Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Учкун

Учкундагы окуу тажрыйба аянтынан жер-жемиштер жыйналып алынды

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер-жемиштер казылып алынды. Участокто помидор, капуста, картошка, алма, карагат, кызылча отургузулган. 

20 Сентябрь 2016 жыл 15:19

Учкун айылынын мугалимдери спартакиадага даярдык көрүшүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы мугалимдер 24-сентябрда боло турган өрөөндүк спратакиядага даярданып жатышат.

19 Сентябрь 2016 жыл 17:20

Учкун айылына суу бир айдын ичинде берилиши мүмкүн

Нарын районуна караштуу Учкун айылында үч айдан бери таза суу чыкпай, тургундар айылдагы жалгыз булактан жолдун алыстыгына карабай суу ташып ичүүдө. Булакка келүүчү айылдын четинде жана ортосунда жашаган тургундар 50-60 чакырым …

16 Сентябрь 2016 жыл 14:26

Учкун: Арпа күшөөчү станок элдин керегине жарап жатат

Нарын районуна каршатуу Учкун айылында арпа күшөөчү станок ойлоп табылды. Бул станок жумушту жеңилдетүү максатында ойлоп табылган.

6 Сентябрь 2016 жыл 13:16

Учкун айылында өткөн 15 күндүк окуу жыйынтыкталды

Учкун айылында 15-августан бери өтүп жаткан 15 үй кожейкелеринин сабагы бүгүн аяктады. Сабак айылдагы апалардын турмушун оңдоо максатында өтүлгөн.

6 Сентябрь 2016 жыл 12:58

Смартфон үчүн төртүнчү сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2» жана 2016-жылы уюштурган «Кыш-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август) аралыгында сынак …

5 Сентябрь 2016 жыл 17:05

Ар кандай жер жемиштерди өстүргөн Акен

Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок-Молдо айылынын тургуну Акен атайын «ООН аялдар» деп аталган долбоор менен ар кандай жер жемиштерди өстүрүү менен алек. Бул долбоор менен алар быйыл ишке киришкен.

15 Август 2016 жыл 10:42

Учкунда эшектердин саны азаюуда

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы эшектердин саны жылдан жылга азаюуда. Эшектер Учкун айылында эле эмес коңшу айылдарда да союлууда.

13 Август 2016 жыл 12:48

Тоголок Молдо айылында футболдук аянтча курулду

Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында футболдук аянтча 2015-жылдын 27-май айынан баштап ишке кирген. Аталган аянтчаны быйылкы он жылдыктар мектепке жардам катары куруп беришкен.

11 Август 2016 жыл 13:07

Тоголок Молдо айылында нан бышыруучу цех иштөөдө

Ак Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 2015-жылы күзүндө нан бышыруучу цех ачылган. Нан бышыруучу цехти учурда Канышай Ысагалиева жетектейт. Аталган цех айыл тургундарын нандын түрлөрү менен камсыз кылып турат.

9 Июль 2016 жыл 13:25

Смартфон үчүн үчүнчү сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (январь 2015 — июнь 2016) аралыгында сынак үчүн …

4 Июль 2016 жыл 11:32

Учкун: Жалпы республикалык тесттен эң көп упай алган Айчүрөк менен маек

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү тапшырган ЖРТ тестин жыйынтыгы чыгып, мектептин алдыңкы баллын Айчүрөк Бекмурат кызы алды. Бул туурасында бүтрүүчү Айчүрөк менен маек курдук.

4 Июль 2016 жыл 10:43

Учкун: Уламышка бай Кош-Булак

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы булактардын бири — бул Кош-Булак. Бул булактын келип чыгышын илгерки ата-бабаларыбыз ар кандайча айтып келишкен, мурунтан айтылган уламыштар азыркы күнгө чейин айтылып келет. 

27 Июнь 2016 жыл 15:04

Учкун: Мектепке уюшулган окуу тажрыйба участогунун азыркы өсүшү

Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер жемиштердин кээ бири отоо чөп басып, көрүнбөй калса, кээ биринин отоолору жулунуп жакшы өсүүдө.

23 Июнь 2016 жыл 15:55

Сурамжылоо: Жайкы каникулда балдар эмне менен алек болушат?

Учкун айылындагы ата-энелер жана окуучулардан “Балаңыз жайкы каникулда кайда барып эс алат?” деген суроолорду узатып, сурамжылоо жүргүздүк. 

21 Июнь 2016 жыл 15:42

Учкун: Мектепте ремонт иштери жүрүүдө

Учкун айылын Эшбай Токсобаев орто мектебинде жыл сайын жасалуучу класстарды ремонттоо иштери жүрүп жатат. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат, мектептеги 560 окуучуга 95 сомдон эсептегенде жалпы 53 …

20 Июнь 2016 жыл 14:39

Учкун айылынын Асанаалы атындагы көчөсүнө шагыл төктүрүлдү

Учкун айылынын Асанаалы атындагы көчөсүнө балдарынын демилгеси менен шагыл төгүлдү. Камаз менен 25тей үймөк төгүлүп, 25 миң сомдой каражат кеткен.

15 Июнь 2016 жыл 10:33

Учкун: Айылга кино келиши үчүн маданият үйү ыңгайлуу болушу керек

Нарын районуна караштуу Учкун айылына илгертен бери кино келе элек. Мунун себебин билүү үчүн маданият үйүнүн башчысы Мирлан Дүйшекеев менен маек курдук.

11 Июнь 2016 жыл 10:13

Учкунда футбол аянтчасын курууга элдик салым чогултуу жыйналышы болду

Учкунда 9-июнь күнү жыйналыш болду. Учкун айылы грант утуп алып, элдерди чогултуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга 250 миң сом керектелет, бул акча тургундардан чогултулат.

10 Июнь 2016 жыл 10:26

ЖАЙ-2016 биринчи журналистика мектебинин катышуучулары

Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун сегизинчи журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 6-июнь — 16-июль аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Алмаз Эшбаев, «Учкун» ЖМБ 2. …

9 Июнь 2016 жыл 17:56

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...