Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Балыкчы: Мектепте ата-энелер менен биргеликте спорттук таймаш өттү

Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде 2022-жылдын 7-декабрында окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышкан «Атам, апам жана мен» деген темада спорттук мелдеш өткөрүлдү.

10 Декабрь 2022 жыл 10:33

Айылда этномузей көргөзмөсү уюштурулду

Сокулук районуна караштуу Восточное айылынын  тургундары айылдык мектепте окуучулар үчүн этномузей көргөзмөсүн уюштурушту. Этномузей көргөзмөсүн уюштуруунун негизги максаты-өткөн доор менен азыркы замандын тиричилик жашоосун айкалыштыруу, жаңы муунга өз элинин каада-салттары …

10 Декабрь 2022 жыл 8:11

Таласта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү

“Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” кампаниянын алкагында кече, 8-декабрда жөө жүрүш акциясы менен катар А. Огомбаев көчөсүндөгү №112 көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылган муралдын ачылышы болуп өттү.

9 Декабрь 2022 жыл 15:26

Видео: Ширин Сарыгулованын окуучулары манас айтууда

Кант шаарынын №2  К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Манас күнүнө карата райондук иш-чарага активдүү катышышты.

9 Декабрь 2022 жыл 10:23

Тасмада англис тилчи мугалимдин аракети

Ысык — Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто мектебинин мугалими Саадат Болотбекованын тил үйрөтүүдөгү эң башкы максаты акча табуу эмес, окууучуларга шаардагыдай мүмкүнчүлүк түзүп …

9 Декабрь 2022 жыл 10:18

Ыктыярчылар Жамааттык медианын 1 күндүк окуусуна барып келишти

Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультмедиа борборунун ыктыярчыларына 3-декабрь күнү Бишкек шаарында 1 күндүк окуу уюштурулду. Бул окуу Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин студиясында өттү.

8 Декабрь 2022 жыл 15:06

Казан-Куйган: Мирбек Абылов мектеп директору болуп дайындалды

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору болуп Мирбек Абылов дайындалды. 5-декабрь күнү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчичи Гүлбарчын Исакова мектеп жамаатына жыйналыш өткөрүп, Мирбек Абыловду  …

7 Декабрь 2022 жыл 13:17

Кочкор.Тажрыйба алмашуу максатында семинар өткөрүлдү

6-декабрда Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү коомчулук тарабынан жайыт ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, «Кыргыз жайыты» ассоциациясынын төрагасы, Жергиликтүү кеңештин депутаттары, …

6 Декабрь 2022 жыл 23:41

Суусамыр: Мектеп ичиндеги олимпиада жыйынтыкталды

Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебиндеги 1 жумалык предметтик олимпиадалар болуп өттү. Олимпиадага 5-9- класстын окуучулары катышты. Бүгүн 6-декабрда олимпиаданын жыйынтыгы чыгып, грамоталар тапшырылды.

6 Декабрь 2022 жыл 21:37

Зордук-зомбулукка каршыбыз!

Соң-Көл орто мектебинде «Биз зордук-зомбулукка каршыбыз» аталышындагы 8-9-10-11-класстар аралык иш-чара өткөрүлдү.

6 Декабрь 2022 жыл 11:33

Элеттеги таланттар: Аида Эгембердиева

Аида Эгембердиева элеттеги таланттуу инсандардын бири. Аны айыл эли ырчы, алып баруучу, мугалим катары таанышат. Учурда ал өзүнүн талантын мектеп окуучуларына арнап, «Жаш таланттар» ийримин жетектеп келет. Айыл жергесинде Аида …

6 Декабрь 2022 жыл 9:32

Лицейде «СПИД коркунучтуу дарт» деген семинар өттү

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы Б.С Шаршенбаев атындагы 43 кесиптик лицейинде, «Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө» карата семинар уюштурулду. Бул семинарды «Биз СПИД дартына каршыбыз!» деген темада лицейдин медайымы …

4 Декабрь 2022 жыл 16:09

Красная Речка: Майыптыгы бар балдарга майрамдык кече уюштурулду

3- декабрь- Эл аралык майыптыгы бар адамдардын күнүнө карата Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында 45 майыптыгы бар балдар жана ата-энелери үчүн концерт уюштурулуп, белектер берилди.

4 Декабрь 2022 жыл 16:07

Кесиптик лицейлер тажрыйба алмашууда

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айлындагы №43-Кесиптик лицейге Кемин районунун Алтымыш айылында жайгашкан №19 –кесиптик лицейдин жааматы «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибин окутууда органикалык жер иштетүү жана балдарды тарбиялоодо салттуу билимди …

4 Декабрь 2022 жыл 16:05

Сүмөлөккө камылга кышта башталат

Төлөк айылынын тургуну Чолпон Сокубашова  сүмөлөктү мыкты жасайт. Ал Ноорузда жасалуучу сүмөлөктү көп жылдан бери жасап жүрөт.

3 Декабрь 2022 жыл 20:28

Тогуз-Торо: 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптыгы бар жарандардын күнү белгиленди

“Биз биргебиз” аттуу бир айлык акциянын алкагында Атай айыл аймагында райондук деңгээлде иш чара өткөрүлдү. Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт …

3 Декабрь 2022 жыл 12:24

Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өтүлдү

Акталаа районунда АИВ-инфекциясын эрте табуу, аялдар жана балдар арасында илдеттин жаңы учурларын алдын алуу, өлүмгө дуушар болуу санын кыскартуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир айлык жарыяланып, бир катар …

2 Декабрь 2022 жыл 12:18

Акталаада СПИД илдети менен 22 бейтап каттоодо турат

Ак-Талаа районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун СПИД бөлүмүндө учурда аталган илдет менен 22 бейтап каттоодо турат. Алардын бардыгы райондун аймагында туруктуу жашабаганы менен дарыгерлер байланышта болуп турушат. Бөлүмдун дарыгери Махсальмина …

2 Декабрь 2022 жыл 12:14

Чолпондо СПИД ке каршы күрөшүү боюнча конкурс болуп өттү

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде ар жыл сайын жалпы 9-класстын окуучулары арасында өтүлүүчү «1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата» конкурс уюштурулат. Аталган кароо сынакта, СПИД жөнүндө кененирээк маалыматтар …

2 Декабрь 2022 жыл 12:05

Сүрөт баян: Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү белгиленди

Ар жыл сайын Кочкор айылында 1- декабрь күнү ВИЧ/СПИД оорусунуна  каршы жөө жүрүш уюштурулат.Бул жылы  иш- чарага  мектеп окуучулары жана Кочкор райондук оорукананын кызматкерлери катышып, окуучулар флешмоб, чакан сценка көрсөтүштү.

1 Декабрь 2022 жыл 22:19
Жума
23 Тогуздун айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...