Токтоян айылынын 36 жаштагы тургуну Нурлан Маматкулов өзүнүн усталык өнөрү менен айылга салымын кошуп келүүдө.
Жай мезгилинде алыс жана жакында жашаган эл эс алуу үчүн Абшыр-Атага барууну самайт. Бирок ал жактын жолунун начардыгы аларга ыңгайсыздык жаратканын айтышат.
Биздин максат балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу жолдор менен өткөрүү. Биз балдар менен маек курганда алар көп убактысын үйдө үй жумуштары менен өткөрүүсүн айтышты. Алар үй жумуштарын эле аткарбастан ата-энелерине да жардам берип турушаарын айтышат.
Акжигит уулу Майрамбек Жалал облусунун Оогон Талаа айылында жашайт. Үч бир тууган. Ата энеси Жалал-Абад шаарында дүкөн иштетет.
Шермат уулу Бакыт 1999-жылы Жалал-Абад облусунун, Базар-Коргон районунун, Ооган-Талаа айылында туулган. Учурда №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 8-классын аяктады, келечекте чоң скульптор болсом деген тилеги бар.
25-26-июнда Европа Биримдиги жана БУУнун «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерилетүү» биргелешкен долбоорунун алкагында Ноокат районунун Кулатов жана Кенеш айыл аймактарында «Маалыматтык-окутуу иш-сапары» аттуу семинар болуп өттү.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында тынчтыкты сактоо жана толеранттуулукту жаюу үчүн айыл тургундарынан турган топтор түзүлдү. Төрт күндүк семинарга аталган айылдык аймакка кирген кыштактардын жашоочулары катышып, анын жыйынтыгында диний агымдар жана чек ара маселелери боюнча иш алып барчу топтор уюшулган.
Нарын районунун Учкун айылында жалгыз багбан айым бар. Ал 68 жаштагы Турдубүбү Акматова.
Могол айыл өкмөтүнүн имараты жоктугунан ижарада турушат. Биз бул тууралуу айыл тургундарынын оюн билүү үчүн аларга суроо узатып көрдүк. Элдин ою ар кандай болуп чыкты. Кээ бирине мунун эч кандай мааниси жок болсо, айрымдары элдин жардамы менен имарат салып алса дешет.
Нарын районундагы Учкун айылынын жашоочулары таштанды эки жылдан бери тазаланбай, жашоолоруна коркунуч туудуруп жаткандыгын айтышат. Аталган айылдын башчысы Касмакун Мамырбаев жакынкы убакта тазалоо иштери жүрөөрүн айтат.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жалгыз мечиттин курулганына он жылдай убакыт болду. Андан бери мечит эскирип калгандыктан, замандын талабына жараша оңдоп түзөөдөн өтөт, деп билдирди мечиттин имамы.
Кыргызстандын ар кайсы облустарынан айыл өкмөт кызматкерлери жана журналисттер Кулатов айыл өкмөтүнүн аткарган жумушу менен таанышуу үчүн келишти. Бул иш-чаранын башкы максаты — эл аралык долбоорунун алкагында үч жыл ичинде айыл өкмөтү кандай өзгөрүүлөргө жетишкени менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу болгон.
Нарын районунун Учкун айылдык аймагына караштуу Куланак айылында эки ай мурда жаңы мечит курула баштаган. Учурда мечиттин пайдубалы курулуп бүттү. Мечиттин курулушун жергиликтүү эл жана жаштар уюму каржылап жатат.
Могол айыл өкмөтү 1978-жылга чейин өзүнүн имаратында турган. Аталган жылдан бери алар Ачы токой чарбасынын имаратында ижара төлөп эмгектенип келишет.
Үч-коргондогу багбандардын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл гилас терүү сезону жакшы башталды.
Учкун айылындагы каналдын антисанитардык абалы чон маселе жаратууда. Анын себеби айыл тургундарынын каналдын жээгине таштандыларды ташташы жана жаныбарлардын олугун сууга ыргытышы болуп саналат.
Жайкы мезгилде баардык балдар бош убактысын көңүлдүү өткөргүсү келет, өзгөчө мектеп окуучулары. Бирок бардык эле ата- эненин мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Жал айылынын мектеп окуучулары, жайкы каникулду кандай өткөрөөрү жөнүндө, балдар ата- энелер жана мугалимдер менен маек курдук.
Учкунда таза суунун токтоп калышы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Кээде 1-2 күндөп суу болбой калат. Айыл башчы Касымакун Мамырбаев муну тургундардын таза сууну сарамжалдуу колдонбогондугуна шылтайт.
11-июнь күнү кечинде Учкун айылынан Шейшенаалы ата конушу менен Асанаалы көчөлөрүн байланыштырып турган көпүрөнү айыл тургуну өзүнүн минген аты менен айланып өтө калам деп каналга кирип кеткен.
Куланак айылы тоого жакын жайгашкандыктан, кыян көп болот. Бул экономикалык жактан гана чыгымдарды алып келбестен, кошуналык мамилелерди да бузуп келүүдө.