Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү. Максаты айыл өкмөт адистеринин жана депутаттарынын, жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн жөндөмдөрүн жакшыртуу, 2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча түшүндүрүү иштери болгон. Анда, калктын ой-пикирин эске алуу …
«Күйөөм, ага кошулуп кайын энем да зомбулук көрсөтчү. Акыры жүрөк үшүткөн «ушундан көрө бул өлсүн же мен өлөйүн» деген ой пайда боло баштады». «Эрте нике» аталышындагы үй-бүлөдөгү зомбулукту, эрте никеге …
Оттук айылында коронавирус оорусу менен катталгандар жок. Бул тууралуу ооруну алдын алуу боюнча иштерди көзөмөлдөө штабы билдирди.
Тогуз- Торо районунун Кара-Суу айылынын Жийде участкасындагы сел коркунучу бар аймак ондолуп, сел тосмолору бекемделди.
Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Замира Орунбаева илдет менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу эмдөө деп белгилейт. Учурда эмдөөгө каршы таратылып жаткан жалган маалыматтар адамдарды адашууга алып келип жатканын айтат.
Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 1 учур катталды. Ковид-19 оорусуна каршы 15-июлдан бери Сары-Булуң айыл аймагында эмдөө иштери жүрүп жатат.
Нарын шаарынан эки чакырымдай алыс жерде жайгашкан Карга жайлоосундагы таштанды төгүлчү жайдан малдын өлүгүнөн баштап металлды да, желимди да, айтор баарын тапса болот. Таштанды төгүлчү жердин аянты барган сайын кеңейип …
Дарыгерлердин айтуусу боюнча, кайрадан экинчи ирет ковид менен ооруп калышы мүмкүн, адистер оорубайт деп эч ким кепилдик бере албайт деп коңгуроо кагышууда.
Элет жеринде жаш келиндердин мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна, ишкердик менен алектенүүсүнө түшүнбөөчүлүк менен мамиле кылып, тоскоолдуктар болгон учурлар дагы эле кездешүүдө. Ошого карабай күйөөсү иштетпей койгон элеттик келин чоң китеп дүкөнүн …
Учурда Суусамыр айылдык штаб коронавируска каршы жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, массалык иш чараларды той-аш, куран айттыруу, юбилей өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген.
Ат-Башы районундагы Ат-Башы жалпы дарыгерлер практика борборунда үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда биринчи жолу жүрөккө операция ийгиликтүү жасалды.
Коронавирустун адамга экинчи ирет жугушу коркунучтуу. Анткени, ал организмдеги бир канча органдарды талкалаган вирус. Азырынча айрым дарыгерлер илдетти экинчи жолу жукпайт деп эч ким 100% кепилдик бере албаганын айтышат.
Нарын районуна караштуу Оттук айылында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Оттук ФАПтын медайымы билдирди.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 106 миллиондон ашуун киши Covid-19 вирусун жуктурду, 2,3 миллион киши каза тапты. Бул боюнча Сүлүктү шаарында кандай иш жүрүп жатат? Шаардык …
Ысык-Көл облусунун Туп районуна караштуу Тасма айылындагы “Нур FM” жамааттык мультимедиа борборунда 12 кабарчы ыктыярчылар бар. Алар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатат кызыгып көрдүк.
Бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер башынан өткөрүп жаткан дүйнө кризиси карапайым калкка таасирин тийгизип жатат. Себеби, азык-түлүктөн баштап айыл чарбага чейин бардык кызматтар жана товарлардын баасы кымбат болууда.
Адамзат тарыхындагы эң ири жапырт эмдөө жараяны жүрүүдө. Учурда Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө дем алышсыз, бекер коронавирус илдетине каршы вакцинациялоо иши жүргүзүлүп жатат.
Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 314тү түздү. 38 адам экинчи жолу коронавирус илдетине чалдыккан.
Өлкө аймагында июль айында Ковид-19 вирусуна чалдыккандардын катталуусу жогорку чекке жетти. Дарыгерлердин айтуусу боюнча абал оор бойдон калууда. Бирок 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу кырдаал бир аз жакшыраак.
Кыргызстанда акыркы айларда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, жашылча-жемиш, курулуш материалдары былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттады.