Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Салттуу музыка жумалыгы Кочкор районунда

Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинде салттуу музыка жумалыгы старт алды.

27 Апрель 2022 жыл 11:45

Кочкордо 2022-жылдын мыкты мугалими аныкталды

Кочкор районунда «Жылдын мыкты мугалими-2022»  кароо- сынагынын райондук этабы 2022-жылдын 22-23-апрелинде Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясынын имаратында өткөрүлдү. Кароо-сынакка райондун мыкты жаш мугалимдери катышты.

26 Апрель 2022 жыл 11:57

Жаш мугалимдердин чеберчилигин арттыруу үчүн окутуулар өтүүдө

Учурда Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде 50гө жакын жаш мугалимдер эмгектенип, аларга усулдук жактан жардам берүү максатында райондо жаш мугалимдер кеңеши түзүлгөн. Кеңеш өзүнүн иш-мерчемине ылайык айына бир …

26 Апрель 2022 жыл 11:43

Сабактарды эффективдүү өтөм десеңиз санарип мугалим болуңуз!

Учурда окуучуларды сабактарга кызыктыруу абдан көйгөйлүү маселе болуп келүүдө. Замандын талабына ылайык мектеп окуучулардында смартфон, компьютер же планшет бар. Мугалим айтып бере турчу маалыматты алар интернет булактарынан окуп, көрө алышат. …

25 Апрель 2022 жыл 13:13

«Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!»

21-апрель күнү Кочкор районунун 1-6-класстардын окуучуларынын арасында изилдөө долбоору боюнча «Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!» аттуу сынак өттү. Сынакка Кочкор районунун 15 мектебинин окуучулары катышып, өздөрүнүн изилдөө иштерин презентация кылышты.

25 Апрель 2022 жыл 13:07

Жолдо жүрүү эрежелери боюнча жаш инспекторлор курама командасы түзүлөт

«Соң-Көл» орто мектебинин окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча лекция-сабак өткөрүлдү. Аны менен катар бул эрежелерди сактоо, кырсыктарды болтурбоо максатында райондук деңгээлде ар бир мектептен курама топ түзүлмөкчү. Алардын катарына да …

25 Апрель 2022 жыл 13:01

Китеп жана автордук укук күнүнө карата окуу сааты өткөрүлдү

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 23-апрель китеп жана автордук укук күнүнө карата атайын иш-чара болуп өттү.

23 Апрель 2022 жыл 23:04

Кара-Тоо: Ден-соолук күнүндөгү мелдеш

“Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин” жана “Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө” карата Кочкор районунда мекемелер арасында мелдеш болуп өттү.

23 Апрель 2022 жыл 22:39

Акталаада мугалимдер жана окуучулар «Ааламга саякат» жасашты

Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде «Ааламга саякат» аттуу тренинг өткөрүлүп, ага Польша өлкөсүнөн келген өкүл Эвелина Градзка айым жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.   Иш-чара окуучуларга билим …

23 Апрель 2022 жыл 22:35

Базар- Коргон районунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленүүдө

Иш- чаранын негизги максаты окуучулар арасында китеп окуганга үндөө, аларга китеп окуганды адатка айландыруу, ата-эне балдарына китеп окуп берүүсүнө кызыктыруу болду.

23 Апрель 2022 жыл 18:40

23-апрель-Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. …

23 Апрель 2022 жыл 13:16

Окуучулар көрсөтмө курал жасады

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары география сабагынан көргөзмө куралдарды жасашты. Аларды жасоо үчүн окуучуларга бир жумадан ашык убакыт жумшалган.

23 Апрель 2022 жыл 9:58

Жаңы-Жер: Мектепте ден соолук күнү белгиленди

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Восточный” айылындагы мектепке ден соолук күнү боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бүгүнкү иш-чаранын алкагында мектепте ден соолук акциясы уюштурулуп айлана- чөйрөнү тазалап, жаш көчөттөр отургузулду. Андан …

21 Апрель 2022 жыл 22:27

Акталаада билимдүүлөрдүн «Билерман ордо» таймашы өттү

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өтүп, ага 18 мектептин командалары катышты.

21 Апрель 2022 жыл 17:10

Балаңызды 1-класска электрондук каттоо үчүн арыз толтуруу жол жобосу

Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталган. Кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Каттоонун биринчи этабы 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин уланат. …

21 Апрель 2022 жыл 16:17

Суусамырда эл жана турак- жай фондун каттоо өнөктүгү башталат

Суусамыр өрөөнүндө эл жана турак –жай фондун каттоо иштери башталганы турат. Бул арада Суусамыр өрөөнү боюнча каттоочулар атайын үч күндүк окуудан өтүп, улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан тиркемеге ылайык …

21 Апрель 2022 жыл 15:53

Медиа бурч — мектептин өнүгүүсүнө зор салым кошот

Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылындагы Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинин окуучуларына медиа бурчту түзүү жана жаңылык жазуу, аудио, видео репортаждарды даярдоо боюнча тренинг өтүлдү. Бул тренинг Т. Байбураев атындагы орто …

21 Апрель 2022 жыл 10:42

Эхинококкоздон сактаныңыз!

Эхинококк ыйлаакчасынын өт жолдорун кысуусунан оорулуу саргарып кетиши да мүмкүн. Айрым убактарда эхинококк ыйлаакчасына микробдун кирип кетишинен ал ириңдейт. Мындай учурда адамдын абалы начарлап, дене ууланат, оорулуунун температурасы көтөрүлөт. Өз …

20 Апрель 2022 жыл 16:37

Окуучулар ашпозчу кесиби менен жакындан таанышышты

Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучулары туура тамактануу боюнча жаңы маалыматтарга ээ болуп,  бир күн болсо дагы ашпозчунун кесибине ээ боло алышты. Мындай шартты мектептин …

20 Апрель 2022 жыл 9:39

Суусамыр: Жергиликтүү кеңеш кезектүү отурумга чогулду

Суусамыр айыл өкмөтүндө Жергиликтүү кеңештин 9-кезектүү отуруму болуп өттү. Отурумга катышкан депутаттардын саны 14 болду. Андан тышкары айыл өкмөт башчысы, мектеп жетекчилери, айыл башчылар жана мекеме жетекчилери катышышты.

19 Апрель 2022 жыл 11:33

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...