Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Тасмада муз аянтчасы кызмат кылууда

Тасма айылынын кире беришине муз тебүүчү аянча ачылды. Бул жерде бардык тургундар муз тебе алышат.

“Маданият жана тарых” жылына карата райондук сынакка тандоо туру Тасмада болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма айылында сегиз мектептин катышуусундагы сынак Сопиев мектебинде болду. Мамытов жана Коёнкөзов мектептери сынакта өзгөчөлөнүп, районго жолдомо алышты. 

Куу-Майдан: Айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө жаштардын көйгөйүн чечүү боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Шанкол, Нышанов, Арбын, Байыш орто мектептеринин окуучулары катышышты.

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү

Куу-Майдан айылында көк бөрү оюну болуп өттү. Оюнга тогуз айылдан улакчылар келип, жалпы 300гө жакын улакчы катышты.

Баетов: Мезгилдүү оору менен жабыркагандар ооруканада кезек күтүшүүдө

Учурда Ак-Талаа аймактык ооруканада жөтөл, тамак оору, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу мезгилдүү оорулар менен жабыркагандар сааттап дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турушууда. Кезек куткөндөрдүн көбү  улгайган адамдар жана жаш балдар.

Баетов: Шүкүрбек Бейшеналиев мектеби толук капиталдык ремонттон өткөрүлөт

Баетов айылында жайгашкан Бейшеналиев атындагы орто мектебин быйылкы окуу жылынын бутүшү менен түрткү берүүчү каражаттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү иштери башталат.

Баетовдо Афган жана Баткен согушунун каармандарына эстелик коюлат

Баетов айыл аймагына жакынкы арада Афган жана Баткен согушунун каармандарына арналган эстелик коюлат. Алгач эстеликтин макети Бишкек шаарынан буйрутма менен жасалып келинген.

Терек-Сууда Токтогул район акиминин катышуусунда жыйын болду

Терек-Суу айылында Токтогул районунун акими жана ООСтун, РЭСтин СоцФонддун жана милициянын жетекчилеринин катуушусунда жыйын болуп өттү. Жыйынга Кетмен-Дөбөнүн айыл өкмөт башчысы Саветбек Джээналиев жана Терек-Суу, Чоң-Арык айыл тургундары катышты.

Куу-Майдандын жаштары Чыйырчык тоо лыжа базасында эс алып келишти

Куу-Майдан айылынын жаштары Алай районундагы Чыйырчык тоо лыжа базасына барып жылгаяк тебип келишти. Ал жерге жалпысынан Куу-Майдан айылынан 33 бала барды.

Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борбору кышкы суукка карабай кызуу иштеп жаткан учуру

Кышкы  каникулду  мультимедиа борбордун ыктыярчылар бекер өткөрбөстөн жергиликтүү  жаңылыктарды,  кулактандыруу,  ар  кандай  пайдалуу кеңештерди  жана талкууларды  рупор аркылуу  жергиликтүү  тургундарга  жеткирип жатышууда.

Андарак айыл өкмөт башчысы Баймурат Бекмуратов жылдын мыктысына татыды

Жыл сайын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жылдын мыктыларын ардак грамота жана диплом акчалай сыйлыктар менен сыйлайт. Бул даражаны алгандар ак дили менен иштеп Кыргызстанга салым кошкондор. 

Сүрөт баян: Тасмада аяздуу кыш

Түп районунун Тасма айылын ак кар басып айыл мурдагыдан көрктөнө түштү. Айыл тургундары быйыл кардык кечирээк түшкөнүн белгилеп жатышат.

Бакай-Ата районунда жаңы автомектеп иштеп жатат

Бакай-Ата районунун Манас көчөсүндө «Кенч» автомектеби ачылды. Окуу жайдын шарттары жана тартиптери тууралуу мектептин мугалими  Казакбаев Совкозбек менен маектештик.

Учкунда мектеп бөлмөлөрү өзгөчө кооздолду

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин окуучулары ар бир класстык бөлмөлөрдү кооздошту. Максаты — окуучулардын билим алууга болгон шыгын, кол өнөрчүлүк чеберчилигин арттыруу.

Бакай-Ата районунда долбоор сунуштоо боюнча жыйын болду

Бакай-Ата райондук бийлиги “Сейилбак жана кичи футбол аянчасын” куруу долбоорун тааныштыруу жыйыны болуп өттү. Ага Бакай-Ата жана Наматбек айылдарынын тургундары катышты.

Үч-Коргондо көз ооруларын дарылаган жеке менчик клиника иштөөдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы клиника төрт жыл аралыгында курулган. Аны үч уулу менен бирге салганын айтты клиниканын ээси Жора Жорабаев.

Үч-Коргондо окуучулардын кышкы каникулу кандай өтүүдө?

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында окуучулардын кышкы эс алуулары кандай өтүп жатканын билип көрүү үчүн айрым окуучуларга суроо узатып көрдүк.

Кыш суугуна баш ийбеген малчылар [+сүрөт]

Төлөгөн Садыров Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында ар жылы кышкысын тоодо мал багып келет. Быйыл мал мурункуга караганда арзан, ал эми чыгашасы көп болуп жаткандыгын айтат. Садыровдун жашы кыркка жакындап калды. …

Жалал-Абад: Тургундар токойдун суюлушуна кабатыр

Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 8 миң гектардай токой аянты бар. Былтыртан бери көзөмөлгө алынгандан кийин токойду кыюу азайганын айтат айыл өкмөт башчысы. Анда жаңгак бактары менен катар алма, мисте, долоно …

Сурамжылоо: Аймактардагы кышкы эс алуу [+сүрөт]

Учурда Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы ортолоп, мектеп окуучулары кышкы эс алууга чыгышты. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын бир айга созулган кышкы эс алуусун кантип өткөрөөрүн билип көрүштү. Баткен облусу Шумкар Көк-Талаа …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...