Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Андарактын ички жолдору сентябрь айына чейин жол оңдолот

Сумбула айылынын негизги жолдору оңдолбой келет. Айыл өкмөттүнүн жер адиси Кошбаков Үсөн жолду асфальттоо планына киргенин, сентябрь айына бүтөөрүн айтат.

18 Май 2016 жыл 17:00

Барскоон: Мектептин президенти шайланып жатат

18-майда Э.Кендирбаев мектебинде президентти шайлоо куну болду. Мектеп окуучуларынын татыктуулары президентикке талапкер болушту. Шайлоо алдында талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырып шайлоого чейинки алгачкы иштерди жасашты.

18 Май 2016 жыл 16:07

Кызыл-Булак: Мектепте жаш өспүрүмдөр уюмунун 20 жылдыгы белгиленди

Ноокат районунун Кызыл-Булак айылындагы Айбашев орто мектебинде Жаш өспүрүмдөр уюмунун 20 жылдыгы белгиленди. Мектептин мыкты окуучалары “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кошундарына өтүшүштү.

18 Май 2016 жыл 14:15

Чеч-Дөбөнүн аялдамасы 2017-жылы оңдолуп калышы мүмкүн

Ноокат районунун Насирдин Исанов айыл аймагына караган Чеч-Дөбө айылынын тургундары аялдама маселеси боюнча көйгөйлөр бар экенин айтышкан. Биз бул тууралуу Исанов айыл өкмөтүнүн орун басары Үсөн Маткалыков менен маек курдук.

18 Май 2016 жыл 12:22

Депутаттар шайлоочуларына берген убадаларын аткарууда

     «Бактысы бар элдин башчылары жакшы болот»- деген накыл кеп элибизде бекеринен айтылбаса керек. Сүлүктү шаарынын калкы да жакшы жол башчыларына ыраазы.  Бул боюнча Сулуктудо шаардык денгээлде 105 кишинин …

18 Май 2016 жыл 11:38

Учкун: Быйылкы 10 жылдыктар мектептин спорт залын оңдошту

Мектептин быйылкы 10 жылдыктары мектепке белек катары спорт залды өздөрү демилгелеп оңдоп түзөдү. Мектеп залына жаңы эшик салып, ичин толук сырдашты.

18 Май 2016 жыл 11:19

Коңорчок: Ыр-бий ийриминин мүчөлөрү жаңы формалуу болушту

Коңорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебиндеги ыр-бий ийриминин мүчөлөрү жаңы форма менен камсыз болушту.

17 Май 2016 жыл 19:45

Ветеринарлар кесиптик майрамын белгилешти

Ак-Талаа районундагы ветеринарлар кесиптик майрамын белгилешти. Майрамга арналган жыйын Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

17 Май 2016 жыл 19:22

Учкунда АЧД сабагы боюнча өрөөндүк мелдеш өттү

Учкун мектебинде 30-апрель күнү Аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке жалпы беш өрөөн катышып, ок атуу, саптык көнүгүүлөр жана даярдыктар, жеӊил атлетика жана башка түрлөр боюнча күч сынашышты.

17 Май 2016 жыл 17:03

Токтояндын Жаштар ансамблинин түзүлгөнүнө беш жыл болду

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов №18 орто  мектебинин Жаштар ансамбли курулуп, алар көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө.

17 Май 2016 жыл 16:18

Кара-Суу: Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик аттестацияга кандай даярданууда?

Кара-Суу айылынын бүтүрүүчү класстарды экзаменге кандай даярдык көрүп жатышканын билүү үчүн аларды кепке тарттык.

17 Май 2016 жыл 15:15

Кара-Суунун бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайга тапшырат?

Жайыл районундагы Кара-Суу айылынын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты бүтүрүүчүлөрүдөн алсак.       Кара-Суунун бүтүрүүчүлөрү кайсы окуу жайга тапшырат? — Мен Нурбеков Сыймык, азыркы учурда Кара-Суу орто мектебинде 11-классында окуп …

17 Май 2016 жыл 10:15

Менин ийгилигим: Насыяны максаттуу пайдалануу

Бүгүн “Менин ийгилигим” долбоорунун алкагында насыяны максаттуу пайдалануу тууралуу сүйлөшөбүз. Анда алгач насыя эмне экендигине токтололу.

16 Май 2016 жыл 23:25

Ооган-Талаада качан чакан ишканалар курулат?

«Ооган-Талаа айылында чакан ишканалар жок болгонуна байланыштуу биз көбүнчө башка жерге барып жумушубузду бүтүрөбүз» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе туралуу айыл башчы Муктар Дөлдөев менен маек курдук.

16 Май 2016 жыл 22:27

Учкун: Жаанга карабай топ ойногон жаш футболчулар

Эшбай Токсобаев атындагы мектептин мектеп парламенти 4-апрелде футбол боюнча “Учкунстан кубогу” аталышындагы мелдеш өткөргөн. Жамгырдын жааганына карабай 7-класстын окуучулары 16-апрелде аталган мелдешти демилгелеп уюштурду.

16 Май 2016 жыл 17:30

Куу-Майдан: Таланты таш жарган Эрболсун Баратали уулу

Ноокат районунун Жапар Нышанов орто мектебиндеги таланты таш жарган Эрболсун Баратали уулу жаштайынан тартып өзү ырларды жазып ырдайт.

16 Май 2016 жыл 17:21

Куланакта кыян түшкөн көпүрөлөр оңдолууда

Куланакта тынбай жааган жаандын кесепетинен кыян каптагандагын кабарлаганбыз. Учурда кыян түшкөн көпүрөлөр оңдолуп жатат. Иш жүрүп жаткан жерден маектештик.

16 Май 2016 жыл 15:09

Андаракта бокс ийрими ачылды

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 14-май күнү бокс ийрими ачылды. Ийримдин машыктыруучусу Жумабек Батыров. 

16 Май 2016 жыл 14:39

Сары-Ой: Мектептин чатыры жана терезелери оңдолду

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мектептин эскилиги жетип, 2015-жылы май айында тендерди утуп алышкан. Анын негизинде мектептин чатыры жана терезелери жаңыланды.

16 Май 2016 жыл 14:13

Учкундун жаңы салынып жаткан мечитине мунара орнотулууда

Билал Исаковдун демилгеси менен2015-жылы Учкун айылында мечиттин курулуш иши башталган. Ал эми азыркы учурда мечитке мунара орнотуу иштери жүрүүдө.

16 Май 2016 жыл 13:49

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...