Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, ага беш мугалимден турган “Билим” командасы катышты.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ал чогулушта окуучулардын көйгөйлөрү жөнүндө сөз болду.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган Азиз Таалайбеков быйылкы тоок жылына карата короздун айкелин муз менен жасоодо. Азиз бул айкелди быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн жаңы жылдык кечесине карата жасап жатканын айтты.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарындагы №8154 шайлоо участогунда болуп, ал жердеги даярдыктар менен таанышты.
Нарын районуна караштуу Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден “Айылдык кеңешке депутат болуп калсаңыз, кандай иштерди аткарасыз?” деген суроону узатып, алардын айыл үчүн ишке ашыра турган ой-максаттарын угуп көрдүк.
Жайыл районунун Кара-Суу айылына быйыл калың кар жаап, тургундарга ыңгайсыздыктарды жараткан болчу. Учурда күн жылып, айылдагы кар эрий баштады.
Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Айбек базарында эл соода-сатык менен күн кечирет. Анда иштеген соодагерлерден базардын тазалыгы боюнча сурап көрдүк.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынында 11-декабрда жергиликтүү кеңешти шайлоо өтөт. Бул тууралу Кара-Суу айылынын №336-шайлоо участогунун төрайымы Гүлмира Жумалиева менен маектештик.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Анарбек Токтомбаев 20 жылга жакын убакыттан бери сүрөт жана чийүү сабактарынан берип келет. Анын тарткан сүрөттөрү бир жыл мурун 500 болсо, азыр саны 1000ге чукулдады. Токтомбаев тарткан …
Жайыл районунун Кара-Суу айылына Бишкектеги TES центр уюмунан келген агрономдор айылдыктарга кант кызылчасын себүүнүнүн жолдорун үйрөтүштү.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы Садриддин Айни орто мектебинде аймактык олимпиада өттү. Анда жалпы он мектептин окуучулары катышты.
11-декабрь күнү Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдум болгону жатат. Бул боюнча айылдагы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен маектештик.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын окуучулары бул мектептен билим алып келишет.
Кадамжай районуна караштуу Үч-коргон айылында маалымат бюллетенине суроо-талап жогорулоодо. Бул туралуу айыл тургундары билдиришти.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинде «Асыл мурас» тарыхый музейи ачылды. Бул тууралуу мектеп директору Кумрухон Абдуразакова билдирди.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 2016-жылдын 11-декабрында өтө турган жергиликтү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга карата бардык шайлоо участкалары даяр. Бул туурасында Үч-Коргон айыл өкмөт башчысынын орун басары Мастура Камбарова билдирди.
Баетов айылында 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер өттү.
Токтогул шаарында жол эрежесин бузгандар азайып, айдоочуларга шаар ичинде жүрүүгө бир топ жеңилдиктер жаралды. Токтогул шаарынын негизги көчөлөрүнө жол чырактар коюлуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу шарт …
Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында ишмердүүлүк жүргүзгөн «Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун 2015-жылы жазган долбоору ийгиликтүү өтүп, маалымат бюллетендери чыгарыла баштады.