Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жаңылыктар

Токтогул шаарына караштуу Арал айылында сел жүрүп, каналдар жана жолдор зыянга учурады

Күтүлбөгөн табият кырсыгынан улам, Токтогул шаарына караштуу Арал айылынын Кызыл-Жылга, Боз-Жылга участкаларына кыян жүрүп, кыяндын кесепетинен Куйбышев жана Кара-Жыгач каналдары жабыр тарткан.

17 Июнь 2025 жыл 0:35

Дөбөлү айылында райондук деңгээлде волейбол боюнча турнир өттү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 1982- жылкы эркек балдары, райондук деңгээлде волейбол оюну боюнча турнир уюштурушту. Турнирге Нарын районунун ар бир айыл өкмөтүнөн 1982-жылкы жигиттери келишип  ойноп кетишти.

16 Июнь 2025 жыл 11:23

Курман айт майрамында балдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду

7-июнь күнү Курман айт майрамына карата Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында өзгөчө майрамдык иш-чара уюштурулду. Айылга атайын батут жана балмуздак аппараты алып келинип, балдар үчүн жагымдуу майрам тартууланды.

10 Июнь 2025 жыл 11:25

Балдардагы бронхит: себептери, белгилери жана алдын алуу чаралары

Бронхит — бронхтордун сезгениши дем алуу органдарынын көп учураган оорусу. Бронхиттин курч кармоочу жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармаган бронхитти жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор пайда кылат. Дарыгер Нуриза Акимованын айтымында, …

9 Июнь 2025 жыл 12:39

Токтогулда карылар үйүнө кайрымдуулук көрсөтүлдү

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Аттокуров район аймагындагы «Кара-Каш» карылар үйүнө барып, ал-жайынан кабар алды.

9 Июнь 2025 жыл 10:33

Токтогулга Германиядан 60 туроператордон турган ири делегация келди

Токтогул районуна Германия Федеративдүү Республикасынан 60 туроператордон турган ири делегация келди. Бул маанилүү иш сапар аймактын туристтик потенциалын эл аралык деңгээлде таанытуу жана келечектеги кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатын …

8 Июнь 2025 жыл 12:53

Кесип келечекти аныктаган чечим

Кесип тандоо бул ар бир адамдын жашоосундагы өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү чечим. Дал ушул тандоо аркылуу адам өзүнүн ким экенин, кандай жол менен өсүп-өнөрүн жана коомго кандай салым кошоорун аныктайт. …

4 Июнь 2025 жыл 15:44

Дөбөлү айыл өкмөтүндө Аракеев Асейин Абдрамановичтин эскерүү кечеси өтүлдү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын көрүнүктүү инсаны, коомдук-саясий ишмер Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги Аракеев Асейин Абдрамановичтин туулган күнүнө арналган эскерүү иш-чарасы өттү. 

4 Июнь 2025 жыл 11:29

Окуучуларды шыктандырган жолугушуу

Эс алуу күнү Сокулук районуна караштуу, Новое айылынын Гульсина Капарова атындагы орто мектебинин администрациясы окуучуларды учурдагы көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ, жаштар кумир туткан ,,Не сахар” долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов жана …

1 Июнь 2025 жыл 11:48

Кайыңды айылында «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу белгиленди

2025-жылдын 26-майында Нарын районуна караштуу Кайыңды айылынын М. Кенжакунов атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу белгиленди.

30 Май 2025 жыл 10:58

Үч-Терек айылында 20 жылдыктар көп балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти

Токтогул районундагы Үч-Терек айылында 20 жылдыктар көп балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти.Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев атындагы орто мектебинин 2005-жылы бүтүрүүчүлөрү, 1987-жылы туулган айыл жаштары 20 жылдык …

28 Май 2025 жыл 15:02

Мектепке 1982 — жылкы бүтүрүүчүлөр жолугушууга келишти

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине 43 жылдык жолугушууга келген  1982- жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалды.

28 Май 2025 жыл 14:55

Дөбөлүдө 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке “Манас” эпосу боюнча китеп белекке беришти

Нарын районуна караштуу Ө. Токтосунов атындагы орто мектебине “Манас” эпосу боюнча 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн белекке китеп берилди.

28 Май 2025 жыл 14:22

Райкан Көкүмова окуучуларга жана мугалимдерге стипендия тапшырды

Бүгүн Токтогул районунун Терек-Суу айылынан чыккан, Курама уулу Турусбек атындагы мектептин бүтүрүүчүсү, Райкан Казыкбаевна бүтүрүү кеченин сыйлуу коногу болду. Ал өзүнүн бир айлык 21(жыйырма бир миң сом) пенсиясын мектептин алдыңкы …

26 Май 2025 жыл 22:26

Дөбөлү айыл өкмөтүндө «Эне — үйдүн куту» аттуу иш чара өтүлдү

Дөбөлү айыл өкмөтүндө аймактагы энелерди урматтап, «Эне — үйдүн куту» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.Иш-чарага Нарын шаарынын жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери катышып, жогорку деңгээлде уюштурулду. Энелерге арналган майрамдык концерттик …

26 Май 2025 жыл 14:06

Таш Башат айылына жаңы директор дайындалды

Нарын районуна караштуу Таш Башат айылындагы Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебине жаңы директор дайындалды.

25 Май 2025 жыл 14:12

Нарын шаарында “ Мен чемпионмун” облустук оюндардын турнири болуп өттү

Кыргыз Республикасындагы балдар- өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында «Мен чемпионмун » республикалык  спорттук оюндарынын  турнири болуп өттү.

25 Май 2025 жыл 12:06

Дөбөлү айылында арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө

Дөбөлү айылында айыл башчы Жолдошбек Жумалиевдин демилгеси менен айыл тургундары жазгы сугат иштерин жакшыртуу максатында арык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

23 Май 2025 жыл 10:53

Быйылкы 10 жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектебин жашылдандырууга салым кошушту

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын К. Акназаров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 20 жана 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектеп айланасын жашылдандыруу максатында 100 түп балаты, 112 даана алма, …

19 Май 2025 жыл 11:20

Токтогулда «Жылдын мыкты мугалими- 2025» конкурсу жыйынтыкталды

Токтогул районунда «Жылдын мыкты мугалими – 2025» республикалык конкурсунун райондук этабында билим берүү тармагынын мыктылары аныкталды. Райондун 23 мектебинен келген мугалимдер өз билимдерин, тажрыйбаларын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

19 Май 2025 жыл 0:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...