Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.
Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде Үркүндүн 100 жылдыгына карата тасма коюлду.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тугуну кийзиден ар кандай буюмдарды жасайт. Долбоор менен аялдарды окутуп, акысына азык-түлүк жана акча төлөп берет. Учурда Германиядан буйрутма келип, аны менен алек.
Түп районуна караштуу Чоң Тогузбай айылынын мал доктуру Марсбек Токтосунов өз кесибин 15 жылдан бери аркалап келет. Ага мамлекет акча төлөбөсө да колунан келген аракети менен айылга салымын кошууда. Айылдын …
Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Эрмек Бабакулов эки жылдан бери короз багып келет. Анын корозу 12-ноябрда өткөн короз урушта район чемпиону болду.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Талаа районунун аймагында 15 өрт кырсыгы катталган. Ал эми былтыр болсо жыл ичинде он өрт кырсыгы болгон.
Узап бараткан жылда “Айыл банк” акционердик коомунун Ак-Талаа регионалдык бөлүмү жалпы 700гө жакын кардарды тейлеп, 40 млн сом акча каражатын насыя катары берген. Бул боюнча бөлүмдүн менеджери А. Кулов менен маек …
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча акимдин орун басары Ж.Мамбетова өтүп бараткан жылдагы жасалган иштер тууралуу бизге маек курду.
Лейлек районунун Андарак айылында кароосуз калган иттер көбөйүүдө. Айыл ветеринарынын айтымында, буга иттердин көптөн бери атылбай жатканы себеп болууда.
Талас шаарында жаңы жылдык балаты орнотулуп, жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Жыл сайын жаңы жылдык балаты Талас шарынын музыкалык мектебинин алдында орун алат.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Сейдали Өмүрзаков мал-чарбачылыгы менен алектенет. Бул иш менен алектенгенине бир жылдын жүзү болду.
Түп районун Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов орто мектебине жаңы үлгүдөгү компьютер жана принтер айыл өкмөт тарабынан тапшырылды.
Лейлек районунун Исфана шаарындагы Гагарин орто мектебинде райондук деңгээлде “Өнөктөштүк ийгиликтин ачкычы” деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул жыйында Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган …
Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы жеке менчик шире сыгуучу жай иштегенине алты жыл болду. Учурда бул жерде үч адам иштейт.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Искра айылында жаңы чайкана ачылды. Аны айыл тургуну Гайбулла Умаркулов салган.
Бишкекте 17-18 декабрь күндөрү жамааттык мультимедиа жана радиолордун жетекчилери эки күндүк иш семинарына чогулушту. Анда узап бараткан жылдын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки жылга карата пландар талкууланды.
Все готовятся к Новому Году очень тщательно. Выбор подарков, костюма для карнавала и составление меню для новогоднего стола. Но иногда мы хотим просто отметить праздник в компании друзей.
Талас шаарында Kerben Palace мейманканасынын конференц залында “Вичтин профилактикасы: ВИЧ жана миграция” темасында тегерек стол болуп өттү.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагы сел көп келүүчү жана коркунучка дуушар болуучу аймак болуп саналат. Учурда селден коргонуу үчүн селканалардын четтерине тосмолорду коюу иштери пландалды.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектебинин мугалими Ажиева Гүлжан. Ал көптөгөн окуучуларды окутуп уядан учурган.