Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: tunukradio

Ак-Талаада бала бакчаларга видеокөзөмөл орнотулду

Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу «Тынчтык», «Жаш Тилек”, “Жаш Балаты”, “Чолпон”, “Терекке-береке” бала бакчаларына жаңы окуу жылына карата видеокөзөмөл орнотулуп,  шаймандары (монитор) жана тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыздалды.

Видео: Кайсы категориядагы пенсиялык төлөмдөр көбөйдү?

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта пенсиялык төлөмдөр көбөйдү. Ушуга байланыштуу Ак-Талаа райондук социалдык фонд башкармалыгында пенсиялык төлөмдөрдү кайра эсептөөлөр жүрдү. КРнын Социалдык фондунун Ак-Талаа райондук башкармалыгынын башчысы Иса Акматалиев көбөйгөн пенсиялык …

Ак-Талаа: Жаш манасчылардын сынагы уюштурулду

Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда “Манас, маданият жана туризм” фестивалынын алкагында салт болуп калгандай жаш манасчылардын сынагы өтүп, жобого ылайык 7 жаштан 20 жашка чейинки 16 жаш талант катышты.

Сүрөт баян: «Манас, маданият жана туризм» фестивалы

Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда райондук маданият бөлүмү тарабынан мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Манас, маданит жана туризм” фестивалы быйыл 9-ирет өткөрүлдү. Ага жергиликтүү жана башка райондордун бийлик өкүлдөрү, чет элдик меймандар, …

Видео: Кыл аркан эшип, каражат тапкан Гүлмира айым

Кыл аркан – кыргыз элинин күндөлүк керектөөчү буюмдарынын бири. Аны кыргыздар илгертен мал байлоодо, боз үйдүн жабдууларында, ат чылбыры катары гана колдонуп келген. Учурда аны жасап, кыл аркан эшүү өнөрүн …

Ак-Талаа: Муниципалдык спорттук зал инвентарлар менен толукталды

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Ак-Талаа-Баетов» муниципалдык спорт клубу керектүү спорттук инвентарлар менен толукталды. Тактап айтканда, Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунан 577 400 сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 50 миң сом бөлүнүп, …

Акталаада байланыш бөлүмүнүн имараты оңдолду

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы байланыш бөлүмүнүн имараты оңдоодон өткөрүлдү.

Ак-Талаа: 75 га жерге сафлор айдалды

Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында райондогу тургундардын суроолоруна жооп берди. Айрымдарын сунуштайбыз. Долбоор Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондусунун колдоосу менен ишке ашырылууда.

Акталаада сел каптаган чөлкөмдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районуна караштуу Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарындагы сел жүргөн чөлкөмдөрдү калыбына келтирилүүдө. Тактап айтканда, Шырдакбектин сайындагы суу түтүктөрүнүн тирөөчтөрү бекемделип, тазалоо иштери жүрүүдө.

Акталаада 13 бала бакча жетекчиси кызматтан бошотулду

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Динара Исаманбетованын маалыматына караганда КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы 273-токтомунун жобосунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жалпысынан 5 жана андан көп …

Ак-Талаада кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар болууда

Ак-Талаа районунда кызамыкка эмдөөдөн баш тарткандар болууда. Тактап айтканда, 27 адам диний ишенимден, ал эми 11 адам (жалпы 38) шектенүү көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткан. Мындай маалымат бүгүн социалдык …

Ак-Талаада бруцеллез оорусу көбөйүүдө

Ак-Талаа районунда 2024-жылдын 6 айында бруцеллездун 16 учуру катталган. Ал эми былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 10 учурга өскөн. Бул тууралуу бүгүн социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар …

Акталаада ЖРТ жана олимпиаданын алдынкыларына сыйлык тапшырылды

Ак-Талаа районунда бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына арналган салтанат өтүп, анда Баетов айыл аймагына караштуу 4 мектепке Баетов айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.

Ак-Талаада жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган мектепке автоунаа тапшырылды

Ак-Талаа районунда Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебине Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыковдун демөөрчүлүгү астында “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. 

Эндик чогултууга мораторий жарыяланды, кармалгандарга айып пул салынат

«Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында түз эфирде Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров суроолорго жооп берди. Айрымдарын сунуштайбыз.

Ак-Талаа районунун акими: Ар бир көчөттүн өсүүсү үчүн кам көрөбүз

Ак-Талаа районунун акими Ж.Жапаров «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында тургундардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Суроолордун мазмуну таза суу, жол, ирилештирүүнүн күңгөй-тескейи тууралуу болду. Төмөндө айрымдарын сунуштайбыз.

Ак-Талаада 10 жылдык бүтүрүүчүлөр 147 миң сомдук белек тапшырышты

Ак-Талаа районунун Жер-Тал айылындагы Итигул Молдобаев атындагы орто мектебинин 2014-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү айылына боз үй (67миң сом), 250 литрлик эки тай казан (22миң сом), 80 литрлик титан самоор (11 500 …

29-май Кыргызстан Куралдуу Күчтөрүнүн күнү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнү катары 1992-жылдан бери белгиленип келет. Тактап айтканда, Совет бийлиги кулап, курамындагы союздук республикалар тарагандан кийин Эгемен өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү түзүлгөн.

Фотобаян: Ак-Талаада бүтүрүүчүлөргө арналган Акыркы коңгуроо салтанаты

Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Ага окуучулар, ата-энелер, ардагер мугалимдер жана 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр катышты.

Жоголгон балдарды издөө кыйынчылыктар менен коштолот

25-май дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жоголгон балдардын эл аралык күнү катары белгиленет. Бул күндүн келип чыгуу тарыхы Америкадан башталат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...