Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Темалар

Кара-Талаа айылында мал ѳстүрүү фермасы уюшулду

Улахол айыл аймагына караштуу Кара-Талаа айылынын тургуну Мырзалиев Бакы чакан мал ѳстүрүү фермасын ачты.

26 Март 2016 жыл 15:45

Өрөөндүк «Манас» таануу сынагы Учкунда болуп өттү

Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрөөндүк «Манас» таануу сынагы болуп өттү. Сынакка Куланак жана Пионер айылдарынын жаш манасчылары келишип күч сынашышты.

25 Март 2016 жыл 17:28

Токтоян: Мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТга даярданып жатышат

Токтоян айылынын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) январь айынан тарта даярданып жатышат. 

24 Март 2016 жыл 17:27

Токтоян: Окучулар райондук сүрөт сынагына даярданууда

«Тарых жана маданият жылына» карата аймактардан атайын сүрөт багытындагы сынак уюштурулуп жатат. Анын максаты — ата-бабалардын калтырган мурасын жана салт-санаасын кагаз бетине түшүрүү.

24 Март 2016 жыл 14:58

Токтоян: Ашырбай Коёнкѳзов атындагы орто мектепте англис тил ийрими ачылды

Токтоян айылындагы №18 жалпы орто билим берүү мектебинде англис тил сабагынан кружок өткөрүлүп жатат. Кружокко мектептин каалаган окуучулары катышып алар, англис тилин өздөштүрүп, тилди жакшы үйрөнүшүп билимин дагы тереңдетип жатышат.

24 Март 2016 жыл 11:18

Тасманын баскетбол командасы ийгиликтерди жаратууда

Асан Сопиев мектебинин баскетбол командасы ийгиликтерге жетишип жатат. Команда жыйырма кишиден турат, алардын ону кыз жана ону бала.

23 Март 2016 жыл 18:02

Тасмада «Бирге окуйбуз” долбоору өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев мектебинде “Бирге окуйбуз” долбоору октябрь айынан бери иштеп келүүдө. Бул долбоордун алкагында окуучулар ата-энелер менен биргеликте китеп окуп, суроолорго жооп беришет.

23 Март 2016 жыл 17:18

Жал: Р.Мамыралиев мектебинде сармерден өткөрүлдү

   Быйылкы жыл «Тарых жана маданият » жылы болгондуктан Р.Мамыралиев мектебинде окуучулар арасында сармерден болуп өттү. Ага 8-9-класстардын таланттуу окуучулары катышышты. Салтанатты  мектеп жааматы уюштуруп, окуучулар арасында сармерден биринчи жолу …

23 Март 2016 жыл 16:48

Жал айылындагы чебер айым Бүбүзуура Ажымүдүнова

Бубузуура Мукараповна  45  жылдан бери  мугалимдик кесипти   аркалап келет.  Ал эми  узчулук, чеберчилик өнөрүн 12 жашынан баштап үйрөнүп, азыркы учурда  көптөгөн сыйлык граммоталардын ээси. Аты аталган чебер айым  узчулук өнөрдү …

23 Март 2016 жыл 14:33

Тасмада үрөн тазалоочу жай элге кызмат кылууда

Тасма айылында үрөн тазалоочу жай үч жылдан бери иштеп келет. Бул жайда талаага себилген арпа, буудайдын үрөнү тазаланат.

23 Март 2016 жыл 13:44

Тасмаданын “эң жашыл классы” болуп 5-б класс аныкталды

Асан Сопиев мектебинде “Ысык-Көлүм ыйык мурасым” акциясынын алкагында “Эң жашыл класс” сынагы 1-11-класстар арасында өтүлдү. Сынактын жыйынтыгы атайын көрсөткүчтөрдүн натыйжасында аныкталды.

23 Март 2016 жыл 13:20

Тасмада дары чөптөр тууралуу окуучуларга маалымат берилди

Тасма айылынын Сопиев мектебинде 6-классынын окуучуларына дары чөптөр темасында ачык тарбиялык саат болуп өттү. Бул сабакта окуучуларга дары чөптөрдүн түрлөрү алардын пайдасы тууралуу айтылды.

23 Март 2016 жыл 13:15

Чоң-Тогузбай: Спорт чебери Асылбек Ракым уулу 11 жылдан бери спорт менен алектенет”

Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Асылбек Ракым уулу бокс, вале-тудо боюнча спорт чебери наамына ээ болгон. Кулатуу боюнча КМС (спорт чебери) наамын алган.

23 Март 2016 жыл 12:43

Тасма: Көптөгөн ийгиликтерди багындырган спортчу Эламан

Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эламан Асылбек уулу 7 жылдан бери грек-рим күрөшү менен алектенет. Спортчу райондон, облустан, республикадан эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды …

23 Март 2016 жыл 12:24

Кулатов айылында жаңы жыл майрамы

Бул күн мусалман элинин жаңы жыл майрамы. Жаз келип жер жарылып чөп чыккан күн, ай менен күн теңелген күн, кыргыз эли эзелтен бери майрамдап келген майрамы Кулатовто да өткөрүлдү.

23 Март 2016 жыл 1:58

Учкунда бала бакчанын аянтын оңдоо үчүн чакан концерт уюштурулду

Учкунда «Салам Нооруз» аттуу балдар бакчасынын тарбиялануучулары концерт коюп беришти. Элдин саны көп болуп 50 сомдук билеттер бат эле сатылды.

22 Март 2016 жыл 18:10

Клооп «Жай-2016» 1-журналистика мектебине катышуу үчүн сынак жарыялайт

    Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынак Кыскача Сабактар качан башталат? 6-июнь, 2016-жыл Сабактар каерде болот? Бишкек шаары, Огонбаев көчөсү 222, «Клооп Медианын» кеңсеси Сабактар канчага созулат? Алты апта (6-июнь — …

22 Март 2016 жыл 9:31

Үч-Коргондо «Коопсуз мектеп үчүн биргелешкен күч аракеттер» тегерек столу болуп өттү

Өткөрүлгөн тегерек стол үч айлык иш аракеттердин жыйынтыгын камтыган. Бул туурасында Рано Турсуналиева билдирди.

21 Март 2016 жыл 4:02

Тасма: «Бейиш эненин таман алдында» тарбиялык саат болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Тасма айылында 8-март аял затынын майрамына карата 5-классынын ачык тарбиялык сааты болуп өттү.

20 Март 2016 жыл 23:21
Шейшемби
22 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...