Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде алипе майрамы болуп өттү. Окучуларар кандай ырларды ырдап, бийлерди көргөздү.
Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 1968-жылдан 2003-жылга чейин Эркин Алтынбекова физика мугалими болуп эмгектенген. Алтынбекова өз эмгеги менен Кыргыз СССРдин эмгек сиңирген мугалими жана көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
2016-жылдын 2-апрель күнү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги, Эл аралык «Себат» билим берүү мекемеси менен бирдикте уюштурган алтынчы класстар арасындагы областтык олимпиадага Кара-Талаа айылынын Болот Алаков орто мектебинин …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы орто мектебинин бакчасына жазга карата көчөттөр отургузулду. Бакчага көк теректин, кара жыгачтын жана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү тигилди.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында зап жана жем тартуучу машина элдин дандарын тазалап, жем кылып берүүдө. Аны Урмат Исманалиев 23 жылдан бери иштетип келет.
Клооптун 2015-жылы уюштурган «Жай-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (октябрь 2015 — март 2016) аралыгында сынак …
Тасма айылынын тургуну Аскарбек Көчөрбаев элдик даарыгер. Жүрөк түшкөндө, бөйрөк ооруганда, ач киргенде, баш ооруган учурда айыл тургундары Аскарбек Көчөрбаевге кайрылышат.
Түп районуна караштуу Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин окуучулары 4-апрелде өтө турган райондук Манасиядага даярданышууда. Ушул убакка чейин мектеп окуучулары спорттун жети түрү боюнча аймактык олимпиадага катышып, андан тандалып алынган …
Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебине Ташчайнар деген ат менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров өз элине талантын тартуулады. Нурлан 1993-жылы бөйрөгүнөн жабыр тартып, дарыгерлер бир бөйрөгүн алып салышкан, ошондон кийин ага …
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин спортчулары Грек-рим күрөшү боюнча командада 2-орунду алып келишти. Учурда окуучулар жакынкы аралыкта болуучу спартакиядаларга даярданууда.
Жамааттык мультимедиа борборлорунун (ЖМБ) кабарчыларына багытталган Клооптун жетинчи журналистика мектеби. Мектеп 2016-жылдын 26-март — 7-май аралыгында Бишкек шаарында болот. Мектепке катышуу мүмкүнчүлүгүнө төмөнкү ЖМБнын кабарчылары сынак аркылуу ээ болгон: 1. Адилия Мундукова, «Токтоян» ЖМБ …
Түп районундагы Тасма айылынын “Бугу-Эне” самын жамаатына Жыпар Жекшеев келип таанышып кетти. Бул кичи ишкана туристерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин айтып, аталган жамаатты өнүктүргөгө жардам берээрин билдирди.
Түп районундагы Тасма айылынын Асан Сопиев мектебинде география сабагы боюнча таймаш болуп өттү. Бул таймашка 7-а жана б класстары катышып, баардык өткөн темалар боюнча өздөрүнүн билимин сынашты.
Түп районунун акими Ишен Кожалиев Тасма айылында эл менен жолугушуу уюштурду. Чогулушка Карасаев айыл окуругунан Тасма, Чоң-Тогузбай, Токтоян айылдарынын тургундары, айылдык кеңештин депутаттары катышышты.
Улахол айыл аймагына караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Мырзалиев Бакы чакан мал ѳстүрүү фермасын ачты.
Токтоян айылында жазгы тазалоо иштери жүрүп жатат. Айыл тургундары өз конуштарын тазалап, айылды көркүнө чыгарууда.
Токтоян айылынын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) январь айынан тарта даярданып жатышат.
Токтоян айылынын тургундарынын көбү сууга акча төлөбөй жатат. Алардын көбү 2-3 жылдан бери төлөбөгөн адамдар. Ушунун кесепетинен суу сактагычка сакчы койгонго каражат жетишпейт.