Кошбулакта кичи футбол боюнча көмүр өндүрүүчү ишканалардын командаларынын ортосунда достук мелдешүүсү өткөрүлдү. Бул мелдешке көмүр өндүрүп жаткан 22 жоопкерчилиги чектелген коомдун ичинен 9 команда катышты.
Андарактын «Саркент» жайлоосуна кичи электростанция куруу каралууда. Кытайдан келген өкүлдөр абал менен 17-июнь күнү таанышып кетти.
Айылыбызга эң чоң пайдасы тийип жаткан эр-азаматтарыбыздын бири бул Айтбаев Нурланбек. Анын жыгач тилчү пилорамасы бар. Тургундардын үй, имарат, дүкөн жана башка көптөгөн нерселерди курууга керектелет.
Айылыбыздын ооруканасы долбоордун арты менен жаңы жайга көчүрүлүп, имараты жаңыланды.
Кошбулактагы №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын (мурдагы поликлиника) үстүнкү кабаттагы батирлерден түшкөн суу каптады.
Жай мезгилинде турмуш-тиричиликте жашылча-жемиштер көбүрөк колдонулат. Айылдын тургундары Баетов айылындагы борбордук базардан соода-сатык кылышат.
Улуу Рамазан айында жеке Ишкер, шаардык Кеңештин депутаты Карабаев Исманали Джумабаевич өзү туулуп өскөн Элмуратов айылынын жамаатына мечит куруп берди.
Быйыл вакцинация кылууга мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнгөн эмес.мБирок ошого карабастан Ак-Талаа райондук ветеринария бөлүмүнүн адистери тарабынан койлорду күл, уйларды шарп, карасан ал эми иттерди жугуштуу кутурма, эхиноккоз ооруларына карата …
Чынара Добулбекова Таш-Көмүрдөгү шаардык китепкананын башчысы. Ал китепкананын башчысы болуп жакында эле дайындалды. Беш кишинин ичинен тандалып, башчы болду.
Мал доктурлук кесипти айымдар чанда тандашат. Бирок каарманыбыз Кубатова Айнура райондук дарт аныктоо борборунда экспертиза жана серология секторунда сектор башчысы болуп эмгектенет.
Бул бассейн жайгашкан жер тээ Совет доорундагы малкананын чөп жыйуучу жайы болгон. Кийин бул жерлер өкмөттүн карамагына өтүп, андан кийин Муратов Өмүрбек бул жайды ижарага алып бассейин курууну баштайт.
Сумбула айыл округунун Андарак айылында базардын ичинде чоң бир имарат курулду. Анын үстүнкү бети бильярд астыңкы бети чайкана болду. Бул жерде көбүнчө майрамдарда юбилейлерде аш кылып олтурушат.
Айылдагы Сопиев орто мектебинин ашканасында гигиеналык тазалыкты сактоо үчүн ысык жана муздак суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Муну ЮНИСЕФ каржылаган.
Сумбула айылы аймагынын Сары-Дөбө айылындагы «Айданек» бала бакчасы балдарга жакшы тарбия берүүдө. Учурда бала бакчада 59 бала тарбия алууда. Жалпысынан бала бакча үчүн бир миллион сом каражат сарпталган.
Кочкор Халмурзаев Үч-Коргон айылында таза суу боюнча жетектөөчү адиси болуп иш алып барат. “Бизде суу жеткирүүчү трубалардын курулушу 1970-жылдары башталып 75-жылы бүткөн. Трубалар 65 километр узундугунда. 80 пайызы бетондолгон калганы чоюн жана темирден …
Айылыбыздын чыгаан инсандарынын бири, омурунун баарын балдарды тарбиялоого жана окутууга арнаган мугалим эжебиз Маликова Маскура Жекшеновна тууралуу айтып бермекчибиз. Эже жонундо кененирээк маалыматты эженин оз созунон уксак. Мен Маликова Маскура …
Быйылкы жылы Бакай-Ата районунда былтыркы жылга салыштырмалуу төө бурчак тиккен дыйкандар 38% га аз тигишти себеби, былтыркы жылы 1 кг. төө бурчактын баасы 120 сом болсо быйыл 28 сом болуп …
Элмира Акматова жергиликтүү оюнчук дүкөндүн ээси. Оюнчуктарды туура тандоо маселеде дүкөнчүгө балдары жардам берет. Анын үч баласы бар: уулу-Элес, эки кызы -Гулина, Элина. Кеминде он жыл мурун. Элес бир жылга …
Айылыбыздын тургуну Азамкул байкеге эл ыраазы. Азамкул байкенин менчик тойканасы бар. Бул тойканын жери мурда өкмөткө тиешелүү болгон, ал эми Азамкул байке аны сатып алып элдин керегине жараган тойкана салган. …
Исфана-Андарак жолу азыркы кезде ондолуп жатат. Ал жерде жумушчулар, техникалар келип жол оңдоо 10-июндан бери жүрүүдө.