Ак-Талаа районунда мектеп окуучулары Россияда өткөрүлгөн VII эл аралык армия оюндарында (АрМИ-2021) ийгилик жараткан Талантбек Илимбеков менен жолугушту.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 1-октябрь Улгайган адамдардын күнүнө карата карыларга сый-урмат көрсөтүлдү.
Суусамыр айыл аймагы боюнча оруп-жыйноо иштери жылдагыга караганда кечигип жатат. Анткени жазында аба-ырайынын кургак болушу жана жаздын кеч келиши себеп болууда. Мындан улам, түшүмдүн баасы жогору бааланууда. Быйылкы жылдагы арпанын …
Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектеби авариялык абалда. Бул мектеп 1927-жылы курулган. Окуучулар мектептин авариялык абалына карабастан билим алууга мажбур.
Сары-Булуң аймагында күзгү талаа иштери жыйынтыктала элек. Учурда айылдын тургундары күзгү оруп-жыйу менен алек. Жалпысынан 1839 гектар жер айдалган
Пандемия шартына карабастан учурда дыйкандар күзгү оруп-жыюу, түшүм жыйноо иштерин өз убагында бүткөрүп алуу аракетинде. Антпесе жай бою жасаган эмгек кар алдында калуусу толук мүмкүн.
Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын ,№15 кесиптик лицейинде кыргыз чаар тоокторду багылып жатат. Тооктор долбоор аркылуу алынып келип, максаты кыргыз чаар тоогун сактап калуу болгон.
Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл аймагында үлүштүк дем берүүчү грант аркылуу айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жолдор оңдолуп, аймакка караштуу орто мектептин китепканасы жана ашканасынын пайдубалы курулууда. Тогуз-Торо райондук …
Сары-Булуң айыл аймагына Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан айыл чарба техникалары алынган. Күзгү талаа иштеринде эл айыл өкмөткө караштуу техникаларды пайдаланды. Айыл тургундары жеке менчик техникаларга салыштырмалуу анын артыкчылыктарына токтолду.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында мал-жандыктардан анализ алуу иштери жүргүзүлдү. Буга себеп айыл тургундары арасынан бруцеллёз менен ооруп жаткандар катталды. Куланак айылындагы №1 Үй — бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы бруцеллёз …
Ковид илдетине жалпы январь айынан бери 106 учур катталды. Ал эми акыркы бир ай ичинде 13 учур болду.Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова карантиндик чаралардын жоктугу, элибиздин кайдыгер …
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы Орто-Сай жана Таканай-Сай сайларына коопсуздук үчүн таш төшөлүүдө. Бул аракет жергиликтүү элдин короолорун жана бактарын коркунучтан арылтуу максатында башталды.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында кылкандуу дан эгин гектарына 24 центнерден айланды. Ал эми айыл эли эгинди Куланак айылында жайгашкан кампага сакташат.
Барскоон айылында жалпысынан төрт мал доктур эмгектенет. Алардын экөөсү мамлекеттик, ал эми экөөсү жеке менчик мекемеде эмгектенген мал доктурлар. Алар мал-жандыктардын арасындагы жугуштуу ылаңдарды жайылтпоо үчүн ар дайым алдын ала …
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында күзгү жыйноо иштери 95% га жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл башка жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз жана суу жетишсиздигинен улам эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөн болду дейт.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында жаштар менен бирге иш алып баруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда жакынкы аралыкта бир долбоордун алкагында жаштар менен иштешүү …
Ысык-Көл облусунун Түп районунуна караштуу Талды-Суу айылында кош майрам белгиленүүдө. Талды -Суу айылынын 150 жылдыгы жана Мукай Элебаев атындагы орто мектебинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маараке өттү.
Жаңы окуу жылы мектептеги жакшы өзгөрүүлөр менен башталды. Суусамыр айыл аймагындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебине айыл өкмөт тарабынан көзөмөл жүргүзүү камералары орнотулду. Бул мугалимдер жана окуучулар үчүн күтүүсүз жаңылык …
Жалал-Абад облусунда жаңгак терүү башталды. Могол айыл аймагындагы жаңгактар эки жылдан бери аз түшүм берип келет. Жаңгактын түшүмү жакшы болгондо кошумча киреше булагы болот дейт жергиликтүү тургундар. Материалдын аудио версиясын …
Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн жалпы чыгымдары дээрлик 5 миллион сомду түздү. Бул каражаттын негизги багытары тууралуу башкы эсепчиси Эркинбек Абдраимов маалымат берди.