Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Аймактагы жашоо

Токтогул: Терек-Суу айылында мектептин жаңы кошумча корпусу курулуп жатат

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында билим берүү багытында маанилүү иш — айылдык мектепке жаңы кошумча корпус курулуп жатат. Бул имарат 275 окуучу үчүн ылайыкталып, заманбап билим берүү талаптарына жооп берген …

27 Октябрь 2025 жыл 19:17

Дөбөлү айыл өкмөтүндө “Кыз-жигит сармердени” маданий кечеси өттү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндө 24-октябрда «Кыз-жигит сармердени» болуп өттү.

25 Октябрь 2025 жыл 22:28

Марат Кенжакунов мектебинин окуучулары “Акыл таймаш-2025”ге катышты

Нарын районуна караштуу Кайыңды айылынын  Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин окуучулары «Акыл таймаш — 2025» республикалык сынагына катышып келишти

25 Октябрь 2025 жыл 19:20

Токтогул: Терек-Суу айылына көрк берген бүркүт жаңыланды

Терек-Суу айылынын кире беришиндеги символго айланган арка дагы бир жолу жаңыланып, айылга өзгөчө көрк тартуулады. Арканын жанына айыл тургуну, уста Акун Сабырбеков өз колу менен жасаган кооз бүркүт көп жылдан …

23 Октябрь 2025 жыл 21:51

Талаадан заводго: Кыргызстанда шекер кантип өндүрүлөт

Кыргызстандын кант өнөр жайы үчүн 2025-жылдын айдап-себүү сезону татаал болду. Аба ырайы өзүнүн ролун ойноп — жаз суук түшүп, мөндүр жаагандыктан, үрөндү эки жолу себүүгө туура келип, түшүмдүүлүк эки эсеге …

22 Октябрь 2025 жыл 22:03

Чолпон айылынын тургундарын китепке кызыктырган «Китеп кербени»

21-октябрда Кочкор районунун Чолпон айылына «Китеп кербени-2025» долбоору келип, айыл тургундарына чоң маданий майрам тартуулады. Долбоордун негиздөөчүсү Урмат Турдумат уулу окуучулар үчүн келечектеги кесип тандоо маселеси, ал эми ата-энелер үчүн …

22 Октябрь 2025 жыл 9:09

Менин негизги максатым — окуучуларды билимге суугаруу

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын биология мугалими Венера Жаманакова өз ишине берилген устат. Ал билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. .

21 Октябрь 2025 жыл 8:29

Тасмада GAMMA билим берүү борборунун тестирлөөсү өткөрүлдү

16-октябрь күнү, Ысык-Көл облусуна караштуу, Түп районундагы Тасма айылында А. Сопиев атындагы 19-Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде 9- 10- жана 11-класстардын окуучулары үчүн GAMMA билим берүү борборунун тестирлөөсү жүргүзүлдү.

17 Октябрь 2025 жыл 9:34

Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөөрү расмий жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтөөрү расмий жарыяланды.Бул шайлоодо жарандар өз депутаттарын түз шайлоо жолу менен тандашат.

16 Октябрь 2025 жыл 22:21

Айдиншер Нургазиев: «Эң мыкты чабуулчу» Данканай мектебинин окуучусу Эл аралык турнирде ийгилик жаратты

​ Токтогул районундагы Данканай орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айдиншер Нургазиев Азия өлкөлөрүнүн фестивалы алкагында өткөн эл аралык волейбол турниринде мыкты оюн көрсөтүп, “Эң мыкты чабуулчу” номинациясын жеңип алды. Айдиншер Жалал-Абад …

14 Октябрь 2025 жыл 22:35

Акталаада Абалак ордо оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» долбоорунун негиздөөчүсү, маданияттын мыкты кызматкери Жылдыз Коконбай кызынын демилгеси менен «Абалак Ордо» федерациясы түзүлдү. Анын урматына байге фонду 100 миң сом болгон Абалак …

14 Октябрь 2025 жыл 12:49

Акталаада «Ырлар гана ырдаар менин атымды» кароо-сынагы өттү

Ак-Талаа районундук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө белгилүү обончу, композитор Жалил Сыдыковдун чыгармаларын аткаруу боюнча “Ырлар гана ырдаар атымды” аттуу кароо-сынак өттү.

11 Октябрь 2025 жыл 19:57

Акталаада аялдамалар кайра орнотулууда

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы эски аялдамалардын ордуна жаңысы орнотулууда. Аялдаманы жасоого Кыргыз темир жол курулушунун Кытай ишканасы, Асейин Бектурганов жана Мурас Сыдыковдор колдоо көрсөтүштү.

11 Октябрь 2025 жыл 17:46

Гапыр Мадаминов Токтогул эли менен жолугушту

9-октябрь күнү Токтогул районунда мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар үчүн тарбия, адеп-ахлак, билим берүү жана маданият маселелерине арналган иш-чара болуп өттү.

10 Октябрь 2025 жыл 16:27

Бишкек шаарынын №21 орто мектеби воркаут-аянтчалуу болду

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №21 орто мектеп заманбап спорттук воркаут-аянтчалуу болду. Жарым жыл мурда жарыяланган экологиялык акцияга катышуунун натыйжасында, бул мектеп акциянын жеңүүчүсү деп табылган. Мектептин директору Жениш уулу …

8 Октябрь 2025 жыл 22:59

Мугалим коомдун жүрөгү

7-октябрда Мугалимдердин кесиптик майрамы облустук деңгээлде салтанаттуу белгиленди. 

8 Октябрь 2025 жыл 14:16

Акталаада үч айыл аймакка кеңсе жабдуулары тапшырылды

Ак-Талаа районунда «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы ( CS-FOR)» долбоорунун алкагында пилоттук Тоголок-Молдо, Кара-Бүргөн, Ала-Буга айыл аймактарынын ар бирине 3000$ турган атайын кеңсе жабдуулары тапшырылды.

8 Октябрь 2025 жыл 10:17

Мамлекеттик тил айлыгы жыйынтыкталды

2025-2026-окуу жылында “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин 7 дубандагы жана Ош, Бишкек шаарындагы лицейлеринде “Кыргыз тили – уча турган канатым, Адабият – айтып бүткүс санатым” аталышында Мамлекеттик тил айлыгы …

1 Октябрь 2025 жыл 12:16

Мамлекеттик тилдин бир айлыгына карата тегерек стол өтүлдү

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Ч.Айтматов атындагы китепканасында мектеп окуучулары менен биргеликте кыргыз тилинин 36 жылдыгына, мамлекеттик тилдин бир айлыгына карата » Тилдин келечеги- жаштардын колунда» аттуу тегерек стол …

1 Октябрь 2025 жыл 8:51

Нарын районунун мугалимдер арасында спартакиада болуп өттү

2025-жылдын 27-сентябрында Нарын районундагы Асанбек Табалдиев атындагы ЖББМ «Мугалимдер күнүнө» карата райондук спартакиада болуп өттү.

30 Сентябрь 2025 жыл 19:52

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...