Кошбулак аймактык башкармалыгындагы №7-, №4- орто мектептеринде, №9- гимназияда жана көмөкчү мектеп интернатында окуп жаткан 7 жаштан 13 жашка чейинки 52 тоголок жана жарым жетим окуучуларга, Кувейт мамлекетине караштуу кайрымдуулук …
Учурда республика боюнча балдарга карата жакындары тарабынан жасалып жаткан зордук-зомбулук негизги маселе болууда. Көңүл борборунда коомчулуктун талкуусунда туруп жаткан мындай көрүнүштү алдын алуу максатында Баетов айыл аймагында атайын иш мерчемдери …
2014-жыл ичинде жана 2015-жыл башында көмүр кенинде иштеп жаткан шахтерлордун өлүмү көбөйгөнүнө байланыштуу маселе 6-февраль күнү Сүлүктү шаардык Аткаруу Комитетинин отурумунда каралды. Бул маселеге шаардын мекеме ишканаларынын жетекчилери, Жергиликтүү Депутаттар катышып …
Баетов айылында жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү эми мекеме-ишканаларда жүрүүдө. Бүгүн адистер Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине келип, 1997-1998-жылдары туулган окуучуларды жана айрым кызматкерлерди каттоодон өткөрүштү.
2014-жыл да аяктап жатат. Жаны жылды утурлай, Кош-Булак поселкалык башкармалыгы да жыл жыйынтыктарын чыгарды. Бул тууралуу Кош-Булак аймактык башкармалыктын башчысы Бакытбек Сапаркулов менен маек курдук.
Айгүл Дүйшөнкулова Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкери. Ал бизге айылда биометрикалык маалыматты чогултуу иштери кандай жүрүп жаткандыгы жана маалымат тапшыруу үчүн кандай даярдыктарды көрүү керектиги тууралуу айтып берди. top essay writing …
Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүк мыйзамында каралган 2014-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылга чейин биометрикалык каттоо созулат. Бирок Кеңеш айыл өкмөтүнө ушул жылдын 11-ноябрында компютер алынып келинип ошол …
Тогуз-Торо Жалал-Абад облусунун эң алыскы жолу катаал, тоолуу аймакта жайгашкан. Жылдын октябрь айынан тартып июнь айына чейин Тогуз-Торо аймагынан Жалал-Абад шаарына каттоочу жол толугу менен жабылат. Аталган кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан …
2013-жылы Улахол айыл аймагынын атынан Өнүктүрүү саясат институту жарыялаган жергиликтүү демилге кичи сынагына катышып, 1млн сомдук грант утуп алган. Грантка жергиликтүү бюджеттен 430000 сом накталай акча кошулуп тендер аркылуу МТЗ-82 …
Тасма айлындагы таза суу алуучу кудуктардын үстүнүн ачык болушу балдардын өмүрүнө коркунуч алып келүүдө. Бул биздин айылдагы эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.
Баетов айыл аймагында 1 – октябрь улгайган адамдардын күнүнө карата атайын иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы аким С. Черикбаев жана Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт …
Бул себептен айыл тургундары жана айдоочулар көптөгөн чыгымга учурап жаткандарын айтышууда.
Айылдын Түндүк тарабында мурда иштетилип, бирок бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган бассейн жайкысын элдер сууга түшүүчү бассейн жана кышкысын муз тебүүчү жай катары кайрадан жасалууда.
Терек-Суу айылында эн орчундуу маселелердин бири жаш үй бүлөлөргө турак-жай салганга жер жетишпей келет.Ушул маселенин айынан бир үйдо 3-4 үй-бүлө чогуу жашаганга мажбур болушууда. Көп балалуу Нурчакан апа да балдары …
Августтун аягында Кара-Суу айыл аймагында Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев катышкан чогулуш болуп өттү.
Айылыбыздын күн батыш тарабында эбегейсиз зор чуңкурга, таштанды төгүлүп-чачылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Таштандыны ташып сыртка чыгаруунун ордуна, айылдын бардык жашоочулары ушул жерге алып келип төгүшөт.
Көпүрөнү оңдоо үчүн өкмөттөн 13 миң сом каражат бөлүнгөн. Аны оңдоого айыл тургундары Төрөгелди Баялиев жана Жеңишбек Шүгүралиев жардам берген.
Кулатов жергесинде «Ыкчам келинчек» аттуу тандоо болуп өттү. Анда айыл аймагына кирген жети айылдан жети келин таймашты.
Августтун аягында Кара-Суу айыл аймагында Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев катышкан чогулуш болуп өттү.
Кыргызстандын коомдук телеберүү корпорациясынын окуу-ресурстук медиакоммуникация борборунда 2014-жылдын 6-10-июль күндөрү “Аймактардагы ишенимдүү окуяларга таянып телесюжеттерди издөө жана түзүү” семинары болуп өттү. Аймактардагы телекомпаниялардын чыгармачыл топтору аймактын өнүгүүсү тууралуу өздөрүнүн телепрограммасын …