Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Карасаев айыл аймагынын Тасма айылында “Шаменова Апал эне” атындагы балдар бакчасы ачылды.
Бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Талас шаарындагы жазуучунун эстелигинин алдында эскерүү иш чарасы менен катар “Улуттук адабият күнү” белгиленди.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу мектептер арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюнга 6 команда катышты.
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында айыл өкмөтү менен биргеликте синагидра фирмасы тарабынан түндүк — түштүк жолундагы Кочкор – Эпкин долбоорунун эсебинен бактар тигилди.
Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Биз зордук-зомбулукка жана рэкетке каршыбыз» аталышындагы 8-9-10-11-класстар үчүн иш-чара өткөрүлдү.
Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде 2022-жылдын 7-декабрында окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышкан «Атам, апам жана мен» деген темада спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Сокулук районуна караштуу Восточное айылынын тургундары айылдык мектепте окуучулар үчүн этномузей көргөзмөсүн уюштурушту. Этномузей көргөзмөсүн уюштуруунун негизги максаты-өткөн доор менен азыркы замандын тиричилик жашоосун айкалыштыруу, жаңы муунга өз элинин каада-салттары …
“Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” кампаниянын алкагында кече, 8-декабрда жөө жүрүш акциясы менен катар А. Огомбаев көчөсүндөгү №112 көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылган муралдын ачылышы болуп өттү.
Кант шаарынын №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Манас күнүнө карата райондук иш-чарага активдүү катышышты.
Ысык — Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто мектебинин мугалими Саадат Болотбекованын тил үйрөтүүдөгү эң башкы максаты акча табуу эмес, окууучуларга шаардагыдай мүмкүнчүлүк түзүп …
Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультмедиа борборунун ыктыярчыларына 3-декабрь күнү Бишкек шаарында 1 күндүк окуу уюштурулду. Бул окуу Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин студиясында өттү.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору болуп Мирбек Абылов дайындалды. 5-декабрь күнү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчичи Гүлбарчын Исакова мектеп жамаатына жыйналыш өткөрүп, Мирбек Абыловду …
6-декабрда Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү коомчулук тарабынан жайыт ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, «Кыргыз жайыты» ассоциациясынын төрагасы, Жергиликтүү кеңештин депутаттары, …
Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебиндеги 1 жумалык предметтик олимпиадалар болуп өттү. Олимпиадага 5-9- класстын окуучулары катышты. Бүгүн 6-декабрда олимпиаданын жыйынтыгы чыгып, грамоталар тапшырылды.
Соң-Көл орто мектебинде «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы 8-9-10-11-класстар аралык иш-чара өткөрүлдү.
Аида Эгембердиева элеттеги таланттуу инсандардын бири. Аны айыл эли ырчы, алып баруучу, мугалим катары таанышат. Учурда ал өзүнүн талантын мектеп окуучуларына арнап, «Жаш таланттар» ийримин жетектеп келет. Айыл жергесинде Аида …
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы Б.С Шаршенбаев атындагы 43 кесиптик лицейинде, «Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө» карата семинар уюштурулду. Бул семинарды «Биз СПИД дартына каршыбыз!» деген темада лицейдин медайымы …
3- декабрь- Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнүнө карата Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында 45 майыптыгы бар балдар жана ата-энелери үчүн концерт уюштурулуп, белектер берилди.
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айлындагы №43-Кесиптик лицейге Кемин районунун Алтымыш айылында жайгашкан №19 –кесиптик лицейдин жааматы «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибин окутууда органикалык жер иштетүү жана балдарды тарбиялоодо салттуу билимди …
Төлөк айылынын тургуну Чолпон Сокубашова сүмөлөктү мыкты жасайт. Ал Ноорузда жасалуучу сүмөлөктү көп жылдан бери жасап жүрөт.