Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: tunukradio

Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ишмердүүлүгү боюнча сүрөт сынагы жыйынтыкталды

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан мектеп  окуучулары арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн өсүп келе жаткан муунга таанытуу максатында жарыялаган  сүрөт сынагынын  жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана  5-март  ак калпак күнүнө белгиленди.

Сот кызматкерлеринин күнүнө карата спорттук мелдеш өттү

Ак-Талаа районунда мекемелер, спорт сүйүүчүлөр арасаныда волейбол боюнча мелдеш өттү. Аталган мелдеш 5-март КРнын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналып, райондук сот кызматкерлери демилгеси менен  уюштурулду.

Ак-Талаа: Үч чакырым жөө басып ишке келген дарыгер

Нуржан Садыриева учурда Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында 3 чакырым жөө жол басып, фельдшер болуп эмгектенет. Нарын шаарында төрөлүп-өскөн каарманыбыз аталган шаардагы медициналык окуу жайдан билим …

Акталаада «Манас таануу» таймашында эпос англис, орус тилдеринде айтылды

Ак-Талаа районундагы мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” таймашы болуп, ага райондогу 18 мектептен 32 команда катышты. Таймаштын жүрүшүндө Саякбай Каралаевдин варианты боюнча суроолор берилди. Ошондой эле суроолор эпостогу кайсы окуяга …

Эне тил-улуттун маданий мурасы жана байлыгы

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата бир катар салтанаттуу иш-чаралар уюштурулду. Атап айтканда мектепте бир күн бою мугалимдер кыргыздын улуттук, ал эми …

Видео: 9-февраль тиш доктурлардын эл аралык майрамы

9-февраль тиш доктурлардын эл аралык күнү, айрым жерлерде тиш ооруларынын күнү катары дагы белгиленет. Акырындап кеңири жайылып келе жаткан кесиптик майрамдардын бири. Тиш адам баласынын көркү. Аны сактоо, убагы менен …

Ак-Талаада «Нарын кышы» фестивалы өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы Ак-Тал айылында хоккей оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн «Нарын кышы» фестивалынын алкагында уюштурулуп, жалпы 8 команда …

Максатка жетүүдө эрк абдан маанилүү

Алтынай Нурдинова учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация бөлүмүндө 4-курста билим алат.  Ал  өлкө башчы Садыр Жапаровдун Президенттик стипендиясына татыктуу болгон. Каарманыбыз окуудагы ийгиликтери тууралуу ой-бөлүштү.

Ак-Талаада өкмөттүн мурдагы имараты бала бакча катары пайдаланууга берилди

Ак-Талаа районунун Кадыралы айылында айыл өкмөттүн мурдагы имараты бала бакчанын кошумча корпусу катары пайдаланууга берилди. Бүгүн анын ачылыш аземине айыл тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, кызыл тасмасы кесилди.

Акталаада мектеп окуучуларынын олимпиадасы башталды

18-январь күнү Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде республикалык олимпиаданын II баскычы башталды. Ага райондун аймагындагы орто мектептерден 415 окуучу катышууда.

Ак-Талаа району: Жол кырсыктары көп катталган айылдын жолу жарыктандырылды

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды.

Ак-Талаа району боюнча зомбулукка каршы иш чаралар өттү

Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.

Ак-Талаадагы айылдык оорукана капиталдык оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы ооруканада оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

Ак-Талаада жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулуп, ачылыш салтанаты болду. Ачылышка район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

Фотобаян: Ак-Талаада кыргыз прокуратурасынын 99 жылдыгына карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата волейбол боюнча мекеме-ишканалар арасында ири мелдеш өткөрүлүп, ага жалпы 17 команда катышты.

Ак-Талаада балдар жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдыгы белгиленди

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде балдар жазуучусу, коомдук ишмер, Андерсен атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси Шүкүрбек Бейшеналиевдин 95 жылдык мааракеси, ысымы берилгендигинин 25 жана имараттын пайдаланууга берилгендигинин 45 жылдыгы …

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял иш учурунда сексуалдык ыдыкка кабылат

Учурда дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө дагы 25-ноябрдан бери  «Зомбулукка каршы 16 күн» кампаниясы жүрүүдө.  Кампаниянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга …

Ак-Талаада зордук-зомбулукту алдын-алуу иш-чарасы болуп өттү

Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүндө өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукту алдын-алуу жана болтурбоо максатында иш-чара болуп өттү. Ага райондогу орто мектептердин жогорку классынын окуучулары, ата-энелери, укук коргоо жана коомдук уюмдардын …

Видео: Ак-Талаа райондук сотунда Ч. Айтматовго арналган адабий кече өттү

Ак-Талаа райондук соту “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагында залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата адабий кече өткөрдү. Кече кыргыз тилин өнүктүрүү жана даңазалоо, КРнын мамлекеттик тил жөнүндө …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...