Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Кара-Суу айылы: Өз ыктыяры менен вакцина алгандар көбөйдү

15-июлдан баштап Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Ковид-19 вирусуна каршы эмдөө жүргүзүү кайрадан улантылды. Алгачкы эмдөө ушул жылдын май-июнь айларында жүргүзүлгөн. Биринчи эмдөөдө көпчүлүк жарандар эмдөөдөн баш тартышкан, себеби алар вакцина …

15 Июль 2021 жыл 19:45

Тогуз-Торо районунда 14-июлда COVID-19 оорусуна каршы эмдөөлөр башталды

Эмдөө Кытайдын «Sinofarm» компаниясынын «Vero Cell» вакцинасы менен жүргүзүлөт. Районго 1390 доза келди. Ден-соолугуна байланыштуу эмдөөнү каршы көрсөтмөсү жок 18 жаштан жогору бардык жарандар, райондун аймагында ачылган эмдөө пункттарында эмдөөдөн …

15 Июль 2021 жыл 17:46

Суусамыр: Вакцина алууда элдин кабыл алуусу жакшы

Суусамыр айыл аймагында 40 адам эмделди, алардын көбү мед кызматкерлер. COVID-19 вирусуна каршы эмдөө, 18 жаштан 65 жашка чейинки адамдарга жүргүзүлөт. Ал эми 65 жаштан өткөн адамдар СПУТНИК V аталышындагы …

15 Июль 2021 жыл 10:53

Кызыл-Булактын кабарчысы “Жаш кабарчы” жайкы лагерине катышып жатат

Бишкекте жамааттык ЖМКлар бирлиги тарабынан уюштурулган «Жаш кабарчы» жайкы лагерине Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчы кабарчысы Чынара Көчкөнбаева катышып жатат.

14 Июль 2021 жыл 16:48

Элеттеги ден соолук: Кары адамдардын ден соолугу кандай?

Төлөк айылындө өнөкөт оорулар менен ооруган кары адамдар көп, алардын көпчүлүгү кан басымы жогору экенин билдиришти. Бул дарт тоолуу айылда  жашаганыбыздан дейт, биз менен маектешкен Кубат Касымалиев.

14 Июль 2021 жыл 16:16

Айылдарда COVID-19 каршы эмдөө башталды

Токтогул району боюнча ар бир айылга 250 дозадан COVID-19 оорусуна каршы вакциналар бөлүнүп, эмдөө башталды. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана медицина кызматкерлери алышууда.

14 Июль 2021 жыл 10:25

Сүлүктүдө эпидемиологиялык шарт оорлошуп чакан штабдар түзүлүүдө

Сүлүктү шаары боюнча пандемияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча штабдын маалыматы боюнча 2021-жылдын 13-июнга карата Сүлүктү шаары боюнча 155 адам ооруп катталган. Алардын ичинен 45 адам айыгып чыкты, 82 …

13 Июль 2021 жыл 20:34

Суусамыр: Тунук айылындагы эпидемиологиялык абал

Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылында Covid-19 илдетине чалдыккан тургундар бар. Оор абалдагылары райондук ооруканага жеткирилүүдө. Жеңил түрү менен ооругандар дарыгердин көзөмөлүндө болуп, күндүз ФАПка келип дарыларын алышат.

13 Июль 2021 жыл 17:28

Сузак: Кичи грант уткан жаштар мектепке кыздар үчүн курс ачышты

«Жаратман жаштар долбоорунун алкагында «Сузак айыл өкмөтүнөн №2 Дом-Ата, Х.Алимжон мектептеринен  эки демилгелүү топ катышып, кичи грант утуп алышкан.

13 Июль 2021 жыл 14:53

Ача-Кайыңды айылында ковид менен ооругандар жок

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында ковид менен ооруган бейтаптар жок. Бул тууралуу маалыматты аталган айылдагы ФАПтын кызматкери Бурул Муталыпова билдирди.

13 Июль 2021 жыл 14:36

Айыл өкмөттөрдө айылдык штаб түзүү боюнча көрсөтмөлөр берилди

Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондо чектөөчү/карантиндик чараларды киргизүүдө, ишке ашырууда эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссия иш алып барууда. Курамы тогуз адамдан турган комиссия райондогу абалга жараша отурумдарды өтүп, алдын алуу …

12 Июль 2021 жыл 15:56

Акталаадагы «Кызыл зонада» 16 адам дарыланууда

Ак-Талаа районунда  быйыл  COVID-19 үстүбүздөгү жылдын май айында катталган. Андан бери жалпы 21 бейтап аталган илдет менен жабыркап, 9 бейтап дарыланып чыккан. Ал эми 8 бейтап учурда райондук жалпы дарыгерлик …

12 Июль 2021 жыл 12:50

Баалардын кымбатташы элеттиктерге тийгизген таасири

Баалардын кымбатташы, карапайым элге таасири тийип жатат. Мисалга алсак, азык-түлүктүн баалары 100%га кымбаттады, ал эми эмгек акылары мурункудай эле. Тапкан эмгек акылары, тамак-аштан ашпайт деген ойлорун айыл тургундары билдирүүдө.

12 Июль 2021 жыл 11:55

Оттук: Айылда кийим тигүүчү цех ишке кирди

Айыл жергесинде жумушсуздукту жоюу боюнча ар кыл иштердин болуп жаткандыгы элдерди кубандырбай койбойт. Нарын районуна караштуу Оттук айылында чакан кийим тигүүчү цех ачылды. Бул цехте жалпысынан 7 тигүүчү автоматтык машина …

12 Июль 2021 жыл 10:20

Жаңы-Жер айылдык штаб COVID-19 менен ийгиликтүү күрөшүүдө

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында коронавирус илдети күч алууда. Жаңы-Жер айылдык оорукананын башкы дарыгери Шухрат Таджибаевдин билдирүүсү боюнча, айыл аймактык ооруканада дарыгерлердин бардыгы оору жуктуруп алышкан. Айыл элине кызмат …

12 Июль 2021 жыл 10:08

«Кыргызстандын мыкты окуучусу» наамына татыган Гүлсүнай

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин 10-классынын окуучусу Гүлсүнай Токтобаева окуучулар арасындагы сынакта «Кыргызстандын мыкты окуучусу» наамына татып, биринчи орунду багындырды.

12 Июль 2021 жыл 9:27

Айыл өкмөт башчы: «Той-аш, конокко барууну токтотолу»

Суусамыр айыл аймагынын башчысы айыл элин зарыл жумушу жок болсо же той-аштарды, конок тосууларды токтотууну, көчөгө себепсиз чыгууну чектеп турууну айыл тургундарына эскертүүдө. Себеби, учурда айыл аймакта ооруган жана оорудан …

11 Июль 2021 жыл 14:48

Бааларынын туруксуздугу ишмерлердин ишине тоскоолдук жаратууда

Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө пандемия учурундагы жеке ишкерлердин жана карапайым элдин азык-түлүк товарлардын жана курулуш материалдарынын бааларынын кескин жогорулашы калкты түйшүккө салды.

11 Июль 2021 жыл 11:29

Акталаада медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда Бүткүл дүйнөлүк медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди.

9 Июль 2021 жыл 22:49

Ак-Талаадагы ооруканада 11 адам дарыланууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы ооруканада COVID-19 вирусунан 6 адам, пневмониядан 5 адам дарыланууда.

8 Июль 2021 жыл 22:25

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...