Белек Чүкүшов 1995-жылдан бери Куланакта бак өстүрүү менен алектенип келет. Бактарды мал-койго жедирбей, өз убагында жакшы караса Нарында деле бардык жемиштер өсөт, дейт ал.

Жалпы аянты 200 квадрат метрди түзгөн бул күнөскананы Айбек Мусалиев мындан эки жыл мурда курган. Алгачкы жылы бадыраң жана помидор өстүрүү менен баштаган болсо, быйыл лимон менен баклажан кошо өстүрө баштады.
Айылда муз аянтчасынын курулушунда мектеп мугалимдери Бейшенбек Иманов жана Жекшен Абдышүкүровдордун эмгеги зор. Агайлар кышкы каникулда эмгектерин жумшап балдарга муз аянтчасын даярдашты.