Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ысык-Көл облусу

Чоң-Тогузбай: Мектепке компьютер жана принтер тапшырылды

Түп районун Чоң-Тогузбай айылындагы Кубанычбек Мамытов орто мектебине жаңы үлгүдөгү компьютер жана принтер айыл өкмөт тарабынан тапшырылды.

21 Декабрь 2016 жыл 19:33

Тасмада мектептин күндөлүгү жарык көрдү

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде жаңы күндөлүк ишке киргизилди. Күндөлүктө мектептин атын алып жүргөн Сопиев агайдын өмүр баяны берилген.

18 Декабрь 2016 жыл 11:49

Чоң-Тогузбайда муз аянтчасы ачылды

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында муз аянтчасы ишке кирди. Аянтчаны айыл тургуну Курманбек Исаков ачты.

14 Декабрь 2016 жыл 18:53

Кыргыз тилинде вебинар: «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр”

23-декабрда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр” деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт. Жаңы технология, интернет сайттардын өнүгүүсү менен маалыматтардын …

14 Декабрь 2016 жыл 10:13

 Чоң-Тогузбайда драма коюлду 

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29-мектебинде окуучулардын күчү менен даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу драма коюлду.

10 Декабрь 2016 жыл 0:49

Тасмада 1-класстарга ачык сабак өтүлдү

Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы мектебинде 1-класстардын окуучуларына ачык сабак өтүлдү. Сабак кичине бөбөктөр менен өтүлгөндүктөн кызыктуу болгонун айтышты.

21 Ноябрь 2016 жыл 16:05

Тасмада ыр кесе уюшулабы?

Түп районуна караштуу Тасма айылында ыр кесе майрамы уюшулабы, деген суроого жергиликтүү бийликтен жооп издедик. Жергиликтүү бийликтин ыр кесе майрамын уюштуруучусу Динара Сыдыкова менен маек курдук.

20 Ноябрь 2016 жыл 23:44

Тасмада «Ананай» бала бакчасы ачылды

Түп районуна караштуу Тасма айылында балдар бакчасы ачылды. Учурда бакча ата-энелер тарабынан каржыланып жатат.

20 Ноябрь 2016 жыл 23:37

«Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына эки жыл катары менен катышкан Алмабековдор

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Айбек Алмабековдун үй-бүлөсү эки жылдан бери райондук «Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына катышып келишет. Быйылкы жылы ийгиликтүү болуп, райондо 2-орун алышкан.

19 Ноябрь 2016 жыл 23:14

Тасмада чычкан көбөйдү

Күз мезгили келгенден тарта Тасма айылында чычкан көбөйүүдө. Чычканга каршы айыл тургундары каршы аракеттерди жасап жатканын айтышат.

18 Ноябрь 2016 жыл 22:10

Токтоянда балдар үчүн кичи лагерь ачылды

Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебиндеги Ак-тилек балдар уюмуна кирген окуучулар үчүн алтынчы күндөрү лагерче ачылды. Лагердин эң башкы артыкчылыгы — бекер болгондугу.

18 Ноябрь 2016 жыл 21:48

Токтояндын уз-чебери Жумакан эне

Токтоян айылынын тургуну Жумакан Канкелдиева шырдакка кооз жана татаал оюуларды түшүрүп, үй көркүн ачкан шырдактарды жасайт. Жумакан эненин эмгегин жалпы айыл билет. Азыр деле анын кардарлары көп.

18 Ноябрь 2016 жыл 20:16

Токтоянда балдардын укугун коргоо темасында тарбиялык саат ѳтүлдү

Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде балдардын зоордук зомбулугун алдын алуу боюнча 7-9-класстын оокуучуларына мектептин соцпедагогу Канат Асанакунов тарбиялык саат өттү. Анда балдардын укугун коргоо, өзүн алып жүрүүсү боюнча талкулар …

18 Ноябрь 2016 жыл 18:25

Тасманын тургундары кышка даярбы?

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.

17 Ноябрь 2016 жыл 21:09

Токтоянда “Ак илбирс“ жумалыгы өтүп жатат

Ак илбирстерди коргооп калуу максатында жумалык Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде өткөрүлүп жатат. Бул жумалыкта окуучулар ак илбирстерди канткенде коргой алышат жана кантип жаратылышка кам көрүш керектигин үйрөнүшмөкчү.

14 Ноябрь 2016 жыл 21:55

Токтояндын тургундары алое гүлүн даары катары колдонушат

Айыл тургундары алое гүлүнүн даарылык касиетин билишип, аны үй шартында гүл да, дары да катары колдонуп көнүп калышкан. Кыргызстанда бул гүл өспөсө да, аны башка мамлекеттерден көчүрүп келишип колдонушат.

14 Ноябрь 2016 жыл 21:24

Токтоянда уйлар шарп менен ылаңдады

Айыл тургуну ФАОдон алган ую шарп менен ылаңдаганын, андан башка уйларга да жугуп жатканын айтты.

14 Ноябрь 2016 жыл 18:18

Токтояндыктар арчаны үй шартында өстүрүшүп, оорулардын алдын алышат

Түп районундагы Токтоян айылынын тургундары арча көп ооруларды алдын аларын билишип, аны үй шартында да өстүрүп алышууда. Айыл тургундары арчаны барктап-баалап колдонушат жана анын касиеттерин билишет.

14 Ноябрь 2016 жыл 17:48

Токтоянда окуучулар өрмө өрүп сайма сайышат

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов орто мектебинин окуучулары кол эмгек сабагында кыздар сайма сайса, эркек балдар ат жабдыктарын жасашат.

14 Ноябрь 2016 жыл 16:46

Сары Тологой айылында жаңы мектеп ачылды

Түп районунун Сары Тологой айылында 8-ноябрь күнү Калыс Эгембердиев атындагы мектеп ишке берилди. Бул мектеп 2015-жылы мамлекет тарабынан каржыланып, салына баштаган. Жаңы мектепке кирген окуучулардын кубанычына чек жок.

9 Ноябрь 2016 жыл 19:43

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...