Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында 16- октябрь күнү Уу-Жон аттуу жерде 10-класстар арасындагы улак тартыш оюну болуп өттү. Оюнга Кызыл-Жылдыз жана Жерге-Тал айылдарынын мектеп окуучулары катышышты.
Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектепте 10-класстардын уюштуруусунда 17-октябрь күнү “Ак терек-Көк терек” аттуу чакан иш чара болуп өттү.
Ак-Талаа районунун 80 жылдык мааракеси үстүбүздөгү жылдын 21-22-октябрь күндөрү өтөт. Ага учурда даярдыктар көрүлүп, ар бир мекеме салым кошууга аракет кылышууда.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинде “Зыяндуу заттардан арылалы” деген темада мектеп парламенти тегерек стол өткөрдү.
Улуттук боштондук күрөшү чагылдырылып тартылган тарыхый Үркүн кино тасмасы 17-октябрда Эшбай Токсобаев мектебинде көрсөтүлдү. Буга чейин кино тасма саясий көз караштардан улам элге көрсөтүлбөй келген.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган 6-класстын окуучусу Азим Эркинбек уулу грек-рим күрөшү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келүүдө. Ал бир нече жолу райондун, облустун чемпиону болгон жана …
“Компаньон” банкы түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгына карата Ак-Талаа райондук бөлүмүндө окуучуларга “Ачык эшиктер” күнү өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунун 80 жылдыгына карата спорт бөлүмүнүн башчысы М. Чырмыев жана шахмат федерациясынын жетекчиси Д. Саткыновдун демилгеси менен уюштурулган шахмат боюнча мелдш жыйынтыкталды.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-классынын окуучулары Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча кыргыз тили жана математика сабактарынан даярдана баштады. ЖРТга октябрь айынан баштап даярдануу чечимин ата-энелер колдоп, азыркы …
Тарых жана маданият жылына карата Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинин бүтүрүүчү классынын окуучулары ата-энелери менен бирдикте “Ак-Талаа талант мекени” аттуу ыр майрам өткөрүштү.
Бүбүайым Болоталиева Ак-Талаа районундагы Байымбет атындагы орто мектебинде физика сабагынан 40 жылга жакын убакыттан бери мугалим болуп иштейт.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 8-классынын окуучусу Жакшылык Кубанычбек уулу мектеп арасындагы футбол боюнча мелдештерде «Мыкты чабуулчу» атанып, Учкундун «Роналдосу» деген каймана атка ээ болгон. Жакшылык келечекте спорт …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде Токтокан Аткаросова 30 жыл эмгектенген. Токтокан апа 1968-жылы беш жыл директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле 1967-68-жылдары мектептин бала-бакчасында беш жыл эмгектенген.
Нарын районунун Куланак айылындагы Жеңиш Арыпбеков атындагы №86-кесиптик лицейинин чатырынан беш жылдан бери суу тамчылачу. Быйыл демөөрчүлөр тарабынан оңдоо иштери жүрүүдө.
Ак-Талаа районунда билим берүү бөлүмү тарабынан агартуучулардын кесиптик майрамы белгиленди. Иш-чара райондук администрация башчысынын катышуусу менен өттү.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин окуучулары мугалимдерин кесиптик майрамына карата иш чара уюштурушту. Анда окуучулар таң эрте келишип, колдоруна гүл, шар кармап, биринчи саатка келчү мугалимдерин музыканын …
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-класстын окуучусу Алмаз Эшбаев президенттигин өз каалоосу менен 10-классынын окуучусу Төрөгелди кызы Майрамга өткөрүп берди. Алмаз Эшбаев 2015-жылдын ноябрь айынан бери мектеп президенти …
Нарын районунун Куланак айылында куздүн келиши менен түшүм жыйноо башталды. Жаздан бери эмгектенип келе жаткан дыйкандардын эмгеги кандай болгондугу тууралуу алар менен маек курдук.
Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты карыларды майрамы менен куттуктап, аш-чара уюштурушту. Иш-чарага келген карылар менен маек куруп келдик.
“Келечекке бирге барабыз” аттуу марафон 2-октябрь күнү болуп өттү. Марафондун максаты эмне болгондугун билүү үчүн биз катышуучулар менен маек курдук.