Чолпон айылынын тургуну Жазмина Алияскарова бир нече кесиптердин ээси. Ал чач тарач, ырчы, визажист жана бир үйдүн кожойкеси.
Кочкор районунун Чолпон айылында пескоблок чыгаруучу ишкана ачылып, азыркы учурда пескоблоктун 2 түрүн чыгарып жатат. Буга чейин айыл эли райондон барып сатып алса, азыр айыл ичинен буйрутма менен ала алышат.
Төлөк айылындагы чакан долбоордун негизинде эмгек акы катары берилүүчү ун жана суу майлар 36 үй-бүлөгө таратылып берилди.
Нарын токой чарбасынын демилгеси аркылуу «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмеси жана «Жердин балдары» уюму менен биргеликте Каратал токойчулугунун Кызыл-Үңкүр коктусунда 2023-жылдын жаз айларында карагайларды отургузууга атайын жер тилкеси …
«Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей, быйылкы окуу жылында Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучусу Болотова Фатима ЖРТдан жогорку баллды багындырды. Тестирлөөдөн 200 баллынын ээси болду.
Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде 2022-жылы 11-классты 26 окуучу аякташты, алардын 12си кыздар болсо, 14ү эркек балдар. Ал эми ЖОЖго тапшыруу үчүн мамлекет тарабынан уюштурулган ЖРТнын босого баллынан 7 окуучу …
Кочкордун Төлөк айылынын тургуну Сымбат Кудайбергенова көз жоосун алган түймөлөрдү түйүп, аларды сатып, киреше табат. Ал жакынкы убактан бери кыз-келиндердин суранычы менен атайын чакан курс ачып алган. Бул курска айылдык …
Нарындын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Аман Жумалиев алты жылдан бери кыздарды күрөш менен машыктырып келет. Аман агайдын балбан кыздары республикалык мелдештерде ийгиликтерге жеткен. Дене-тарбия сабагынын мугалими кыздарды акысыз машыктырып, аларга ар …
А.Аралбаев атындагы орто мектебинде 2021 — 2022 — окуу жылыда 9 классты 45 ал эми 11 классты 34 окуучу бүттү.
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Ак-Талаа районндагы Көк-Жар айыл аймагынын Ак-Кыя айылындагы 100 орундуу «Келечек-Муун балдар бакчасы ашкана жабдыктар, эмеректер жана оргтехникалар менен камсыз болду.
Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 2-корпусу КРнын Коомчулукту өнүктүрүү жана жана инвестициялоо агенствосунун (АРИС) «Жылуулукту камсыздоо» долбоорунун алкагында капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Мына ушуга байланыштуу өткөн жыйында долбоорду ишке ашыруудагы …
Аида Карыпбаева Нарын районуна караштуу Жан-Булак айыл аймагынын депутаты. Ал былтыр 30% квотанын аркасында шайланып келген депутаттардын бири. Элеттик депутат өз ишинде балдардын билим алуусу жана социалдык маселерге көңүл буруп …
Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө конвенция үч жыл мурда ратификацияланган. Конвенцияга ылайык, мүчө мамлекет майыптыгы бар адамдар үчүн тейлөө кызматтарын жана объектилерди жеткиликтүү кылып шарттарды түзүп бериши керек болчу. …
24-июнь күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында Соң-Көл фестивалы болуп өттү. Фестивалга Чолпон айыл өкмөтүндөгү айылдар катышты. Болуп өткөн фестивалдын максаты Соң- Көлдүн экосистемасын, жайыттарын жана жан- жаныбарларын сактоо, …
Баетов айылындагы борбордук Манас көчөсү мындан бир аз убакыт мурда иретке келтирилип, жаңыдан жасалган. Борбордук Дөрбөлжүн аянтындагы ири соода түйүндөрүнүн алды атайын тосмолор менен тосулуп, кечкисин балдар ойноого, сейилдөөгө ылайыкталган. …
Нарын районуна караштуу Куланак-Учкун айылдарында окуу жылынын башында «Эң мыкты класс» сынагы жарыяланган. Класстарды алардын билим сапатына, коомдук иштерге катышына жана үлгүлүү жүрүм-турумуна карашат.
Чолпондун Маданият үйүндө Сагын Эргешовдун » Кыз издейбиз» аттуу концертти болуп өттү. Аны менен куудул Кубан Алимов да келди.
Дүйнө жүзү боюнча ар бир 100 баланын 30у кашка жиликтин башынын, башкача айтканда томуктун толук өсүп жетилбей калуусу менен төрөлөт. Медицинада бул дарт дисплазия деп аталат. Мындай учурда кашка жиликтин …
«АРИС» программасынын негизги максаты Кыргызстанда чакан ишкерликти колдоп, жакырчылыкты туруктуу кыскартууну колдоо болуп саналат. 22-майда бул долбоор боюнча Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургундарына маалымат берилди.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы Айтбек Муканбетов атындагы маданият үйүнүн кызматкери Нарынкүл Чебулдиева кыргыздын унутта калган тамак-аштарын жаш кыз-келиндерге үйрөтүү керек деп эсептейт. Себеби, адамдардын көбү тез татымдарга, башка улуттун …