Орто эсеп менен азыркы 60 жаштагы аялдардын дагы 20 жыл жашоо мүмкүнчүлүгү болсо, эркектердики 15 жыл. Статистикага таянсак эркектердин 70 пайызы гана пенсия жашына жетсе, аялдардын 90 пайызы жетет.
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында «Айылдык ден соолук чындоо» комитетинин активисттери COVID- 19га каршы эмдөөнү эмне себептен алуу керек экендиги тууралуу түшүшдүрүү иштерин жүргүзүштү.
Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейде бүгүн 3-март Мамлекеттик Туу жана 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.
Сокулук районундагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар арасында англис тилинин бир айлыгына карата «I LOVE ENGLISH» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага 3-4-класстын окуучулары катышышты.
Кочкор районунун жер шарты мал чарбачылыгына ылайыктуу. Район тургундарынын негизги киреше бөлүгүн мал чарбачылыгы түзөт. Мал багууда да бир канча көйгөйлөр бар. Алып айтсак малды дарылоо, эмдөө жүргүзүү жана дарылардын …
Кыргызстанда эркектердин саламаттыгына байланышкан маселе өлкөдөгү эң курч көйгөйлөрдүн бири болууда. Анткени алар дээрлик алдын алуу чараларын көрүшпөйт. Себеби, коомчулукта калыптанып калган айрым түшүнүктөргө көз каранды жашап келишет.
Кумшекер акыркы бир жылда баасынын туруктуулугун сактай албай жатат. Жогорку баасы 100сомдон ашып кеткен да учурлар болгон. Бүгүнкү күндө райондун борборунда 85сомдон сатылууда. Бул баа көп колдонгондор үчүн кымбатка турат. …
Жайыттар мал чарбасы үчүн тоюттун булагы болуп саналат. Азыркы учурда малдын санынын өсүшү жана жайыттарды рационалдуу эмес башкаруу жайыттардын азайышына, өсүмдүктөрдүн деградациясына себепкер болду. Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, жайыттарды сактоо …
Кыргызстандын лыжа жарышы жана тоо лыжасы боюнча курама командасы «Азия балдары» кышкы спорт оюндарынын алкагында «Олимпке карай жол» билим берүү программасына катышты.
Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургуну Максат Кубанчбеков Корчубек Акназаров орто мектебине келип балдарга тарбиялык мааниде 9-11-класстардын окуучуларына сабак өттү. Коомдук ишмер балдардын кийинки жашоосунда мамлекетке пайдасын тийгизген жаштардан болуп өсүүсүн …
Бүгүн, жумушсуздук маселеси планетада орчунду көйгөйлөрдүн бири болуп, өтө олуттуу кесепеттерге алып келери баарыбызга маалым. Эл аралык республикалык институт(IRI) Кыргызстанда эң чоң көйгөй жумушсуздук экенин аныктады. Расмий статистикага ылайык Кыргызстандагы …
2023-жылдын 25-февралында Балыкчы шаарында волейбол оюну боюнча турнир болуп өттү. Бул иш-чара «Дене тарбиянын мыктысы» төш белгисинин ээси Жумабек Сагынбаев Асековичтин жаркын элесине арналып, Ч.Айтматов атындагы №5 жалпы орто билим …
23-февраль Улуу Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде Кадырбек Конушбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча спорттук таймаш болуп өттү.
Диана Кенжебекова Тогуз-Торо районунун Казарман айылында чоңойгон. Ал 2-курста эле чет жерге барып, практика өтүүнү максат койгон. Учурда Германиянын Саксония — Анхальт аймагында чоң сыр заводдордун биринде, өз кесиби боюнча …
Ар бир адам сергек жашоо үчүн саламаттыгына кам көрүүсү зарыл. Учурда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эркектердин саламаттыгынын начарлашы тууралуу коңгуроо кагып, анын себеби -алардын өз ден-соолугуна көңүл кош мамиле жасоосунун …
Төрайым Алимжан кызы азыркы учурда Польшанын борбору Варшава шаарындагы Финансы жана бизнес академиясында Компьютердик инженерия “Computer Engineering” багытында магистратурада окуйт. Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөдө билим алуу кыялы болчу.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы «Таңгабийке — Бердике» бала бакчасында эне тилдин эл аралык күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү.
«Соң-Көл» орто мектебининде 23-февраль «Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата 7-10-класстар аралык мырзалар арасында оюн-зоок таймашы болуп өттү.
Мурунку убактан бери кеңири тараган стереотиптердин бири эркектер күчтүү, алар эч качан наалыбайт, кыйналып турса да билдирбеши керек. Ушул принципти карманып мырзалар доктурларга да барып көрүнбөйт. Калыптанып калган стереотиптик көз …
Кант шаарындагы Какиш Рыскулова атындагы №2 мектеп-гимназиясында 50 мугалим, анын ичинде 6 агай эмгектенет. Агайлардын арасында «Эл агартуунун мыктысы» жана жаш адистер бар. Агайлар жөнүндө кененирээк видеодон көрсөңүздөр болот.( видео …