Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Учкун: Айылда көмүрдүн күйүшүнө ким күнөөлүү?

1397637631_tmp__рисунок__1_
Айылга 2013-жылы 600 тонна көмүр келип түшкөн. Анын 100 тоннасы сапатсыз күйүп кеткен. Мындай окуя Учкун айылында биринчи жолу жүз берип жаткан жок, буга чейин 2011-жылы да мындай окуя катталган.

15 Апрель 2014 жыл 17:14

Учкун: Айыл тургунунун күнөсканасына сапар

1397637293_tmp__рисунок
Жалпы аянты 200 квадрат метрди түзгөн бул күнөскананы Айбек Мусалиев мындан эки жыл мурда курган. Алгачкы жылы бадыраң жана помидор өстүрүү менен баштаган болсо, быйыл лимон менен баклажан кошо өстүрө баштады.

15 Апрель 2014 жыл 16:56

Ооган-Талаа: Айылдын сыймыгы Бактыкан Адбирешова

wpid-foto0060
Жыйырма алты жылдан бери акушер-гинеколог болуп иштеп жаткан Абдирешева Бактыкан төрт айыл өкмөттүн келин-кыздардына кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге Үй-бүлөлүк дарыгер тобунда да эмгектенип келет.

15 Апрель 2014 жыл 14:33

Орок: айылга жаңы автобус каттамы ачылды

20140326_101002

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан тарта Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагында биринчи жолу автобустук каттам ишке кирди. Айыл тургундары автобустун эрте токтоп калып жаткандыгына нааразы болууда.

11 Апрель 2014 жыл 14:15

Жал: Мультимедия борборуна Европарламент өкүлдөрү келди

IMG_2144
Жал айылында Мобилдик мультмедия борборунун ишмердүүлүгү менен танышуу максатында Евробиримдиктен атайын өкүлдөр келишти. Мындан бир топ убакыт мурда ачылган борборубуз жана кандай ийгиликтерге жетишкендигибиз тууралуу презентация жасап алар менен тааныштырдык.

11 Апрель 2014 жыл 10:42

Токтоян: Айылдык чогулушта жазгы жайыт маселеси талкууланды

image-258.jpg

Токтоянда айылдык чогулуш болду. 8-апрелдеги курултайдын башкы маселесине жазгы иш чаралар жана мал чарбасы тармагында иштер киргизилди. Мында айыл тургундарынын жайыттар боюнча ой пикирлери жана сунуштары угулду.

10 Апрель 2014 жыл 20:46

Ооган-Талаа: Кара-Үнкүр дарыясынын жээгин суу алып кетүү коркунучу бар

wpid-20140330_1827461
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Нурдинович эгерде дарыянын жээги бекемделбесе, суу ашып кетип ошол жердеги суу кампасына кооптуулук жарата тургандыгын жана бул иштерди жалпы айыл тургундары аткарып жаткандыгын маалымдайт.

1 Апрель 2014 жыл 12:37

Куланак айылында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди

wpid-20140320_123254

Нооруз майрамы мугалимдердин «Сармерден» оюн-зоок кечеси менен коштолду. Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз. Андыктан Нооруз майрамында  жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап өттү.

27 Март 2014 жыл 12:25

Куланак: Жеңишгүл Султанова сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнап келүүдө

wpid-20140318_174953

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, Лениндин 100 жылдыгына карата медалынын, Кыргыз ССРинин ардак грамотасынын ээси, бир нече жолку Нарын областтык, райондук кеңешинин депутаты Жеңишгүл Султанова өзүнүн сүйгөн кесибине өмүрүнүн 45 жылын арнады.

19 Март 2014 жыл 10:39

Куланактын окуучулары Нарын райондук «Жаш талант» фестивалына жолдомо алды

wpid-20140314_110707
Окуучулардын талантын өркүндөтүү максатында Нарын районуна караштуу Куланак өрөөнүнүн «Жаш талант-2014″ кароо-сынак фестивалы Учкун айылында болуп өттү. Куланак айылынан барган окуучулар алдыңкы орундарды багынтып, Нарын райондук фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

19 Март 2014 жыл 10:26

Ооган-Талаа: Бешинчи март – ак калпак күнү

wpid-20140305_090331
Айыл тургундарынын айтуусу боюнча бүгүн Кыргызстанда эң маанилүү күн. Анткени кыргызды кыргыз кылган «Ак калпак» дешет.

6 Март 2014 жыл 10:36

Ооган-Талаа: Айыл тургундары кыштын суугунан улам отун ташууда

wpid-20140225_184133
Айыл тургундарынын айтуусу боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кыш оор болду. Февраль айында аба ырайы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу отун жетишпестиги келип чыкты.

5 Март 2014 жыл 14:45

Ооган-Талаа: 2014-жылга карата айыл планы

wpid-20130723_160338
Айылыбыздагы мобилдик жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү айыл өкмөткө барып, быйыл жасоочу иштери туурасында суроо салды. Айыл өкмөттөн билдиришинче, 2014-жылы Могол айыл аймагындагы айылдарда төмөнкүдөй жумуштар аткарылмакчы.

5 Март 2014 жыл 14:34

Аудио: Кара-Сууда айылдык ден-соолук комитетинин кызмат көрсөткөнүнө алты жыл толду

vrach

Кара-Сууда айылдык ден-соолук комитетин (АДК) 2007-жылы Швейцариянын жараны негиздеген. АДКнын чет өлкөлүк донорлордун колдоосу менен кызмат кылып келе жатканына алты жылдын жүзү болду. Бул тууралуу АДКнын жетекчиси Гүлнур Дүйшөнкулова менен маектешип келдик.

26 Февраль 2014 жыл 15:01

Ооган-Талаа: Бий сынагында аймактык мыктылар аныкталды

image-179.jpg
Айылдагы №17 мектептин 6-9-класстарынын арасында үч багытта бий сынагы болуп өттү. Индия бийин аткарган кыздардын тобу мыкты деп табылып райондук сынакка жолдомо алышты.

18 Февраль 2014 жыл 18:39

Кызыл-Булак: Тургундар быйыл айыл өкмөттөн эмнелерди күтөт?

wpid-20131116_110431
Кулатов айыл өкмөтүнүн борборунда жайгашкан Кызыл-Булак кыштагынын жашоочуларынан, айыл жетекчисинен быйыл эмне жумуш жасап беришин сураганыбызда, көпчүлүгү биринчи кезекте жол маселесин чечип берүүсүн айтышты. Бирок айрымдары айылда маданий-спорттук имараттардын жетишпестигин айтып, ага карата атайын максаттуу иш-чаралардын жүргүзүлүүсүн каалашкандыктарын билдиришти.

13 Февраль 2014 жыл 11:36

Куланак: Аралбаев мектебинде муз аянтчасы даярдалууда

wpid-20140129_144137

Айылда муз аянтчасынын курулушунда мектеп мугалимдери Бейшенбек Иманов жана Жекшен Абдышүкүровдордун эмгеги зор. Агайлар кышкы каникулда эмгектерин жумшап балдарга муз аянтчасын даярдашты.

7 Февраль 2014 жыл 10:58

Ооган-Талаа: Талжырга көчөсүндөгү жар кооптуу абалда

image-170.jpg
Ооган-Талаа айылынын Талжырга көчөсүндөгү чоң жар буга чейин көчүп бир топ айыл тургунун үй-тамсыз калтырган. Анын азыркы абалы туурасында айыл тургундары кооптонуп жаткандыгын билдиришти.

4 Февраль 2014 жыл 12:50

Кызыл-Булак: «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

image-130.jpg

Конкурска тогуз мектептин 8-9-классттарынын алты окуучусу бир команда болуп катышты. Атайын аны кыргыз тил мугалимдери жетектеди.

31 Январь 2014 жыл 10:12

Кызыл-Булак: Беш айыл үчүн бир балдар бакчасы

image-122.jpg

Биздин Арык теит айылындагы «Нур» бала бакчасы 2004-жылы ачылган. Бул бала бакчага беш айылдан балдар келет. Себеби башка айылда бала- бакча жок. Учурда балдар мектепке чейинки билимди ушул жерден алууда.

28 Январь 2014 жыл 21:25

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...