Токтогул районуна караштуу Жетиген айылындагы Б.Салаев орто мектебинин чатыры жаңыланды. Бул ишке 1,5 млн акча каражаты сарпталып, Токтогул райондук атайын фонд тарабынан бөлүнгөн.
Токтогул районуна караштуу Кырк-Казык айылында 10дон ашык уй белгисиз себептер менен өлүп калган. Жергиликтүү калктын айтымында мындай оору буга чейин болгон эмес.
Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан Токтогул районуна караштуу Шайык,Чоңко, Алмамат айылдарына таза суу чыгарылды. Үч айылда биригип жалпы 283 түтүн кожолук таза суу менен камсыз болду.
БУУнун «Азык түлүк» програмасынын алкагында Кетмен-Дөбө айыл аймагында социалдык абалы начар жакыр жашаган 85 үй бүлөгө 3 каптан ун, 15 литрден суу май таркатылды.
Токтогул району боюнча ар бир айылга 250 дозадан COVID-19 оорусуна каршы вакциналар бөлүнүп, эмдөө башталды. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана медицина кызматкерлери алышууда.
Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучусу Уланбек кызы Анара Токтогул району боюнча жалгыз «Алтын тамга» аттестатынын ээси болду.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Токтогул району боюнча Улуу жеңиштин 76 жылдыгын салтанаттуу белгилөө максатында айыл аймактарында эстеликтерди актап-сырдоо айланасын тазалоо иштери жүрүп жатат.
Токтогул районунда бардык айыл аймактарында 3 айлык көрктөндүрүү жашылдандыруунун алкагында жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.
Токтогул районунда айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, кароосуз калган ит, мышыктарды атып жок кылуу боюнча атайын комплекстүү иш чаралар аткарылууда. Токтогул районундагы …
Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын аттестациясы жыйынтыкталды.
Токтогул районун Арал айылынын жашоочусу 1959-жылы туулган Анарбек Уметалиев Бишкек шаарында өткөн 60 жаштан жогорку 4 км аралыкка чуркоо боюнча марафондо биринчи орунду багындырды.
Токтогул райондук футбол клубу 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата кыздар арасында футбол оюну боюнча турнир өткөрүп берди. Турнирге 2007-2008-2009-жылкы окуучу 80ден ашык кыздар катышты.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын жашоочуларын 100 га ашык айдоо жерлерин агын суу менен камсыз кылуучу М2 насостук электр станциясынын чатыры урап тамчы тамып калган. М2 насостук станциясы ар дайым …
Токтогул районунда Көк бөрү федерациясы түзүлүп, федерацияны колдоо максатында Токтогул району боюнча айыл өкмөттөр көк бөрү оюнун жер-жерлерде өткөрүп беришүүдө. Кезектеги оюн Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.
Токтогул райондук жарандык коргонуу боюнча кезектеги штаб-кеңешмесинин чечими менен Токтогул районундагы бардык орто билим берүүчү мектептер кадимки режимде окуп башташты. Штаб-кеңешменин чечими боюнча мектептерде баардык санитардык режимдер сакталыш керек.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №12 Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектеби Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык көрсөтмөсүнүн негизинде убактылуу жабылды. Себеби мектептин жылуулугу …
Токтогул районунда быйыл карышкыр күч болууда. Мунун себеби, кардын калың жаабаганы жана карышкырдын көбөйгөнү дейт жергиликтүү жашоочулар.
WhatsApp группаларда президент Садыр Жапаровдун атына телефондон ойнолуп жаткан оюндарды токтотуу боюнча кайрылуу кызуу талкуу менен тарап жатат.