Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Месяц: Январь 2017

Кичинекей ойлоп табуучу Тариэл

Тариэл Мамбетибраимов Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын кичинекей тургуну. Ал азыр болгону 11 жашта экенине карабастан өз алдынча кичинекей машина жасаганга жетишкен. 

Сүрөт баян: Ак карга бөлөнгөн Терек-Суу

Акбакай жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы кыш мезгилин сүрөткө түшүргөн.

Салимбай манасчы Чоң-Арыкта мектеп окуучулары менен маек курду

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну, манасчы Салимбай Турсунбаев Коргол мектебинин окуучулары менен жолугуп, дил маек уюштурду. Дил маекте жакшы суроо берген окуучуларга Салимбай манасчы өзүнүн алып келген белектерин берди.

Кетмен-Дөбө аймагында мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 70

Кетмен-Дөбө айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттоодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралганын билип көрүү үчүн Кетмен-Дөбө айыл аймагынын соцадиси Айтолкун Сулпиева менен маек курдук.

Чоң-Арыктын жаш акыны

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 10-классынын окуучусу Айназик Каныбек кызы ыр жаза баштаганына беш жылдай болоюн деп калды. Айназиктин жазган ырларын мектептин мугалимдери дагы жактырып окушат.

Сумбула айыл аймагына жаңы башчы шайланат

Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагына жаңы башчы шайланмакчы. Учурда аймак башчылыгына койгон талапкерлер документтерин тапшырышып, шайлоого даярданып жатышат.

Таластыктар Дача-Сууга жардам кылышат

Талас шаарынын тургундары Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө каражат чогулуп жатат.

Нужна помощь!!!

Общинное радио «Радиомост» города Талас начали 16.01.2017 года  подготовительную работу по проведению благотворительного марафона и акции, посвященной Алымбай уулу Мирзат проживающего в с. Озгоруш, Таласской  области, по оказанию материальной помощи для проведения операции в Бишкекской …

Баетовдо 100 комузчуга президенттин ыраазычылык каты тапшырылды

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1000 комузчу “Маш ботойду” черткен. Алардын арасында Ак-Талаа районунан туура 100 комузчу да барган. Баетовдо 18-январда ошол ак-талаалык 100 комузчуга президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Терек Суунун тиш доктуру алты айылга кызмат кылат

Токтогул районуна караштуу Терек Суу айылында стоматологиялык борбору жайгашкан. Ал жерде эки жылдан бери алты айылдын элине кызмат кылып Нурболот Сактанбеков эмгектенет.

Таластагы тамадалар борбору

Талас облусу боюнча 30дан ашык тамада бар. Алардын эң жашы 20да болсо, аксакалы 60 жаш курагында. Талас облусу боюнча жалгыз тамада айым кызмат кѳрсѳтчү, бирок азыр ал үй-бүлѳѳлүк шартына байланыштуу …

Учкун айыл өкмөт башчысы отчёт берди

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын башчысы 17-январь күнү Куланак айылында отчёттук жыйналыш өткөрдү. Жыйналышка эки айылдын тургундары келип катышты.

Чкалов айылынан чыккан улакчы Санжар Абдашим уулу

Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылынын тургуну, улакчы Санжар Абдашим уулу кичине кезинен бери эле улак ойноп келет. Улуттук оюнду бул түрүнө атасынын түрткүсү менен кызыгып ойноп калганын айтат ал.

Тешик-Таш айылында жайгашкан ыйык жер

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын эң ыйык жерлеринин бири “Тешик-Таш” үңкүрү. Ал жерге ооруп калган адамдар, төрөбөгөн аялдар жана башка түрдүү ооруларга даба издегендер барып сыйынышат.

Куу-Майдандын тургуну 40 жылга жакын убакыттан бери чөптөрдөн дары жасайт

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Шарабидин Кадырбердиев 36 жылдан бери чөптөрдөн дары-дармек жасап келет.

Баетов: Музыканы сүйгөн эгиз кыздар

Кыргызстанда эгиз балалуу үй-бүлөлөр чанда кезигет. Алардын бири Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Байсеркеев Таалай. Учурда каарманыбыздын жети жаштагы Мээрим жана Сезим аттуу эгиз кыздары бар.

Кыргызстандагы саналуу метеостанциялардын бири Суусамырда жайгашкан

Кыргызстанда 30дан ашык метеостанция бар болсо, алардын бири Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан.

Кожомкул Каба уулу

Суусамыр: Сууктун күчөшүнөн мектептерде эс алуу узартылды

Суусамыр өрөөнүндө январь айынан баштап суук күч алып, айыл тургундарына жана окуучуларга көптөгөн кыйынчылыктарды алып келди.

Андарактын окуучулары зоналык спартакиадага даярданууда

Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мекебинин окуучулары республикалык спартакиаданын зоналык баскычына даярданып жатышат. Сумбула айыл аймагы боюнча зоналык баскыч да аталган мектепте өтмөкчү.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...