Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Макалалар

Токтоянда мечит оңдолуп түзөлүүдө + аудио

Фото3607

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жалгыз мечиттин курулганына он жылдай убакыт болду. Андан бери мечит эскирип калгандыктан, замандын талабына жараша оңдоп түзөөдөн өтөт, деп билдирди мечиттин имамы.

28 Июнь 2014 жыл 11:01

Өлкөнүн аймактарынан өкүлдөр Кулатов айыл өкмөтү аткарган жумуштар менен таанышты

wpid-20140625_135059

Кыргызстандын ар кайсы облустарынан айыл өкмөт кызматкерлери жана журналисттер Кулатов айыл өкмөтүнүн аткарган жумушу менен таанышуу үчүн келишти. Бул иш-чаранын башкы максаты — эл аралык долбоорунун алкагында үч жыл ичинде айыл өкмөтү кандай өзгөрүүлөргө жетишкени менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу болгон.

25 Июнь 2014 жыл 21:52

Куланак эли жаштар уюму менен бирге жаңы мечитти куруп жатышат + аудио

Куланак - мечит (1)

Нарын районунун Учкун айылдык аймагына караштуу Куланак айылында эки ай мурда жаңы мечит курула баштаган. Учурда мечиттин пайдубалы курулуп бүттү. Мечиттин курулушун жергиликтүү эл жана жаштар уюму каржылап жатат.

25 Июнь 2014 жыл 17:23

Ооган-Талаа: Могол айыл өкмөтү имаратына ижара төлөйт + аудио

Оганталаа

Могол айыл өкмөтү 1978-жылга чейин өзүнүн имаратында турган. Аталган жылдан бери алар Ачы токой чарбасынын имаратында ижара төлөп эмгектенип келишет.

25 Июнь 2014 жыл 17:08

Үч-коргондо гилас сезону ачылды + аудио

1 (7)

Үч-коргондогу багбандардын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл гилас терүү сезону жакшы башталды.

25 Июнь 2014 жыл 11:21

Учкун айылында таштандылар 2-жылдан бери арыла элек

2Учкун айылындагы каналдын антисанитардык абалы чон маселе жаратууда. Анын себеби айыл тургундарынын каналдын жээгине таштандыларды ташташы жана жаныбарлардын олугун сууга ыргытышы болуп саналат.

18 Июнь 2014 жыл 11:09

Жайында балдар кандай эс алышат?

летние каникулы1Жайкы мезгилде баардык балдар бош убактысын көңүлдүү өткөргүсү келет, өзгөчө мектеп окуучулары. Бирок бардык эле ата- эненин мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Жал айылынын мектеп окуучулары, жайкы каникулду кандай өткөрөөрү жөнүндө, балдар ата- энелер жана мугалимдер менен маек курдук.

15 Июнь 2014 жыл 11:11

Учкунда таза суу бузук чорголордон чыгат

wpid-sharkul

Учкунда таза суунун токтоп калышы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Кээде 1-2 күндөп суу болбой калат. Айыл башчы Касымакун Мамырбаев муну тургундардын таза сууну сарамжалдуу колдонбогондугуна шылтайт.

13 Июнь 2014 жыл 15:38

Учкундун жашоочулары бузук көпүрөнү айланып өтөм деп жабыр тартууда

wpid-20140612_102354

11-июнь күнү кечинде Учкун айылынан Шейшенаалы ата конушу менен Асанаалы көчөлөрүн байланыштырып турган көпүрөнү айыл тургуну өзүнүн минген аты менен айланып өтө калам деп каналга кирип кеткен.

13 Июнь 2014 жыл 14:46

Куланакта кыяндын капташы айыл тургундарына көйгөй жаратууда

wpid-20140610_094428

Куланак айылы тоого жакын жайгашкандыктан, кыян көп болот. Бул экономикалык  жактан гана чыгымдарды алып келбестен,  кошуналык мамилелерди да бузуп келүүдө.

12 Июнь 2014 жыл 11:49

Куланак: Тургундардын 40 пайызы кан басым оорусу менен катталган

wpid-20140610_110619

Куланакта күндүн ысышы жана кургакчылык көптөгөн ооруларга көйгөй жаратат. Ал оорулардын бири кан басым оорусу, деп билдирди Куланак айылдык стационардын бөлүм башчысы Майрам Көчиева.

12 Июнь 2014 жыл 11:16

Куланак айылында 54 үй-бүлө гуманитардык жардамга муктаж

unnam65454ed

Жардам алуучу тизмеге тоголок жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирген. Бул жардам «Элим-Жерим коомдук фонду» тарабынан көрсөтүлдү. Буга Аралбаев орто мектебинин соцпедагогу Нурипа Дондошева кайрылган.

10 Июнь 2014 жыл 14:12

Куланактык күнөсканачы Шайлообек тажрыйба катары жүзүм отургузду + аудио

6 (9)

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шайлообек Исаев мындан эки жыл мурда күнөскана ачкан. Андан бир топ убакыт өткөн соң Куланакта алгачкылардан болуп тажрыйба катары жүзүм тиккен.

9 Июнь 2014 жыл 17:48

“Мен жарандык журналистмин”

20140608_151147 (2)2014-жылдын 7-8-июнунда, Кара-Суу айылынын мультимедиа борборунун жаш кабарчыларына “Жарандык журналистика — эркин ой пикирди калыптандыруунун куралы” деген аталыштагы окуу өткөрүлдү. Окуу Кара-Суу айылын мульти медия борборунда өтүп, катышуучулар жараандык журналистиканын принциптери, мүмкүнчүлүктөрү, келечеги туралуу кенен маалымат алышты. Бул иш-чара ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун колдоосу менен уюштурулуп, Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Мэри Бекешова өттү. Мындан тышкары, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Валентина Галич “Айыл үнү”, “БУУнун жаңылыктары ” мобильдик сайттарын колдонуу, таратуу боюнча презентация жасады. Тренингге катышкан жаштар журналистика боюнча пикири жана ойлору менен бөлүштү.

8 Июнь 2014 жыл 16:00

“Китеп – билим чырагы”

indexАкыркы учурда мектеп окуучуларынын китепке болгон кызыгуусу жоголо баштады. Балдар көбүнчө мобильдик телефонго, копьютердик оюндарга берилип, адабий китепти дээрлик окубай калышты. Мунун себептери тууралуу айылдын туругундары менен маек курдук.

8 Июнь 2014 жыл 11:36

Кара-Сууда суу тартыш

wpid-20140607_164036 (2)Чүй обласында жайыл районунун Кара-Суу айылында суу маселеси өтө курч болуп келет. Жаз келгенден баштап күзгө чейин суу талашуу адатка айланган.

7 Июнь 2014 жыл 21:36

Бала бакчага оюн аянтча керек!

wpid-20140607_163426.jpgЧуй облусу Жайыл районунун Кара-Суу айылында 2013-жылы бала-бакча ачылып ийгиликүү иштеп келатат. Бирок бала-бакчанын оюн аянтчасынын жоктугу элди нааразы кылууда. Сейил учурда балдар талаага чыгып ойношот. Балдар учун оюн аянтчаны жеке демилге менен куруу боюнча ата-энелердин пикирин алдык.

7 Июнь 2014 жыл 16:58

Куланакта бүтүрүүчүлөр республикалык сынактын жообун күтүүдө + аудио

5 (3)

Куланак айылында 2014-жылдын 11-кыласынын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты. Алар бир чети мектепти аяктап жатканына кубанса, дагы бир чети мектептен кеткиси келбей жаткандыгын айтышат.

6 Июнь 2014 жыл 18:17

Токтоянда балык өстүрүүчүлөрдүн саны өсүүдө

image-324.jpgТоктоян айылы негизинен малчылык менен белгилүү. Бирок жакындан бери балык өстүрүүгө көңүл бура башташты.

4 Июнь 2014 жыл 17:36

Токойдогу суу алган булактын жанында акыр-чикирлер жылдан-жылга көбөйүүдө

image-313.jpgАйылда суу түтүгүндө суу болбой калганда токтояндыктар сууну булактан алышат. Бирок акыркы кезде ал жерден суу алгандан чоочулап калышты.

4 Июнь 2014 жыл 17:06
Ишенби
14 Бештин айы 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...