Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Андарактагы эгин талааларын суугарууга багытталган чоң түтүктөн суу чыкпай калган

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагына СССРдин убагында мамлекет тарабынан коюлган трубадан суу чыкпайт. Суу түтүгү аркылуу айыл аймагындагы эгин талаасын жана жайлоодо жашагандарды суу менен камсыздап турган.

18 Декабрь 2016 жыл 18:58

Андаракта мектеп кайрадан жабылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймаганында тумоологондордун саны көбөйүүдө. Сасык тумоодон улам Сумбула айыл аймагындагы мектептер кайрадан жабылды.

18 Декабрь 2016 жыл 18:25

Тасмада мектептин күндөлүгү жарык көрдү

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде жаңы күндөлүк ишке киргизилди. Күндөлүктө мектептин атын алып жүргөн Сопиев агайдын өмүр баяны берилген.

18 Декабрь 2016 жыл 11:49

Куланакта СПИДге каршы жөө жүрүш өттү

Учурда СПИД оорусу көп болуп жаткандыгына байланыштуу Нарын районунун Куланак айылында СПИДге каршы жөө жүрүш болуп өттү. Бул жөө жүрүшкө айылдын окуучулары, мугалимдери жана медицина кызматкерлери катышышты.

16 Декабрь 2016 жыл 15:57

Учкун: Кимдер жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланды?

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Он сегиз талапкерден он адам жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланды.  

16 Декабрь 2016 жыл 14:57

Сурамжылоо: Жаңы шайланган айылдык кеңештин депутаттарынан кандай иштерди аткарышын каалайсыз?

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештин депутаттаын шайлоо болуп, жыйынтыгында он адам депутаттык мандатка ээ болду. Учкундун тургундары жаңы депутаттардын кандай иштерди аткарышын каалары тууралуу сурамжылоо жүргүзүп …

16 Декабрь 2016 жыл 12:28

Учкунда коён жана көгүчкөндөрдүн түрүн баккан айыл тургуну

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Тургунаалы Борбиев коён, көгүчкөн жана тооктун жаңы түрүн багат. Азыр коёндорунун саны 15 болсо, көгүчкөндөрүнүкү 20га жакын.  

15 Декабрь 2016 жыл 17:40

Чоң-Тогузбайда муз аянтчасы ачылды

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылында муз аянтчасы ишке кирди. Аянтчаны айыл тургуну Курманбек Исаков ачты.

14 Декабрь 2016 жыл 18:53

Куланактагы “Чебер уздар” ийрими

Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Чебер уздар” ийрими он жыл мурда ачылып, ага кыздар катышып келишет.

14 Декабрь 2016 жыл 13:27

Чоң-Арыктын балчысы Бексултан Асанбеков

Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын тургуну Бексултан Асанбеков 15 жылдан бери балчылык менен алектенип келет. Анын иши тууралуу кыскача маек курдук.

14 Декабрь 2016 жыл 13:24

Чоң-Арык айылындагы тегирменчи

Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы тегирмен кызматын көрсөткөндөр аз. Аларды бири Нурлан Атабековдун тегирменине баш бактык.

14 Декабрь 2016 жыл 13:22

Кыргыз тилинде вебинар: «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр”

23-декабрда Бишкек жана Астана убактысы боюнча саат 17:00дө «Лонгрид жасоо үчүн tilda.cc сервиси менен иштөөдөгү техникалык өзгөчөлүктөр” деген темада кыргыз тилинде вебинар өтөт. Жаңы технология, интернет сайттардын өнүгүүсү менен маалыматтардын …

14 Декабрь 2016 жыл 10:13

Кара-Чий де мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү

Кара-Чий айылынын М.Иманалиев атындагы орто мектебинде, 3-декабрь «Майыптар күнүнө» карата мүмүнчүлүгү чектелген окуучуларга жардам көрсөтүлдү жана «Жаныңдагыларга жардам бер!!!» аттуу сүрөт көгөзмөсү болду.

13 Декабрь 2016 жыл 22:10

Терек-Суу айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы таңкы саат 08:00дөн, 17:00гө чейин шайлоонун жүрүшүнө көз салып отурду.

13 Декабрь 2016 жыл 20:14

Куланакта айылдык кеңештин депутаттары шайланды

Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды. «Куланак» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары бул күнү эртең мененки 8ден кечки 8ге чейин шайлоо кандай өтүп жаткандыгына көз салып отурушту.

13 Декабрь 2016 жыл 17:11

Кара-Сууда сасык тумоого кабылгандар көбөйүүдө

Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында сасык тумоо менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Айылдык дарыгерлер ооруга чалдыкканда ФАПка кайрылууну сунушташат.

13 Декабрь 2016 жыл 16:57

Арбында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды

Ноокат районунун Арбын айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Айылдык кеңешке депутаттыкка 13 киши ат салышып, алардын ичинен алтоо депутат болуп шайланды. 

13 Декабрь 2016 жыл 16:52

Ак-Талаада архив имаратынын курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтоп калды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан райондук мамлекеттик архиви 1954-жылда салынган. Архивдин жаңы имаратын салуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылуу жазылып, 2015-жылда куруу иштери башталган болчу. Учурда каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери токтоп …

13 Декабрь 2016 жыл 16:05

Окуучулар сахнада Айтматовдун каармандарын ойношту

Баетов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде 5-11-класстын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Бул “Улуттук адабият күнүнүн” алкагында сынак катары өткөрулдү.

13 Декабрь 2016 жыл 6:34

Куу-Майданда айылдык депутаттар шайланды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында айылдык депутаттар шайланды. Добуш берүү Жапар Нышанов орто мектебинде өттү.

12 Декабрь 2016 жыл 21:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...