Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Сүрөт

Кара-Чийде «Кыз-жигиттин сармерден» оюну болду

“Тарых жана маданият жылына” карата «Кыз-жигиттин сармерден» оюну 2016-жылдын 8-октябрында болуп өттү. Бул иш чара 9-класстын окуучу кыздары жана 10-класстын окуучу балдарынын катышуусунда болду.

10 Декабрь 2016 жыл 23:40

Кызыл-Булак: Айылдык кеңештин депуттатары кандай шайланат?

Ноокат районуна карашттуу Кулатов айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңешти шайлоо туурасында Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров менен маек курдук.

10 Декабрь 2016 жыл 21:50

Сурамжылоо: Конституцияга киргизип аткан түзөтүүлөргө оюңуз кандай?

«11-декабрда Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан референдумга барасызбы? Конституцияга киргизилип аткан түзөтүүлөргө оюнуз кандай?» деген суроолор менен Баетов айылынын тургундарына кайрылып, оюн уктук.

10 Декабрь 2016 жыл 14:42

Кеңеш айыл аймагынын окуучулары арасында «Тамашоу» болду

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын мектептер аралык «Тамашоу» болуп өттү. Сынакка айыл аймак боюнча беш мектептин окуучулары катышты.

10 Декабрь 2016 жыл 8:52

 Чоң-Тогузбайда драма коюлду 

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29-мектебинде окуучулардын күчү менен даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу драма коюлду.

10 Декабрь 2016 жыл 0:49

Баетовдо жаш мугалимдердин интеллектуалдык таймашы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, ага беш мугалимден турган “Билим” командасы катышты.

9 Декабрь 2016 жыл 20:31

Куу-Майданда ата-энелер чогулушу болуп өттү

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ал чогулушта окуучулардын көйгөйлөрү жөнүндө сөз болду.

9 Декабрь 2016 жыл 19:29

Сүрөт баян: Мектеп окуучусу короздун айкелин муз менен жасады

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган Азиз Таалайбеков быйылкы тоок жылына карата короздун айкелин муз менен жасоодо. Азиз бул айкелди быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн жаңы жылдык кечесине карата жасап жатканын айтты.

9 Декабрь 2016 жыл 15:26

Кызыл-Кыяда шайлоого карата даярдыктар жыйынтыкталды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя шаарындагы  №8154 шайлоо участогунда болуп, ал жердеги даярдыктар менен таанышты.

9 Декабрь 2016 жыл 13:40

Мультимедиадагы алгачкы жетишкендик

Нарын районуна караштуу Куланак мультимедиа борборунда көптөн бери мугалим жана ыктыярчы болуп иштеп келе жаткан Айзат Түмөнбаева сынакка катышып смартфон утуп алган.

9 Декабрь 2016 жыл 11:55

Сурамжылоо: Айылдык кеңешке депутат болуп шайлансаңыз, кандай иштерди аткарасыз?

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден “Айылдык кеңешке депутат болуп калсаңыз, кандай иштерди аткарасыз?” деген суроону узатып, алардын айыл үчүн ишке ашыра турган ой-максаттарын угуп көрдүк.

8 Декабрь 2016 жыл 20:07

Кара-Сууда кар эрип жатат

Жайыл районунун Кара-Суу айылына быйыл калың кар жаап, тургундарга ыңгайсыздыктарды жараткан болчу. Учурда күн жылып, айылдагы кар эрий баштады.

8 Декабрь 2016 жыл 19:07

Кызыл-Кыядагы Айбек базарынын тазалыгы кандай?

Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Айбек базарында эл соода-сатык менен күн кечирет. Анда иштеген соодагерлерден базардын тазалыгы боюнча сурап көрдүк.

7 Декабрь 2016 жыл 22:26

Кара-Сууда жергиликтүү кеңешти шайлоого карата даярдыктар көрүлүүдө

Жайыл районунун Кара-Суу айылынында 11-декабрда жергиликтүү кеңешти шайлоо өтөт. Бул тууралу Кара-Суу айылынын №336-шайлоо участогунун төрайымы Гүлмира Жумалиева менен маектештик.

7 Декабрь 2016 жыл 18:28

Учкундагы 1000ге чукул сүрөттүн автору Анарбек Токтомбаев

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Анарбек Токтомбаев 20 жылга жакын убакыттан бери сүрөт жана чийүү сабактарынан берип келет. Анын тарткан сүрөттөрү бир жыл мурун 500 болсо, азыр саны 1000ге чукулдады. Токтомбаев тарткан …

7 Декабрь 2016 жыл 18:28

Кара-Суунун дыйкандарына кант кызылчасын себүүнүн технологиясы үйрөтүлдү

Жайыл районунун Кара-Суу айылына Бишкектеги TES центр уюмунан келген агрономдор айылдыктарга кант кызылчасын себүүнүнүн жолдорун үйрөтүштү.

7 Декабрь 2016 жыл 14:39

Үч-Коргондо предметтик олимпиадалар өткөрүлүүдө

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы Садриддин Айни орто мектебинде аймактык олимпиада өттү. Анда жалпы он мектептин окуучулары катышты.

7 Декабрь 2016 жыл 1:23

Куланакта жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдыктар жүрүүдө

11-декабрь күнү Нарын районунун Куланак айылында жергиликтүү айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдум болгону жатат. Бул боюнча айылдагы шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү менен маектештик.

6 Декабрь 2016 жыл 22:24

Терек-Суу айылындагы авариялык абалдагы мектеп качан оңдолот?

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын  окуучулары бул мектептен билим алып келишет.

6 Декабрь 2016 жыл 19:31

«Үч-Коргон» маалымат бюллетени иштей баштады

Кадамжай районуна караштуу Үч-коргон айылында маалымат бюллетенине суроо-талап жогорулоодо. Бул туралуу айыл тургундары билдиришти.

6 Декабрь 2016 жыл 16:35

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...