Ноокат районунун Куу-Майдан айылында арыктарды тазалоо иши жүрүүдө. Арыкты тазалоо ишин айыл тургундары ашар жолу менен кылууда.
Кара-Талаа айылында азиз балдар Аскар Жекишов жана Ислам Сыдыковго жардам берүү максатында ырчылар Нурзат Байзакова Элмира Дүйшееванын коштоосунда «Жараткан жарыкты неге аядың?» аттуу кайрымдуулук концерти болуп өттү.
Кара-Талаа айылынын тургуну Жээнтаев Ишенбай өз үйүнө чакан тоок ферма ачты.
Азыркы учурда Кыргызстанда насыя берүүчү компаниялар ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү бизнести өнүктүрүү үчүн берилет. Суусамыр айылында насыя берүүчү үч уюм бар.
Тасма айылынын тургуну Лиза Кыдырбаева бозо жасап айыл тургундарына сатууда. Айтымында ата-энелер балдарынын табитине жараша буйрутма менен бозо жасатат.
Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар, ал көчөлөргө жарык кою маселеси көйгөйлүү маселелердин бири экенин билдирет айыл тургундары. Айылдагы Абдыкерим көчөсүнө жарык орнотулуп азыркы күндө алар иштебей жататканын айтышат тургундар.
Куланак айылындагы Он сарай жана Төрт сарай аймагында 11-май күнү эртең мененки саат 7де кыян каптоо болду. Кыян жогоруда аталган аймакта жашаган тургундардын короосунан үйүнө чейин каптап кирген.
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Мында окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана ар кандай түнкү отуруштарга жибербөө керектиги тууралуу мектеп директору жана милиция эскертүү берди.
Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы аялдаманын шарты жок. Айыл тургундары жаңы аялдама курулса дешет.
Ноокат районунун Байыш айылында таза суу жетишсиз. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болууну каалашат.
Куланак айылында13-май күнү биргелешкен айыл таланттары менен бирге «Оболо, Тенир-Тоо таланттары» деген ыр кесе болуп өткөн. Аталган ыр кесенин уландысы 14-май күнү Учкун элине тартууланды.
Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында жаштар келечек муундарга ден-соолукту чыңдоо максатында футбол аянтчасын куруп жатышат. Спорт аянтчасын куруу 15-апрелден башталган болсо, 25-майга чейин бүтүп калаарын айтышат алар.
Клооптун журналистика мектебинен окуп келген тренер Бегимай Бекмурат кызы Нарын районунун Сары-Ой айылына барып, онлайн журналистика жана сүрөт баян даярдоо боюнча сабак өттү. Сабакка 20 окуучу катышты.
Ушул жылдын апрель айынан баштап Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде тогуз коргоол боюнча 20-майына чейин мектеп арасында өтө турчу чоң мелдешке тандоо оюндары башталган. Бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулардын көптүгүнөн …
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары Манас, Семетей жана Сейтек уюмдарына мүчө болушту. Ага 2-класстан баштап 8-класска чейинки окуучулар катышты.
Ноокат районунун Жаңы-Базар айылында «Айназик» чеберканасы ишке кирди. Цех айыл тургундарына керектелген буюмдарын тигип берет.
Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылындагы «Алыкул Осмонов» балдар бакчасында орундар жетишсиз. Бакчада негизинен 60 бала тарбияланат, чоң жана кичине тайпа болуп экиге бөлүнөт.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектеби 2014-жылы БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде мектеп ашканасына ысык тамак даярдоо үчүн 1 миллион сомдук акчага керектүү жабдыктарды жеңип алышкан. 2016-жылы аталган долбоордун уландысынын …
Кызыл-Туу айылынын С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде жайгашкан этноботаникалык бакчада тосмолор орнотулат. Тосмону «Жаш натуралист» ийриминин мүчөлөрү өз колдору менен табигый материалдардан жасап жатышат.
Кызыл-Туу айыл өкмөтү айылдагы 4 мектептин мугалимдер арасында «Жылдын мыкты мугалими» кароо сынагы өттү. Ага С.Абдылдаева атындагы орто мектебинен башталгыч класстын мугалими Алымбүбү Исмаилова катышты.