нурчакан апа да балдары …
Терек-Суу айылында сегиз миңге жакын калк жашаса, анын басымдуу бөлүгү таза эмес суу ичишет жана бул көйгөй көптөн бери чечилбей келет. таза суу_подкаст
Кетмен-Дөбө айыл аймагында караштуу Терек-суу жана Чон-арык айылдарында ПРООНдун ак-ниет башкаруунунун илгерилетүү долбоорунун негизинде электрондук китепкана ачылды.