Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жал

Жал айылында медресе ачылганына бир жыл

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы медресенин ачылганына бир жыл болду.

20 Апрель 2017 жыл 16:15

Жал: Таш кордо улуттук тамагын жасаган Майрам Абышова

Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургуну Майрам Абышова табыштама менен таш кордо даамын өз үйүнөн кардарларына даярдап берет.

20 Апрель 2017 жыл 16:14

Жал: Малина мөмөсүн өстүргөн Алтынай Ниязалиева

Алтынай Ниязалиева Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну. Ал малина өстүрүү менен алектенгенине 20 жылдай убакыт болуп калды.

20 Апрель 2017 жыл 15:50

Жал айылынын тургуну Кадыр Саматов тоок багуу менен алектенет

Сокулук районунун Жал айылында жашаган Кадыр Саматов тоок багуу менен бизнес кылып, үй-бүлөсүн багып келет. Бул иш менен алектенип келатканына болжолу менен төрт жыл болуп калды.

20 Апрель 2017 жыл 15:38

Жалда китеп жумалыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев гимназия мектебинде китеп жумалыгына карата окуучулардын китепке кызыгуусун өстүрүү үчүн иш-чаралар өтүлдү. Иш-чараны мектеп китепканасынын жетекчиси Назгүл Жолдошбекова уюштурду.

20 Апрель 2017 жыл 13:36

Бал бизнеси менен алектенген Абаскан Медетбеков

Абаскан Медетбеков Сокулук районуна караштуу Жал айылында бал бизнеси менен алектенгенине тогуз жыл болду.

16 Апрель 2017 жыл 14:51

Жыгач устачылык менен алектенген Айнидин Сыргашов

Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургуну Айнидин Сыргашов 20 жылдан бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Ал ар кандай жыгач буюмдарды табыштама менен жасайт.

16 Апрель 2017 жыл 14:23

Сарбан айылында арча дарагын өстүргөн Динара Жунушалиева

Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Динара Жунушалиева жети жылдан бери арча дарактарын өстүрүп сатат.

11 Апрель 2017 жыл 16:58

Жугуштуу ооруларды алдын алуу

Оорулар көбүнчө кайсы мезгилде кезигет? Ал оорулардан коргонуу жана айыгуу үчүн ар кандай жолдору бар?

11 Апрель 2017 жыл 16:45

Орок айылынын багбаны Борис Коновалов

Сокулук районуна караштуу Орок айылынын тургуну Борис Коновалов атасынан үйрөнгөн кесибин 50 жылдан бери улантып келет. Анын көчөт тигүү боюнча “Карликовые сады” атуу китеби да жарык көргөн.

11 Апрель 2017 жыл 16:26

Жал айылындагы “Аванти” бий студиясы

Сокулук районуна караштуу Жал айылында “Аванти” бий тобу ачылганына эки жылдай убакыт болуп калды. Бий тобу негизделгенден бери ийгиликтерди багынтып келүүдө.

11 Апрель 2017 жыл 16:14

Смартфон үчүн жетинчи сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2016-жылы уюштурган «Кыш», «Жаз-1», «Жаз-2», «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль+кошумча убакыт) аралыгында сынак …

3 Апрель 2017 жыл 11:35

Шахмат боюнча президенттин кубогу өттү

Шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин IV кубогу 18-23-мартта болуп өттү. Ага Сокулук районунун Жал айылынан жаш шахматчы Азирет Абдылдаев катышып, президенттин диплому менен сыйланды.

1 Апрель 2017 жыл 9:57

Орок айыл аймагынын айылдарына балдар аянтчасы салынды

Орок айыл аймагынын 5 айылына балдар ойноо аянтчасы курулду. Аянтчалардын салынышына эл ыраазы болууда. Аянтчалар Жал, Кашка-Баш, төмөнкү жана жогорку Орок, Сарбан айылдарына салынды. Селкинчек, карусел, тең-салмактуу селкинчек, кум аянтачасы …

31 Март 2017 жыл 15:47

Сарбандын саяпкери Абай Алтынбек уулу

Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Абай Алтынбек уулу республикалык ат оюндарынын мелдешинде “Кунан чабыш” боюнча 1-орунду алды.

31 Март 2017 жыл 15:43

Жал айылынын мугалимдери спорттук мелдештерге катышып келишти

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинин мугалимдери 25-мартта №1 мектептин чакыруусу менен спорттук оюндарга катышып келишти. Спорттук оюндар баскетбол, волейбол, шахмат, стол үстүндө тенис жана тогуз коргоол боюнча өттү.

28 Март 2017 жыл 14:37

Жал айылында Нооруз майрамы өттү

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде 21-март Нооруз күнүнө карата майрам болуп өттү. Ага Орок айыл аймагындагы аксакалдар жана чоң энелер келишти.

27 Март 2017 жыл 10:49

Жал: Мектепте кургак учук оорусуна каршы иш чара өтүлдү

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде атайын “24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнүнө” карата иш-чара коюлду. Ага окуучулар менен дарыгерлер күбө болуп отурушту.

22 Март 2017 жыл 14:24

Жал айылынын мектебинде спорттук иш-чара болду

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Мамыралиев мектебинде «24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнүнө» карата спорттук иш-чара өтүлдү. Ага 9-классынын окуучулары катышышты.

22 Март 2017 жыл 14:12

Смартфон үчүн алтынчы сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …

2 Март 2017 жыл 14:57

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...