Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Түптө 1-майга карата ат чабыштар өтүп, 80ге жакын күлүк ат салышты

Түп айыл аймагында 1-май — Эмгек майрамына карата улуттук ат оюндары өткөрүлүп, ага 80ге жакын күлүк катышты.

2 Май 2026 жыл 16:54

Түптүн Каркыра өрөөнүндө «Жашыл мурас» ишембилиги өтүп, 5 миң көчөт отургузулду

Түп районунун Каркыра өрөөнүндө «Жашыл мурас» ишембилиги өткөрүлүп, анын алкагында 5 миң даана бак-дарактын көчөтү отургузулду.

2 Май 2026 жыл 16:37

Жалал-Абадда жетекчилер эл көйгөйүн жеринде угат

Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 11-майдан тарта өлкө аймагында облус жетекчилеринин жер-жерлерде калк менен түз жолугушуулары башталат. Бул алкакта Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев облустагы бардык айыл өкмөттөрүн кыдырып, жарандардын көйгөйлөрүн …

1 Май 2026 жыл 23:57

Токтогул: Чоң-Арык айылынын эли ички арык, каналдарды тазалашты

Токтогул районуна караштуу, Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургундары ички арыктарды жана каналдарды тазалоо боюнча ишембиликке чыгышты. Бул демилге сугат маалында суунун кечигүүсүз келишин камсыздоо максатында ишке ашырылды.

1 Май 2026 жыл 23:33

Токтогул: Кырк-Казык айылында арык маселеси чечилди

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу, Кырк-Казык айылында бир жылдан бери чечилбей келген сугат суу көйгөйү чекит коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кубаныч менен билдиришүүдө. Эске салсак, мындан бир жыл мурун аталган …

1 Май 2026 жыл 22:27

Баетов айылында таштанды таштоочу чөлкөмгө адамды жүзүнөн тааный турган видеокамералар орнотулду

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Как-Көл жана күн батыш тарабындагы Кара-Чий  чөлкөмүн көзөмөлгө алуу максатында заманбап үлгүдөгү санарип  PTZ -камерасы орнотулду. Видеокамеранын күнү-түнү иштөө менен  бирге адамдын жүзүн …

1 Май 2026 жыл 18:40

Акталаада Эмгек күнүнө карата ишембилик өттү

Ак-Талаа районунда 1-Май Эмгек күнүнө карата ишембилик өтүп, ага айыл аймактын  тургундары, жаштары жигердүү катышты.  Айлана-чөйрөнү тазалоо менен бирге   «Жашыл мурас»  улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүздөгөн жаңы көчөттөр тигилди.

1 Май 2026 жыл 18:09

Кочкор айылында жашылдандыруу иштери жана майрамдык иш-чаралар өттү

1-май-Жаз жана Эмгек күнүнө карата Кочкор аймагындагы мекемелер кызматкерлер жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы жамааты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерине активдүү катышышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга Ормон Хан сейил паркында майрамдык …

1 Май 2026 жыл 17:34

«Биз- XXI кылымдын интеллектуалдары: Акталаалык окуучулардын облустагы ийгилиги

«Биз- XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары»- аттуу Эл аралык форумунун облустук туру өтүп, анда Ак-Талаа районунун жалпы билим берүү мектептеринен жалпы 35 окуучу катышкан. Алардын эмгектери …

1 Май 2026 жыл 17:14

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жээгине жемиш бактары тигилди

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун боюнда жашылдандыруу иштери жүрүүдө. Чолпон айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси Максат Дүйшөнбек уулунун билдирүүсү боюнча, стратегиялык маанидеги жолдун жээгине Ысык-Көлдөн атайын алынып келинген 200 жемиш …

1 Май 2026 жыл 12:09

Жеңилдетилген баадагы солярка Төлөк айылынын дыйкандарына жеткирилди

Төлөк айылындагы дыйкандарды колдоого багытталган иш-чаранын алкагында күйүүчү май менен камсыздоо уюштурулуп, жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзүлдү.

1 Май 2026 жыл 8:24

Токтогул-Беш-Таш жолуна асфальт төшөгөнгө даярдыктар жүрүп жатат

Токтогул районунун аймагындагы унаа жолдорун оңдоп-түзөө жана асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери жүрүп жатат. 29-апрель күнү «Кыргыз автожол» мамлекеттик ишканасынын «Түштүк» филиалынын директорунун биринчи орун басары Тамерлан Осмонов аткарылып жаткан …

30 Апрель 2026 жыл 23:20

Токтогул суу сактагычында 3500 метр мыйзамсыз тор тазаланды

Токтогул суу сактагычында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам рейддин төртүнчү күнү ийгиликтүү жыйынтыкталды.

30 Апрель 2026 жыл 22:30

Кыргызстанда мугалимдердин айлык акысы кескин жогорулады

​Бүгүн Кыргызстандагы билим берүү кызматкерлеринин арасында өзгөчө маанай өкүм сүрүүдө. Өлкө тарыхында акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу мугалимдердин айлык акысы олуттуу деңгээлде жогорулап, алардын турмушунда жаңы барак ачылды.

30 Апрель 2026 жыл 10:32

Кочкор районунда окуучулар үчүн жарандык жана санариптик билим берүү боюнча окутуу өттү

Бүгүн Кочкор районудук китепканасындагы жарандык жана санариптик билим берүү борборунда Капар Кыдыралиев атындагы мектептин 11-классынын окуучулары үчүн “Кыргыз жараны, санариптештирүү жана шайлоо системасы” темасында окутуу өткөрүлдү.

30 Апрель 2026 жыл 9:18

Ветеринарлардын кесиптик майрамы белгиленди

Ак-Талаа районунда ветеринар кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип,  аларды район акими Мирлан Камчыбеков, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Соодонбеков, райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Талант Токтогожоев, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлзина Нураева …

30 Апрель 2026 жыл 9:15

Чолпон айылында сугат суунун тартыштыгы дыйкандарды түйшөлтүүдө

Жазгы талаа иштери кызуу башталганы менен, сугат суунун жоктугу дыйкандарды түйшүккө салууда. Жер айдап бүткөндөр көп болсо да, суу жетпеген жерлерде себүү иштери токтоп турат.

30 Апрель 2026 жыл 9:11

Акталаада 75га аянтка 60миң көчөт тигилди

Ак-Талаа районунда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүктүн алкагында карагат, кара өрүк, терек жана башка бак-дарактардын көчөттөрү отургузулуп, ага жергиликтүү эл, жаштар көмөк көрсөтүүдө.

30 Апрель 2026 жыл 9:04

Кара-Тоо айылында “Алиппе” майрамы өттү

Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Алиппе” майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул майрам окуучулардын билим жолундагы алгачкы ийгиликтерин даңазалаган өзгөчө күн болуп, жогорку деңгээлде уюштурулду.

29 Апрель 2026 жыл 18:38

Акталаанын Кара-Бүргөн айылындагы көрүстөндүн айланасы толугу менен тосулду

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында жергиликтүү тургундар тарабынан мүрзөнүн 800м узундукту тузгөн айланасы толугу менен  тосулду.Айылдын башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, бул иштин негизги максаты мүрзөгө мал кирип, тартип бузулушунун алдын алуу.

29 Апрель 2026 жыл 17:42

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...