Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Кызматтар

Баетовдо китеп дүкөнү ачылды

Баетов айылында жакында китеп дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Бул китеп дүкөндө окуучуларга  керектүү китептер алынып келинген.

26 Апрель 2016 жыл 21:38

Баетов айылында «Ашар» кызматы ачылды

Ак-Талаа районуна биринчи жолу элге кызмат көрсөтүүчү «Ашар» кызматы ачылды. Алар айыл тургундарынан кызмат акы алып, ар кандай жумуштарын аткаратып, кызмат көрсөтөт.

26 Апрель 2016 жыл 21:30

Бруцеллёз үй жандыктарынан жугат

Бруцеллёз ылаңдаткычы эң майда микробдор болуп эсептелет. Бруцеллёз менен көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, топоз, жылкы, буйвол, төө, ит-мышык жана башка жаныбарлар ылаңдайт.

26 Апрель 2016 жыл 21:21

Күнгөй Кожеке айылындагы жалгыз ардагер Кадырбай Чоңмурунов

Кадырбай Чоңмурунов Ноокат районунун Күнгөй Кожеке айылында Улуу Ата мекендик согушка катышкан жалгыз ардагери. Кадырбай Чоңмурунов жаш кезинде эле каардуу согуш башталып, башка жигиттердей сыяктуу эле согушка жөнөп кеткенин айтат.

26 Апрель 2016 жыл 20:54

Учкун: «Алиппе» майрамы белгиленди

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылда белгиленчү «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул майрам өзгөчө болуп, окуучулардын ойлонуусун арттыра турганы менен мурдагысынан айырмаланды. Майрамга үч класс катышып, КВН түрүндө болду.

26 Апрель 2016 жыл 18:47

Учкун айылында ачык эшиктер күнү болуп өттү

«Тарых жана маданият» жылына карата Нарын районунун Учкун айылында ата-энелер менен бирдикте мектепте өтүлүп жаткан тарбиялык иштерге анализ берүү жана сапаттуу билим берүү боюнча ачык эшиктер күнү болуп өттү. Аталган …

26 Апрель 2016 жыл 16:18

Баетовдо Чернобыль апаатынын 30 жылдыгы белгиленди

1986-жылдын 26-апрелинде Украина ССРинин Чернобыль шаарынын аймагында жайгашкан атомдук электр станциясындагы болгон жарылуу ири калктуу өлкөнүн зор аймагын радиоактивдүү булгануусуна, уулануусуна, химиялык жактан талкалануусуна  алып келген.

26 Апрель 2016 жыл 16:11

Кызыл-Туу айылынын орто мектебинде «Жер планетасын сактайлы!» акциясы уюштурулду.

Кызыл-Туу айылында С.Абдылдаева атындагы орто мектебинде «Жер планетасын сактайлы» аттуу акциясы өттү. Акцияга  мектеп мугалимдери, «Жаш натуралистер» ийрими, ата-энелер, шериктеш уюмдар, окуучулар катышты.

25 Апрель 2016 жыл 15:45

Терек-Суунун тургуну «Мопед» техникасын жасап чыкты

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты «Мопед». Бул техника отун аралагычтын моторунан алынып жасалган.

23 Апрель 2016 жыл 22:42

Чоң-Тогузбай айылынын сугат каналы оңдолууда

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы сугат каналы оңдолуда. Айылдыктардын айтымында, канал 1984-жылы кыш мезгилинде салынгандыктан топурак тоңуп цементти тебип кеткен.

23 Апрель 2016 жыл 17:05

Чоң-Тогузбайда алиппе майрамы өттү

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы мектебинде алипе майрамы болуп өттү. Окучуларар кандай ырларды ырдап, бийлерди көргөздү.

23 Апрель 2016 жыл 17:05

Чоң-Тогузбайда таштандылар белгиленген жерге төгүлсө

Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын жашочулары айылдын четинде жайгашкан сууга таштанды төгүүдө. Айыл башынын айтуусунда, таштанды үчүн атайын жер бөлүнгөн. Айрым жашоочулар таштанды ыргыткан жердин бар экендигинен кабарсыз экендиктерин билдиришүүдө.

23 Апрель 2016 жыл 16:50

Кара-Сакалдын тургуну Маршалбек Ташматов дары чөптөр менен иштейт

Сокулук районундагы Кара-Сакал айылынын тургуну Маршалбек Ташматов дары чөптөр менен оорулууларды айыктырат. Ал табыптык менен 25 жылдан ашык убакыттан бери алектенип келет.

23 Апрель 2016 жыл 13:27

Токбай айылына жаӊы мечит салынууда

Сокулук районунундагы Токбай айылынын Исмаил көчөсүндө 120 адам бата турган жаӊы мечит салынып жатат. Тургундардын айтымында, мечитке кеткен каражатты арабдар каржылаган.

23 Апрель 2016 жыл 13:11

Кызыл-Туу айылынын Умай энеси Бүбүкан Айбашова

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Бүбүкан Айбашова үч жылдан ымыркайларды эмдейт. Айылдын жаш энелери Бүбүкан апанын үйүн жакшы билишет, ага коңшу айылдардан келип кайрылгандар да бар.

23 Апрель 2016 жыл 11:03

Гапыр Мадеминов -Финляндияда иш сапары менен!

(Сүрөт фейсбуктан алынды) Сүлүктүлүк даанышман агай, «Кыргыздын Макаренкосу», көп жылдан бери Лейлектеги №3-Гимназиясын түптөп, жетектеп келген, 15 ашуун китептин автору Гапыр Маматкулович Мадеминов, атайын чакыруу менен Финляндияда  иш сапары менен жүрөт.  …

21 Апрель 2016 жыл 23:43

Терек-Суу: Мектепте «Алиппе» менен коштошуу кечеси болду

№12 Курама уулу Турусбек мектебинде бүгүн 21- апрель « Алиппе» майрамы болуп өттү. Биринчи класстар ата- энелерине таланттарын көргөзүп,  ырдап, бийлеп, жыл бою жаттаган ырларын айтып ата- энелерин кубантып жатышты.

21 Апрель 2016 жыл 22:49

Айбек айылында жаңы мончо курулду

Ноокат районунун Айбек айылында жаңы мончо курулду. Мончонун кызматынан пайдалануу 80 сомдон 100 сомго чейин турат.

21 Апрель 2016 жыл 22:16

Терек-Суу: Мектепте «Китеп жумалыгы» болуп өттү

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 20-21-апрель күндөрү «Китеп жумалыгы» болуп өттү. Эки күнгө созулган иш чарада окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артып жатканын айтышат.

21 Апрель 2016 жыл 22:01

Германия Эл аралык Кызматташтыгы Сүлүктүдө.

Германия Эл аралык кызматташтык Коомунун (GIZ)  Кыргызстандагы өкүлдөрү бүгүн 21.04.2016-жылы атайын иш сапары менен Сүлүктү шаарына келди. Буга себеп GIZ долбоорунун Айыл чарбасын өнүктүрүү  программасына мурда сунушталган долбоорду өз ордунда …

21 Апрель 2016 жыл 21:49

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...