Москада эмгектенип жүргөн Кош-Дөбөлүк мекендештер өз айылындагы ооруканага кир жуучу автомат машина алып беришти.
Мектеп китепканаларынын иши автоматташтырылат. Мындай иш-аракеттер “Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында жүзөгө ашат. Максаты китепканачылардын ишин жеңилдетүү, өлкө боюнча китептердин базасын түзүү.
Кочкор районунда 2 мультимедиа борбору ачылып жатат. Ачуу үчүн Чолпон айылынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын демилгеси менен долбоор жазылып, мультимедиа борборуна керектүү жабдуулар алынып берилди.
Куурма чайды ата-бабалар илгертен кадырлап ичип келишкен, бирок учурда бул азык унутулуп бара жаткандай. Азыркы мезгилде чанда гана адамдар куурма чай жасап ичишет. Куурма чай элдик медицинада кубаттандыруучу мүнөз тамак …
2020-жылы Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң абитуриент катталган. Анын 67си алтын сертифкатка ээ болгон. 220 баллдан жогору алган эң алдыңкы тизмектеги бүтүрүүчүлөр kyrgyzmedia.kg өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар …
Жылдардын өтүүсү менен кыргыз салттарынын айрымдары өзгөрүүлөргө дуушар болуп келет. Алардын ичинде жаш жубайлар баш кошкондо шайланчу өкүл ата, өкүл апалар бар. Мурда кимдерди өкүл ата, өкүл апа кылып шайлашкан? …
Айыл өкмөттөгү кризистик абалда турган, жашоо шарты өтө оор Ооган-Талаадагы эки үй- бүлөгө 2020- жылдын эсебинен үй курулуп берилди.
Ооган-Талаа айылындагы жаңы конушка өкмөт тарабынан каржы бөлүнүп, электр мамычалар жана электротрансформатор коюлуп жатат.
Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тест тапшырышат. Анын жыйынтыгы менен жогорку окуу жайга кабыл алынгандыктан, көпчүлүк мектеп бүтүрүүчүлөрү тынчсызданып, кабатырланышат. Бул багытта адистер кандай кеңештерди берет? ЖРТдан жакшы балл …
Ат-Башы районунда, муктаж болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Ат-Башы райондук эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн ичинде атайын «Социалдык дүкөн» ачылды.
Ак-Талаа районундагы «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмеси Германия кызматташтык уюмунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун алкагында бир топ бир социалдык ишканаларды ачууга жетишти. Аталган долбоор жаштарга жумуш ордун түзүү, иш менен …
Ат-Башынын кулуну, калемин колунан түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын, журналист Шайлообек Дүйшеев быйыл 70 жашка толду.
Мындай маалыматты “Жаштар курулуш” долбоорунун жетекчиси Азамат Аскарбеков билдирди. Жаштарды иш менен камсыз кылуу, миграцияны алдын алууга салым кошуу максатын көздөгөн бул чакан ишкананын салтанаттуу ачылышы болду.
Ак-Талаа районундагы Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз айтматовдун туулган күнүнө карата “Аалам алпы-Чыңгыз Айтматов деген аталыштагы иш-чаралар жыйынтыкталды.
Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе 1 орто мектебинде “Манас»эпосунун күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Бул иш-чараны мектептин Кыргыз тил жана адабият мугалими Чолпон Ишеналиеванын демилгеси менен өттү.
Америка жана Жапония бир катар Азия өлкөлөрүндөгү демилгелүү жаштар үчүн тажрыйба топтоо программаларын жарыялады. Ал программаларга кыргызстандыктар да катыша алат.
Дарыгер: «Суусамыр ооруканасына жардам көргөзгөндөргө терең ыраазычылык» Толгонай Самудинова
Ак-Талаа районунун Чолок- Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде учурда 566 окуучуга 48 мугалим билим -тарбия берет. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин мектепте 1-класстын окуучулары гана салттуу окуп …
Пандемияга байланыштуу бала- бакчалар жабылган. Ата-энелер жана тарбиячылар бакчалардын ачылышын күтүп жатышканын айтууда.
Могол айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай жардам берилди. Мындай көмөк көрсөтүү 3- декабрь ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата жасалып келет.