Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

7-апрель Элдик революция күнүнө карата Сүлүктүдө митинг болду

7-апрель күнү Сүлүктү шаарынын борбордук аянтында Элдик революцияга карата уюштурулган митинг болду. Митингде Сүлүктү шаарынын мэри А. Ибрагимов, Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркуловдор сөз сүйлөштү. Шаардын башкы имам хатиби М. …

Кара-Суу: Эгинди тебелеген мал ээсине айыппул төлөтүү маселеси чечилбей калды

3-апрелде Кара-Суу айылында айыл өкмөт башчысы Насипа Дженбаева айылдык кеңештин депутаттары Кумбашев Ишенбек, Дооронбаев Нурбек жана айылдын тургундарынын катышуусунда чогулуш болуп өттү. Чогулушта айыл тургундарынын малдары себилген эгинди, бедени тепсеп, тебелеп …

Кара-Суулуктар жайытка салык төлөбөй келет

Бул чыгарылышта биз Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү эң негизги көйгөйлөрдүн  бири — жайыт үчүн салык төлөө маселеси. 3-апрелде айылыбызда жайыт жерге салык төлөө маселеси боюнча чогулуш болуп өттү.

Тасма: Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты начар абалда

Карасаев айыл өкмөтүнүн Тасма айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобу эмгектенген имараттын абалы начар. Бул имарат Тасма айылынын так ортосунда оорун алган, канча жыл өтсө дагы бул имаратка оңдоо иштери жүргүзүлө …

Жер талаш маселесин Президент көзөмөлгө алды

Кошбулактагы жергиликтүү тургундар менен «Коал групп» ишканасынын ортосунда чыккан талаш тартыш маселесин Президент өзү көзөмөлгө алды. 5-апрель күнү Президенттин аппаратынан кызматкерлер келип эл менен ачык айкын жолугушуу өткөрүп, маселени жеринен барып көрүштү.

«Улахол FM» жамааттык мультимедиа борбору ишке киришти

Тоң районунун Улахол айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн  жамааттык мультимедиа борбору өз  ишин баштады. Бул борборго Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан маалыматтык техникалар толугу менен алынып берилип Кыргызстандагы …

Улахол: Борбордук көчө жарыктандырылды

Тоң районунун Кара-Талаа айылында борбордук көчөлөргө, оорукана ,мечит жана билим кени болгон мектептин айланаларына жарык лампалары  орнотулуп, элдерге бир топ жеңилдиктер болду. Улахол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Тынчтык Ашымов: «Борбордук көчөнү …

Суусамырда «Нур» бала бакчасы ишке киришти

2013-жылы жай мезгилинде «Нур» бала бакчасы ишке кирише баштаган. Бирок Суусамыр жергеси суук жана бала бакчада каражат аз болгондуктан жылуулук болбой балдар үшүп, жабылып калган.

Баетов: Жердешибиздин сөздүгү жарык көрдү

Женева шаарында жашап, иштеп жаткан жердешибиз, Баетов айылынын тургуну, журналист Ж. Эдигеевдин “Сапарлаш” аттуу французча-кыргызча сөздүгү жарыкка чыкты. Китеп француз тилин үйрөнгүсү келгендерге, ошондой эле француз тилдүү өлкөлөргө сапарга чыгууну …

Алдыңкылар ийгилик жаратышты

Ак-Талаа районундагы орто мектептеринин  окуучуларынын арасында 31-марттан  2-апрелге  чейин спартакиада өткөрүлдү. Бул спартакиада  спорттун  волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, футбол, тогуз коргоол, күрөш, жеңил атлетика түрлөрү боюнча болуп, 18 мектептин …

Ош шаарында «Мээрим көздөн, жардам жүрөктөн» аттуу кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

28-март күнү Ош шаарында «Мээрим көздөн, жардам жүрөктөн» аттуу кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Иш-чара  Жаштарды өнүктүрүү борборлорунун лидерлеринин демилгеси менен уюштурулган. Акцияга КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги,  ЮНИСЕФ эл аралык уюму …

Улахол: Жазгы айдап себүүгѳ даярдыктар башталды

Улахол айыл аймагында жазгы айдап себүү талаачылык жумуштары, сугат сугаруу иштери кызуу башталды. Кара-Талаа айылынын «Чат» ѳрѳѳнүнүн мурабы Какчекеев Мырзабек: «Чат» ѳрѳѳнүндѳ айдоо аянттарынын  күзгүсүн 120 га жерди тондурма жасаганбыз, азыркы …

Улахол: Айылда келечектин артисттери даярдалууда

«Ааламга жол айылдан башталат» -демекчи биздин Тоң районунун Кара-Талаа айылында окуучулардын жѳндѳмүн арттыруу максатында «Сахна» драма ийрими иштеп келет. Ошону менен бирге ушул жаатта кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишип, келечектеги артисттер менен бирге …

Суусамырда ыр-кесе болуп өттү

Апрель айынын биринчи күнүндө, Суусамыр айылында райондук ыр кесе болуп өттү. Жайыл району боюнча 12 айыл өкмөт, мэрияны кошкондо 13 болду. Бул ыр кесенин максаты — айыл ичиндеги сыртка чыкпаган …

Токтоянда жаш өспүрүмдөр өзгөчө коргоого алынууда

Түп районунун жаш өспүрүмдөр инспектору келип, №18-мектептин 8-9-10-11-класстарынын окуучуларына атайын лекция окушту. Бул лекция кылмыш, зордук-зомбулук, маңзат жана диний экстремизм боюнча болду.

Тасма: Чыргайда свет маселеси чечилүүдө

Тасма айылынын жаңы конушу Чыргайда көптөн бери чечилбей келе жаткан жарык маселеси чечилгени жатат. Бул жаңы конушта алтымыш түтүн эл жашайт.

Айылдардагы мектеп окуучуларынын билим деңгээли

Жыйырма биринчи кылым илим жана техниканын жылы болгондуктан мектеп окуучулары көп убактысын интернетте өткөрүүдө. «Ал эми окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн предметтик мугалимдер окуучуларга кандайдыр бир ыкмаларды көбүрөөк пайдаланып алардын …

Үч-Коргон: Өрүк гүлдөгөндө кар жаады

Үч-Коргон эли өрүктөн жакшы пайда алышат. Өрүктөр эми гүлдөгөндө кар жаап татаал абал жаратты. Бирок, жашоочулардын көбү кар жаашын билип, өрүк дарактарын суукка каршы дарылашкан.

Айылда эхинококкоз дартына чалдыккан адамдар катталууда

Эхинококкоз оорусу малдан жугат. Ал эми Кыргызстандагы айыл тургундарынын негизги кесиби мал чарбачылык. Ошонун кесепетинен өспүрүм балдарга бул коркунучтуу дарт дал ушул малдан жугуп жатат.

Сүлүктү: Экология, табигый кырсыктардын алдын алуу долбоору башталды

Экологияны сактоо, жер көчкүлөрүн болтурбоо боюнча алдын ала чара көрүү боюнча «Жашыл Долбоор» — каржылануусу башталды. Бул долбоорду Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү долбоору каржылай баштаганы маалым болду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...