Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Куланак айылында 54 үй-бүлө гуманитардык жардамга муктаж

unnam65454ed

Жардам алуучу тизмеге тоголок жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирген. Бул жардам «Элим-Жерим коомдук фонду» тарабынан көрсөтүлдү. Буга Аралбаев орто мектебинин соцпедагогу Нурипа Дондошева кайрылган.

10 Июнь 2014 жыл 14:12

Куланактык күнөсканачы Шайлообек тажрыйба катары жүзүм отургузду + аудио

6 (9)

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шайлообек Исаев мындан эки жыл мурда күнөскана ачкан. Андан бир топ убакыт өткөн соң Куланакта алгачкылардан болуп тажрыйба катары жүзүм тиккен.

9 Июнь 2014 жыл 17:48

Аудио: Кара-Сууда китепканачылардын семинары болуп өттү

wpid-20130712_145708

Жайыл райондук китепканачылардын семинары Кара-Суу орто мектебинде уюштурулду. Бул семинардын алкагында атайын ачык сааттар өтүлүп, баары ийгиликтүү болду, дейт мектептин окуу тарбия боюнча директорунун орун басары.

9 Июнь 2014 жыл 17:11

“Мен жарандык журналистмин”

20140608_151147 (2)2014-жылдын 7-8-июнунда, Кара-Суу айылынын мультимедиа борборунун жаш кабарчыларына “Жарандык журналистика — эркин ой пикирди калыптандыруунун куралы” деген аталыштагы окуу өткөрүлдү. Окуу Кара-Суу айылын мульти медия борборунда өтүп, катышуучулар жараандык журналистиканын принциптери, мүмкүнчүлүктөрү, келечеги туралуу кенен маалымат алышты. Бул иш-чара ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Мэри Бекешова өттү. Мындан тышкары, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Валентина Галич “Айыл үнү”, “БУУнун жаңылыктары ” мобильдик сайттарын колдонуу, таратуу боюнча презентация жасады. Тренингге катышкан жаштар журналистика боюнча пикири жана ойлору менен бөлүштү.

8 Июнь 2014 жыл 16:00

“Китеп – билим чырагы”

indexАкыркы учурда мектеп окуучуларынын китепке болгон кызыгуусу жоголо баштады. Балдар көбүнчө мобильдик телефонго, копьютердик оюндарга берилип, адабий китепти дээрлик окубай калышты. Мунун себептери тууралуу айылдын туругундары менен маек курдук.

8 Июнь 2014 жыл 11:36

Кара-Сууда суу тартыш

wpid-20140607_164036 (2)Чүй обласында жайыл районунун Кара-Суу айылында суу маселеси өтө курч болуп келет. Жаз келгенден баштап күзгө чейин суу талашуу адатка айланган.

7 Июнь 2014 жыл 21:36

Бала бакчага оюн аянтча керек!

wpid-20140607_163426.jpgЧуй облусу Жайыл районунун Кара-Суу айылында 2013-жылы бала-бакча ачылып ийгиликүү иштеп келатат. Бирок бала-бакчанын оюн аянтчасынын жоктугу элди нааразы кылууда. Сейил учурда балдар талаага чыгып ойношот. Балдар учун оюн аянтчаны жеке демилге менен куруу боюнча ата-энелердин пикирин алдык.

7 Июнь 2014 жыл 16:58

Куланакта бүтүрүүчүлөр республикалык сынактын жообун күтүүдө + аудио

5 (3)

Куланак айылында 2014-жылдын 11-кыласынын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты. Алар бир чети мектепти аяктап жатканына кубанса, дагы бир чети мектептен кеткиси келбей жаткандыгын айтышат.

6 Июнь 2014 жыл 18:17

Токтоянда балык өстүрүүчүлөрдүн саны өсүүдө

image-324.jpgТоктоян айылы негизинен малчылык менен белгилүү. Бирок жакындан бери балык өстүрүүгө көңүл бура башташты.

4 Июнь 2014 жыл 17:36

Токойдогу суу алган булактын жанында акыр-чикирлер жылдан-жылга көбөйүүдө

image-313.jpgАйылда суу түтүгүндө суу болбой калганда токтояндыктар сууну булактан алышат. Бирок акыркы кезде ал жерден суу алгандан чоочулап калышты.

4 Июнь 2014 жыл 17:06

Быйыл жаз кургакчыл болгондуктан Токтояндын айдоо жерлериндеги эгиндер начар абалда

image-290.jpgИюндагы жаан-чачынды Токтояндыктар катуу кубануу менен кабыл алышты. Жазгы айлар кургакчыл болгондуктан айдоо талаалар саргайа баштаган.
Былтыркы жылга караганда быйыл жаан-чачын аз болуп, айдоо жерлери кургап, дан осумдуктору жабыр тарта баштаган.

4 Июнь 2014 жыл 15:14

Куланакта балдар майрамы белгиленди

wpid-20140530_104804

Аралбаев орто мектебинде 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналган атайын чакан майрамдык кече болуп өттү.
Иш-чара айыл өкмөт тарабынан уюшулуп, бөбөктөргө балмуздак берилип, балдардын маанайы шаңга бөлөндү.

4 Июнь 2014 жыл 14:10

Уч-Коргондук жаш Шохрух “Манас” айтуу аркылуу көп ийгиликтерди багынтты + аудио

20140603_164939[1]

Ал «Манас» айтуу аркылуу бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде да таанымал болгон. Биздин Уч-Коргон медиа борборубуздун кабарчысы Атабек Арипов, Шохрухтун кандайча “Манас” айтууга кызыгып калганын билүү үчүн аны менен маектешип келген. Төмөндө ошол маегибизди сунуштайбыз.

4 Июнь 2014 жыл 11:48

Ооган-Талаа: Бала бакчага жаңы аянтча курулду

wpid-20140530_1151072

БУУнун жардамы менен «Тоо-Гүлү» балдар бакчасына ойноо аянтчасы курулган. Аянтча бүтүп 30-майда анын ачылышы болуп өттү.

3 Июнь 2014 жыл 14:33

Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүнүн абалы начар

wpid-20140530_143839

Жалал-Абад облусунун, Ооган-Талаа айылынын маданият үйүнүн абалы өтө начар. Чатырдан суу өтөт, такталары чыгып чирип кеткен. Ошого карабай бул жерде ар кандай иш чараларды өткөрүүгө туура келет.

3 Июнь 2014 жыл 14:22

«Ооган-Талаа мультимедиа борбору айылыбызга чоң жаңылык киргизди»

wpid-20140531_134254

2014-жылдын 31-майында Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылында жайгашкан Могол айыл округунун башчысы Турдукулов Эркин менен ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун Кыргызстандагы өкүлү Валентина Галичтин жолугушуусу болуп өттү. Жыйында мультимедиа борборунун айылга, жаштарга тийгизген таасири жѳнүндѳ кеп болду.

3 Июнь 2014 жыл 14:10

Кызыл-Булакта балдар майрамына карата «таанышып достошуу» иш-чарасы уюштурулду

image-182.jpg

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылында балдарды коргоо күнүнө карата майрам өткөрүлдү.
Бул майрам бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө арналды. Иш-чаранын максаты — коңшу айылдагы балдарды бири-бири менен тааныштырып, биримдикке чакыруу жана балдардын көңүлүн көтөрүү.

2 Июнь 2014 жыл 12:58

«Бийлегенди телевизордон үйрөнгөм»

image-159.jpgХансарбай Асилбек уулу, Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Булак айлында Айбашов орто мектебинде бүтүрүүчүсү. Ал кичине кезинен эле ар түрдүү бий сынактарына катышып жеңиштүү орундарга ээ болуп келе жатат. Хансарбай эл алдына бийлеп чыкканда, көрүүчүлөр демин ичине катып, өзгөчө кызыгуу менен көрүп, кызуу кол чабуулар менен узатышат.

1 Июнь 2014 жыл 23:24

Куланак: Бала бакчада ичүүчү суунун жоктугу кыйынчылык жаратууда + аудио

IMG-20140529-WA0010

Айылда бала бакчанын ачылганына төрт жылдын жүзү болду. Ачылгандан бери бала бакчанын кызматкерлери керектелчү 200-300 литр таза сууну 100 метр алыстыктан ташып келишет.

30 Май 2014 жыл 12:48

«Бизде нота окуткан музыкалык мектеп жок»

image-149 (2)Зарина Женишбек кызы, Ош облусунун Кызыл-Булак айлынын, Айбашов атындагы орто мектебинде окуйт. Зарина кичине кезинен музыкага кызыгат. Аркандай ыр сынактарына катышып жеңиштүү орундарга ээ болгон. Заринанын биздин окурмандарга өзүнүн кызыгуусу, кыялы тууралуу айтып берди.

29 Май 2014 жыл 14:17

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...