Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ишкердик

Суусамыр: Чакан насыяны айыл тургундары максаттуу колдонуп жатышабы?

Кыргызстанда бир нече микрокредиттик уюмдар бар. Ар бир экинчи үй-бүлө насыянын жардамы менен жеке бизнесин алдыга жылдырып келет. Суусамырда болсо эки микрокредиттик уюм элге чакан насыя берип келет.

21 Апрель 2015 жыл 12:18

Суусамырда тыбыт сатуу мезгили башталды

Суусамыр өрөөнү тоолуу өрөөн болгондуктан айыл тургундары мал чарбачылык менен гана алектенишет. Ар жылы жаздын башталышы менен айыл тургундары үчүн малдан кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

21 Апрель 2015 жыл 12:15

Кызыл-Туу айылынын ойлоп тапкыч ардактуу тургуну

Кошкеев Авазбек Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын ардактуу тургуну. Анткени ал 60 жаштан ашып калса дагы элге өз кызматын көрсөтүп келет. Күн карамадан алынчу май чыгаруучу аппаратты жасап май чыгарат, андан …

20 Апрель 2015 жыл 17:42

Куу-Майдандагы билеги күчтүү чыгаан жеңе

Куу-Майдан айылына келин болуп келген Албина Рахманбердиева туурасында сөз кылмакчыбыз. Албина үй-бүлөөсү менен кол күрөшү боюнча көптөгөн мелдештерге катышып келе жатат. Жаштайынан спорттун ушул туру менен машыгып бир топ жетишкендиктерге жеткенин …

19 Апрель 2015 жыл 15:39

Токтоян: Колунан көөрү төгүлгөн Салтанат эне

«Өнөрлүү адам кор болбойт» дегендей айылдагы Салтанат эне үйдөн бекер отурбастан кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал шырдак, ала кийиз, жылуу кийиз, өтүктөрдү жасайт.

17 Апрель 2015 жыл 16:00

Андарактыктар алмадан жакшы түшүм күтүүдө

Андарак айылынын тургундарынын көбү алма өстүрөт. Жемиште витамин көп болгондуктан, элдер да кызыгып алма бактуу болууну каалайт.

17 Апрель 2015 жыл 12:25

Андаракта пахта жана жүн тытуу көйгөйү жок

Андарак айылында үч жылдан бери пахта, жүн тытуу цехи иштеп жатат. Төмөндө цехтин башчысы Асан Марипов менен маегибизди сунуштайбыз.

17 Апрель 2015 жыл 12:07

Куу-Майданда «жаз жарышы» башталды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз жарыш башталды. Жаз жарыш деп өзү эле айтып тургандай баардык Куу-Майдан айылынын тургундары талаа жумуштары менен жер айдап, үрөөн себе баштаган кездери.

17 Апрель 2015 жыл 0:30

Үч-Коргондуктар быйыл да гиластан жакшы түшүм алууну күтүүдө

Шохрухтун билдирүүсүнө караганда кыштын узакка созулганы жана  кардын жааганы гиластарга жана айрым мөмөлүү дарактарга таасирин тийгизе алган жок.

15 Апрель 2015 жыл 19:36

Бакай-Атада күнөскана өз кызматын улантууда

Бакай-Ата айылында кунөскананын ээси Бегайым Абдыкаева эжеге кайрылдык. Бул күнөскананы (теплица) курганыңызга канча убакыт болду? “Бул күнөскананы 2014-жылы март айында баштаганбыз, сентябрь айында тигип ноябрда түшүмүн ала баштадык.

15 Апрель 2015 жыл 15:44

Үч-Коргон: Жаштар Кербен шаарында бизнести пландаштыруу боюнча окуудан өттү

Аксы районуа караштуу Кербен шаарында 10-апрель 12-апрель күндөрү бизнести пландаштыруу боюнча тренинг болуп өттү. Уюштурулган тренингге 23 жаштар борборлорунун ичинен Үч-Коргон жаштар борборунун лидери Медер Суюнов да активдүү катышып келеген.

14 Апрель 2015 жыл 19:37

Терек-Суу: Жети айылды камсыз кылган набайкана

Терек-Суу айылынын жеке ишкери Таалай Турдалиев кыргыз элине улуу деп саналган нан азыктарын өзүнүн чакан «Алина» ишканасынан чыгарып Терек-Суу, Чоң-Арык ж.б. дагы 5 айылдын мектеп  окуучуларын тогуз жылдан бери камсыз …

14 Апрель 2015 жыл 15:54

Колго жасалган электр көөрүгү

“Шыгай” дыйкан чарбасынын мүчөсү Шыгаев Келдибек кадимки көөрүктү электр тогуна туташтырып койгон. Бул темирди ысытууга, иштетүүгө, аны ар кандай калыпка келтирүүгө абдан оңой. От жагууга кошумча күчтүн кереги жок. Бул …

14 Апрель 2015 жыл 11:40

Айыл чарба шайманы колго жасалууда

Баетов айылынын тургуну Шыгаев Келдибек жазгы талаа жумуштарына колдонулуучу тырмоонун тиштерин   колго жасайт. Эскирип, керектен чыгып калган тырмоону алып, анын тиштерин чыгарып, мизи учталып кайрадан жаңыртылат.

14 Апрель 2015 жыл 11:30

Токтояндан чыккан профессионалдуу сүрөтчү

Токтоян- таланттуулардын айылы десек жаңылышпайбыз. Алардын бири Кадырбек Болгонбаев. Ал көптөгөн адамдардын сүрөтүн дал өзүндөй тартат.

7 Апрель 2015 жыл 18:50

Үч-Коргон: Өрүк гүлдөгөндө кар жаады

Үч-Коргон эли өрүктөн жакшы пайда алышат. Өрүктөр эми гүлдөгөндө кар жаап татаал абал жаратты. Бирок, жашоочулардын көбү кар жаашын билип, өрүк дарактарын суукка каршы дарылашкан.

2 Апрель 2015 жыл 12:35

Тасма: Айылдын чебер устасы Белек

Тасма айылынын тургуну Белек Садабаев көп жылдан бери устачылык өнөр менен алектенип келет. Ал айыл тургундарына стол, кол жуугуч ушул сыяктуу  көптөгөн буюмдарды жасап сатат.

1 Апрель 2015 жыл 16:45

Айымдар жөн отурбастан үйдө да бизнес кылууда

Айымдар иштебеген жумуш жоктур, бала багып, чоӊойткон да апаларыбыздын колунда. Ошондой апаларыбыздын бири Исакунова Аида эже үй шартында ата-энесинин жардамы менен алган кийим тиккен машинасы менен аздан каражат таап келет.

26 Март 2015 жыл 18:23

Талас: Карыя үйүндө чебер уста өз кызматын көрсөтүп жатат

Талас районунун, Бакай-Ата айылындагы карылар үйүндө Таалайбек Ибраимов кол өнөрчүлүк менен кызмат кылууда. Анын кызматынан жергилктүү тургундар колдонушуп, керектүү буюм-тайымдарын жасатып турушат.

18 Февраль 2015 жыл 15:52

,,Бугу-эне» самын жамааты брендге ээ болушту

Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы ,,Бугу-эне» самын жамааты 5 жылдан бери  табигый чөптөрдөн, гүлдөрдөн пайдалуу самындарды жасап келишет. Бул жамаат мурда кээ бир самындарына бренд алышса, азыркы учурда жаңырган жылдын 20-яанварында …

26 Январь 2015 жыл 14:55
Жекшемби
27 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...