Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Соң-Көл

Спорттук оюндарга Ковид-19 тоскоол болгон жок

Айыл ичинде түзүлгөн «Соң-Көл» көк бөрүчүлөр командасы 3 жылдан бери ынтымак оюнуна катышып келишет. Бул оюн пандемияга карабай уланууда.

16 Декабрь 2021 жыл 9:58

Сурамжылоо: Балдар кайсы жомокторду окушат

Пандемияда онлайн сабак болгону баарыбызга белгилүү, ошол убакта окуучулардын көпчүлүк убактысы бош өттү. Айрымдары ата-энелерине жардам берсе, кээ бири китеп окуу менен алек болушту.

15 Декабрь 2021 жыл 13:49

Дарыгер: Айылда Ковид-19га чалдыккандар токтоп калды, бирок бир аз сасык тумоологондор бар

Төлөк айылында акыркы 3 айдан бери Ковид-19 менен ооругандар каттала элек. Айыл элинин бир тобу жайында-күзүндө  сыртка чыгып, ооруну жуктуруп келип жатышкан. Азыр көбү кыш келип үйүндө болгонгобу, ооругандар жок …

15 Декабрь 2021 жыл 12:46

Окуучулар Айтматовдун каармандарын сахналаштырышты

«Соң-Көл» орто мектебинде 10-декабрь күнү «Ч.Айтматовдун каармандары сахнада» аттуу сабак-сахна өткөрүлдү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Тамара Бакирова уюштурду. Окуучулардын аткаруу чеберчиликтери катышкан мугалимдер тарабынан бааланды.

10 Декабрь 2021 жыл 22:20

«Улуттук адабият» күнүндө «Акыл ордо» оюну уюштурулду

«Соң-Көл» орто мектебинде 9-декабрь күнү «Улуттук адабият» күнүнө карата акыл ордо оюну болуп өттү. Сынакта Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө суроолор түзүлүп, 3 тур менен өттү, жалпы 10 окуучу …

10 Декабрь 2021 жыл 11:42

Соң-Көл: 12-декабрь «Улуттук адабият» күнүн утурлай

7-декабрдан баштап «Соң-Көл” орто мектебинде “Улуттук адабият” күнүн белгилөө иш чарасы башталды. Бул иш чара жуманын аягына чейин уланат. Бүгүн 5-11-класс аралык көркөм окуу сынагы болуп өттү.

8 Декабрь 2021 жыл 12:49

Сүрөт баян: «Табигый илимдер» усулдук бирикмесинин 10 күндүк декадасы жыйынтыкталды

«Соң-Көл» орто мектебинде 23-ноябрдан 3-декабрга чейин «Табигый илимдер» усулдук бирикмесинин 10 күндүк иши болуп өттү. Бул күндөрү мектептин математик, физик, информатик, химик, биолог, географ мугалимдери ачык сабактарды, ачык тарбия сабактарды …

6 Декабрь 2021 жыл 14:38

Соң-Көл: Пандемияда күнүнө бир гана такси районго барып жатты

Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан. Айыл тургундары көпчүлүк жумушту райондон бүтуруп келүүлөрүнө туура келет. Айрым гана элдер өздөрүнүн унаалары менен барбаса, көпчүлүгү айылдык таксилер менен барышат. Бүгүнкү күндө …

24 Ноябрь 2021 жыл 11:41

Окуучулар кылмыштуулукту алдын-алуу тууралуу маалымат алышты

«Соӊ-Көл” орто мектебинде 6-11-класстарга кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, психотроптук заттардын зыяндуулугу боюнча лекция уюштурулду.

19 Ноябрь 2021 жыл 11:00

Шайлоо учурунда санитардык эрежелерди сактаңыз!

28-ноябрь күнү баардык жерде шайлоо болуп өткөнү турат. Ошону менен бирге Төлөк айылында шайлоого карата даярдыктар жүрүп жатат жана шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат.

14 Ноябрь 2021 жыл 13:14

Сурамжылоо: Пандемия учурунда энелердин ден соолугу

Төлөк айылында жылына  50гө чукул энелер көз жарышат. Айылда атайын төрөткана жок болгондуктан, алар райондун борборуна барышат. Тогуз айына чейин ФАПтын кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушуп андан соң карточкалары өздөрүнө берилип, төрөтканага …

13 Ноябрь 2021 жыл 13:49

Пандемияга карабай мигранттардын саны көбөйүүдө

Кочкор районунун Төлөк айылында 1500дөй калк бар. Аларды тейлөөдө айыл өкмөттүн орду чоң. Ал эми ковид-19 илдети менен күрөшүүдө айыл өкмөттүн кызматкерлери мекемелер, айыл тургундары менен тыгыз иш алып барышууда.

8 Ноябрь 2021 жыл 11:07

Кымбатчылык айылдагы соода ишин бир аз жайлатты

Төлөк айылында дүкөндөр аз жана чакан болгонуна байланыштуу, айыл тургундары райондун борборунан соода кылышат. Дүкөнчүлөрдүн алып келген  азык-түлүктөрү айыл жергесине кымбат келет, себеби айыл райондун борборунан алыс болуп, жол кире …

8 Ноябрь 2021 жыл 10:59

Той-аштар көп өткөрүлүп, Ковид-19 илдетинен эч ким кооптонгон жок

Күз мезгили келип, жер-жерлерде той-аштар күчөгөн мезгил. Жакшы саамалык көп болгону жакшы, бирок эл ооруну унутуп калгандай, санитардык эрежелер да сакталбай калды.

26 Октябрь 2021 жыл 14:36

Дарыгер: «Кем-карчыбызды айыл өкмөтү менен биргеликте чечебиз»

Төлөк айылынын башкы дарыгери өлкөдө айтылып жаткан Ковид-19 илдетинин 4-толкуну болуп калса, ага даярдыктар көрүлүп жатканын маалымдады.

24 Октябрь 2021 жыл 10:07

Жеке ишкер мектепке жана бала бакчага чакан эмеректерди тапшырды

Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинин 2000-жылдын бүтүрүүчүсү  Каныбек Кылычов 23-октябрь күнү мектепке жана бала бакчага чакан эмеректерди алып келип тапшырды. Белекти тапшыруу аземине айыл өкмөт, мектеп кызматкерлери, бала бакчанын кызматкерлери …

24 Октябрь 2021 жыл 9:58

Сүрөтбаян: Окуучуларга чет элдик ыктыярчыдан белектер таратылды

2019-2020-окуу жылдарында «Соң-Көл» орто мектебинде алыскы Америкадан Коди Ариго аттуу ыктыярчы келип иштеген. КОВИД-19 илдети чыгып, тилекке каршы Коди Ариго мөөнөтүнөн мурда өз өлкөсүнө кайтууга муктаж болгон. Бирок быйыл жай …

20 Октябрь 2021 жыл 16:45

Сурамжылоо: Балдардын ден соолугу кандай?

Төлөк айылында «Фаризат» бала бакчасында 2 тайпа бар, жалпысынан 50гө чукул балдар тарбияланышат. Ал эми «Соң-Көл» орто мектебинде 320га чукул окуучулар окуп-тарбияланышат. 15-сентябрдан бери балдардын окууга келүүсү, бөбөктөрдүн бала бакчага …

17 Октябрь 2021 жыл 22:26

КОВИД-19 илдетинен кантип сактанса болот?

Төлөк айылында Ковид-19 илдетин жуктуруп алгандар, аны менен катар каза болгондор да бар. Жай айларынды бул илдет тездик менен тарап, ооругандардын саны өсүп кеткен. Ал эми акыркы эки ай ичинде …

17 Октябрь 2021 жыл 21:26

Сүрөт: Пандемияда айылдык спортчулар мыкты мелдештерди уюштуруп турушту

Төлөк айылында спортко кызыккан жаштар көп. Алардын көпчүлүгү көк бөрү, футбол, ордо оюндарын ойношот. Көк бөрү боюнча айылдын курама командасы облустук турларда жеңүүчү болуп келишкен.  Аны менен катар ордо оюну …

10 Октябрь 2021 жыл 20:59
Шейшемби
25 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...