Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери дүйнөдө 106 миллиондон ашуун киши Covid-19 вирусун жуктурду, 2,3 миллион киши каза тапты. Бул боюнча Сүлүктү шаарында кандай иш жүрүп жатат? Шаардык …
Ысык-Көл облусунун Туп районуна караштуу Тасма айылындагы “Нур FM” жамааттык мультимедиа борборунда 12 кабарчы ыктыярчылар бар. Алар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатат кызыгып көрдүк.
Бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер башынан өткөрүп жаткан дүйнө кризиси карапайым калкка таасирин тийгизип жатат. Себеби, азык-түлүктөн баштап айыл чарбага чейин бардык кызматтар жана товарлардын баасы кымбат болууда.
Адамзат тарыхындагы эң ири жапырт эмдөө жараяны жүрүүдө. Учурда Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө дем алышсыз, бекер коронавирус илдетине каршы вакцинациялоо иши жүргүзүлүп жатат.
Ковид-19 вирусунун башталышы менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын алдында райондук штаб уюшулган. Анын төрайымы – Орозбакова Бактыгүл Ормуковна. Штабдын максаты оорунун жайылып кетүүсүн алдын алуу, дарыгерлерге көмөк көрсөтүү жана эмдөө …
Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 314тү түздү. 38 адам экинчи жолу коронавирус илдетине чалдыккан.
Өлкө аймагында июль айында Ковид-19 вирусуна чалдыккандардын катталуусу жогорку чекке жетти. Дарыгерлердин айтуусу боюнча абал оор бойдон калууда. Бирок 2020-жылдын июль айына салыштырмалуу кырдаал бир аз жакшыраак.
Кыргызстанда акыркы айларда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, жашылча-жемиш, курулуш материалдары былтыркы жылга салыштырмалуу кымбаттады.
Пандемия күчөп бир жактан аба ырайынын кургакчыл болуп туруусу улгайган жарандар жана ден-соолугу начар кишилер үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратууда. COVID-19 вирусу аныкталган региондордун арасынан Кыргызстан боюнча үчүнчү орунда болуп …
Республика боюнча эмдөө иштери жүрүп жаткан учурда социалдык медиалардан аркандай маалыматтар таркатылып жаткан мезгил. Элге маалыматты туура жеткизүү үчүн Учкун айыл аймагынын башчысы элге социалдык медиалардан кайрылуу жасады.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айыл аймагында пандемия учурунда ооруну алдын алуу боюнча иштерин көзөмөлдөө үчүн атайын айылдык штаб түзүлгөн.
Тамак-аш,күйүүчү май жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баалары кескин өсүшүнө дээрлик бир жылдан ашуун убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде баалар 50-60 % чейин өстү. Кымбатчылык элдин жашоосуна бир топ кедергисин тийгизди,бул …
Баткен облусунун Сүлүктү-Лейлек базарларында малдын баасы кескип арзандап кеткени менен эттин баасы дагы эле өзгөрүүсүз сатылууда. Уй эти эт дүкөндөрүндө орточо 430 сомдон сатылууда. Себебин иликтеп көрдүк.
Дүйнө жүзүн каптап, миллиондогон адамдардын жанын алган Ковид — 19 илдетинен сактануунун жолдорунун бири – бул вируска каршы эмдөөдөн өтүү.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 2021 — жылдын март айларынан баштап айылда мобилдик топ иш алып барып келет.
Өлкөбүздө пандемия башталгандан тарта баалардын кескин өсүшү байкалат. Кымбатчылык карапайым элдин, ишкелердин көйгөйүнө айланды. Оор кырдаалга карабастан жергиликтүү калк өз ишин улантууга муктаж.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында ковид жана пневмония менен кайрылгандар каттала баштады.
Могол айыл аймагы Базар-Коргон районунда жайгашкан. Аймакта алты айыл бар. Өкмөттөгү ыкчам штабынын эскертүүсүнө карабай эл эс алуу жайларында, базарларда элдин көп экендигин байкоого болот.
Учурда өлкө аймагында жарандарды COVID-19 илдетине каршы эмдөө иштери жүрүүдө. Ак-Талаа районунда дагы калкты эмдөөдөн өткөрүүчү алты эмдөө пункту ачылып, дем алышсыз иштеп жатат.